Алмамбет баштаган колдун жол жүрүшү. Улуу баяндан 8 факт

© Фото / Теодор ГерценТеодор Герцендин Манас эпосуна тартылган сүрөтү
Теодор Герцендин Манас эпосуна тартылган сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2023
Жазылуу
Буга чейинки баяныбызды Алмамбеттин кан көтөрүлүшү, анын аскер башчы болгонун айтып бергенбиз. Бул сапар кармашка аттанган кошуундун абалы, Манас баатырдын осол болушу жана Алмамбеттин колду өргүткөнүн баяндайбыз.
Манастын Кыргыл чалга айтканы. Кырктын башы Кыргылдын, кылымды жеңген дыңгылдын кыйкырып айткан кептерин таңшап кыраан Манастын кыл муруту солк этти. Ал оройлукту кой деди, капалыкты жой деди, оён Алма – каныбыз, айтканына көн деди, эми он башыңа барыңыз, тартип менен жүрүңүз деди. Ушундай деди да Манас атына камчы басып, андан ары жүрүп кетти. Муну көрүп Кыргыл чал атайын үмүт этип келген баатырдан түңүлүп: "Манасың менен куруп кал, казатың менен чирип кал, калмагың менен чогулуп баарың жерге кирип кал, Бээжиниң менен берен кал, кытайың менен кыргын кал", – деп эси ооп, эндиреп туруп калды. Ушул кезде Кыргылды он башысы Бозуул артынан издеп жүргөн экен, ар кимден "жолу каткан бир чалды, кедери кеткен бир чалды" көрдүңөрбү деп сурап келип калды. "Барба десе болбойсуң, Алмамбет, Манас биригип, сенин тилиңди алдыбы" деп келип он башыга тил албай кеткениң үчүн байлатып алып ура турганын айтканда Кыргыл чал жоошуп, он башыны чыгарган ойрон калмак оңбосун дейт да, Акборчук аты менен зыңкыйып тогузга онунучу болуп кошулуп кетет.
Манастын дүрбү салышы. Кыргылдан ары кетип, бирок аксакал кишини укпай койгонго ичтен дүпөйүл болуп турнабайын алыптыр эр Манас. Айнек оозу кызарган, алты имерип чойгондо, кылабына койгондо жарым кездей узарган, тиктегенин өлтүргөн, алты күндүк жолдорду аркан бою келтирген турнабай экен анысы. Кырга чыгып Манас аскерлерин кыдырата карап жатты: жетелөөдөн кош кетип, кош ат колдон бош кетип, эки көздөн төгүлгөн он эки талаа жаш кетип, оогон жакка баш кетип, өбөктөгөн көп экен, өөдө болуп бастыр деп, жөлөктөгөн көп экен. Жедеп шайы кеткенди чатырга кошо бүктөшүп отун арткан эмедей экиден атка артып алышыптыр. Ороп туруп белинен аргамжы менен тартышып, айдап жүргөн андан көп. Кай бирөөнүн он башысы бирөөн да таба албай калса, кай бир миң башысына миңдин бири тил албайт. Бирөөлөрү казып көргө кире албайт, бирөөлөрү кимдин ким экенин биле албайт. Ушуларды карап көрүп Манас кейиди, ашыгып жүрүш бекер окшойт, мындай болсо кол кырылып кетер деп, ушунча аскер кырылса убалы кимге жетер деп кейиш менен Алмамбет канга жөнөдү.
