Форель алтынга тете пайда алып келет. Экономика министрлигинин программасы

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүФорельди кармоо. Архив
Форельди кармоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2023
Жазылуу
Өлкөдө балык чарбасы өзгөчө Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында өнүккөн.
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстан форель сатуудан жылына 900 миллион долларга чейин киреше таба алат. Бул тууралуу Экономика министрлиги тарабынан даярдалган 2023-2026-жылдарга карата улуттук экспорттук программада (азырынча министрлер кабинети беките элек) жазылган.
2021-жылы өлкө 17,4 миллион долларлык балык, моллюск, рак түрүнө кирген сууда жашоочу башка жандыктарды саткан. Анын 94,4 пайызы Казакстан менен Россияга экспорттолгон.
"Кыргызстанда 200 миң тоннага чейин балык өстүрсө болот. 2021-жылы анын экспорттогу баасы — бир килограммы 4,5 доллардан болгон, мындай нарк менен өлкө экономикасына 900 миллион доллар алып келүүгө мүмкүн. 2021-жылы Кыргызстандын жалпы экспортунун көлөмү 1,6 миллиард долларды түзгөн", — деп жазылат программада.
Балык чарбасы Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында өнүккөн. Ошол эле учурда ХАССП стандарттарына шайкеш келген балыкты кайра иштетүүчү бир нече цехтер керек. Балык чарба тармагында да бир катар көйгөйлөр бар экендиги белгиленген. Алар — балыктардын оорусун тез аныктап, дарылоо үчүн лабораториялар, тажрыйбалуу ветеринарлар, ихтиолог жана ихтиопатологдордун жоктугу. Мындан тышкары, жем ташуудагы тоскоолдуктар жана анын баасынын өзгөрүп турушу.
Эске салсак, Кыргызстандын экспортунун басымдуу бөлүгүн алтын түзөт.
Улуттук статистика комитетинин алтынды экспорттоо боюнча маалыматы:
2019-жылы — 832,9 миллион доллар;
2020-жылы — 987 миллион доллар;
2021-жылы — 1,4 миллиард доллар (мында сатылган алтындын көп бөлүгү КР Улуттук банкынын резервинен болгон);
2022-жылы (январь–ноябрь) — 1,1 миллион доллар. (2021-жылдын экинчи жарымында жана 2022-жылы алтындын көп бөлүгү сатылчу Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясы аркылуу алтын сатуу токтотулган).
Балык чарбасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2022
Ысык-Көлдө балык чарбасын өнүктүрүү үчүн жаңы борбор курула баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0