Манастын Алмамбеттен суранычы. Эңкейген сары талаада Алмамбет эгиз туусун көтөрүп, Сарала атын теминип жол баштайт. Жаныбар Сарала ат баладай жалы былкылдап, макмалдай жүнү кылтылдап, басыгын салып зыпылдап, төрт аяктын такасы, таш кагышса чыртылдап барат. Бул Алмаң эми эле жолго чыккандай күүсүндө, бардашы чыныгы бадышадай. Манас баатыр Алмамбетти алыстан көрүп, байрак булгап чакырды. Анын үнүн угуп, булгалаган байрагын көргөндө Алмамбет ушул тушта Күмсаранын Ач-Бели деп аталчу жер бар эле, ары жагы эле Жолойдун көп эли. Ошолор биздин колго бөйрөктөп уруш ачканбы, аны көрүп эр Манас мени көздөй шашканбы деп ойлоду да, айткан кебин угайын деп токтоп калды. Манас болсо канды урматтап артынан келип салам айтты, алик алып бул кандай шашылыш дегендей баатырды карады. Анда Манас ат минип, жолго түшкөнгө сексен эки күн болгонун, жер жайнаган көп колдун үстүнө каран түн болуп, шайы кеткенин, өлүмгө чукул жеткенин айтып, эс алып консок кантет дейт да, Кыргыл чалдын арызданып келгенин кабарлайт.
Манас эпосу. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
Чоң казаттын алдындагы Каныкейдин сарамжалы. Улуу баяндан 7 факт
Алмамбеттин аскерлерин карашы. Манастын айткан сөзүнө Алмамбеттин ачуусу келди аябай, "катыгүн, төрөм, не дейсиң, аксакалга шылтоолоп, алсырап калган кедейсиң" деп, жарабаса кандыгым, кандыгыңды алгының, Кыргыл чалым өлдү деп өкүргөнүң коюңуз, Кыргылың өлбөй жол болбойт, Кыргыл чалың өлбөсө, кыяматты көрбөсө кыргыздын иши оңолбойт дейт да, астындагы Сарала атка камчы басып жүрүп кетет. Муну көрүп Манас кол башчы Алмамбеттин атасына ырахмат айтат, Кыргыл доңуз кылдың деп, Кыргылдын тилин алам деп шагым жаман сынды деп, Аккула атын жай бастырды. Жаалданган Алмамбет дагы күндүк жолду унчукпай катуу жүрдү да Шараптын кырына жетип, колдун эсебин алууга токтоду. Шу кезде кырк бир күнү, кырк бир түнү жол жүрүп, жаамысы сексен эки күн болуптур да. Ошондо ал дүрбүсүн алды. Булгаарыга каптаткан, бурамалуу каркыттан, оозуна жакут орноткон, алты имерип толготкон, айнеги чаңдап калат деп ак кадек менен ороткон турнабай экен. Аны алтымыш уста, кырк зергер жасаптыр. Сабы болоттон, кабы бой тумар дүрбүнү салса чын эле аскердин көбү көшүүн тартып алыптыр, жолго жүрбөй калыптыр. Асты келет айдалып, арты келет сарпооштонуп байланып. Көпкө ойлонуп Алмамбет Кобулдуунун өзөнгө жетип, колдун арты келгенде ушул жерде конууга урксатын билдирип, алтын доол кактырды. Карап тургандын боору ооруйт: бири баса албай жерди сүзсө, бири атынан түшө албай теңселип бир жагына оойт, бири болсо өлүм ушул белем деп сулап жатат. Аттарын байлай албай, акырет кетчү немедей, аңтарып көзүн уктаганы бар. Көлүктөрүнүн биринин ээри кетип боорунан, куюшкан кетип соорунан, биринин ээр-токум калдырап, ооздугу шалдырап жүрөт. Алмамбет карап турса ошол аттар Табаңдынын суусуна чубап жөнөдү, эгер барып ысык суу ичип алса, баарына жоор чыгар деп аттарын кармоого, кырып албоого буйрук кылды. Өзү ак доолду карс коюп, Алмабаш мылтык тарс коюп, ач кыйкырык салып жүрөт, аттардын алдын тосуп жүрөт. Алмамбет аттын баарын дүргүттү, адамдын баарын үркүттү, ыштан салды кылгандар ыргып тура калышып, шымын бутка салышып, мүдүрүлүп жыгылып, жүрөк оозго тыгылып, ычкырларын үзүшүп, үстөмөндөп түшүшүп, алсырап барган көпчүлүк аркы-терки сүзүшүп, кыйрап жаткан андан көп. Калмактын бул кылыгы неси деп Алмамбетти сөгүп жаткан мындан көп.
Алмамбеттин Уркун дайра кечиши. Мурадылды таппай калышы. Эл ушинтип элдирешип атканда, ээ-жаа бербей аттары сууну көздөп шашканда Алмамбет кеп айтат:"Ээ калайык, — деп айтат. — Алды жаңкы баткалда, Жадоо, Чулун, Чаткалда, Кокон менен Кашкарда, Букар менен Ташкенде, Сары-Арка менен Сары-Колдо жайылган элиң оң-солго, Иле менен Чүйүңдө, жатып алып үйүңдө кыйгыл суудан бир жутсаң кыздын тынчын аласың, кыйынмын деп каласың, ачкыл суудан бир жутсаң ат уйкусун аласың, айылга дүрбөөн саласың". Ушинтип анан али Бээжин алыс экенин, аттарын таңга ашырып, анан уктоо керектигин айтып, кимдин аты жоор болсо жаныңар тирүү калбайт дейт. Эр экен го куу кытай, элден ашык тың экен, эч бир ноюп койбойт деп ыраазы болду көпчүлүк. Алмамбет ойлонот: эми Уркун дайра кечейин, анан куу, өрдөк жаткан көлү бар, Ак-Кулжа кароол бели бар, Кырмус шаанын Мурадыл ушул жерди жайлайт, ошого чалгын чалайын. Ушинтип буудан күлүк Сарала аттын бучкагына камчы салды да, Күн чыгыш карай жол алды. Бешимде Уркундун улуу суусуна жетип келди. Оо бу дайра капырай, "башынан мөңгү бузулуп, ар туштан алтымыш дайра кошулуп, капкара болуп ыраңы, кан жыттанып жошулуп, карагайы менен тал агып, кайың менен сал агып, караргандын баары агып, үстү жагы көбүктөп үйөр жүрүп алыптыр, үзүктөй таштар үстүндө күлдүрттөп агып калыптыр, ак көбүгү бурулуп, аркы-терки урунуп, агыны катуу улуу суу чамгарактап калыптыр". Суунун тийген буусуна жээгиндеги жекендер башын ийип желпилдейт, камыштын баары калкылдайт, аттай кара балыктар ар-ар жерден атылып түшүп жаркылдайт. Алмамбет баатыр ошол сууга кирип барды, сууга түшүп жоголду, жоголуп барып оңолду, аты болду улактай, өзү агат тумактай. Дайранын ортосуна келгенде атынын аттанар жагына ооп түштү. Болбой эле оозукка оң бармагын салды, салаңдап алып, ит балдак уруп бара берди. Акыры аман чыкты чоң суудан. Чыгары менен эле шымын шаркырата сыгып, канатынын баары карк алтынга капталган, куйругунун баарысы чылк күмүшкө чапталган куу өрдөк жатса көлүндө ошону атып алек кылсам деп ойлойт. Бу ойлогон өрдөгү аяр экен, алыстан көрүнүп асмандап учуп жөнөдү. Өрмө өтөктө оттоп жүргөн Аккулжа да качып жоголду. Кырмус шаанын Мурадыл кырк күнү ушу жерде жатып, шашкеде кеткен экен, Алмамбет бешимде барды ал жерге. Капырдан жолум үйдөй чогу, жаадан калган огу жатыптыр жаңы эле жылганын билдирип. Эр Алмамбет аттиң кылды, кез келбедим деп арманын ашкере айтты. Мурадылга кутуруп кулан атыптыр, кубанычка минтип батыптыр, буулугуп булан атыптыр, бу жерде кырк күн жатыптыр, эртерээк мында келгенде кыргын салсам болмок да, оң бөйрөктөн салбадым, олжолоп атын албадым, солкулдаган сыр найза сол бөйрөктөн салбадым, сонун күлүк бууданды топтотуп айдап албадым дейт бир күн мурда келбегенге, куу өрдөгүн учуруп, кулжасын кетиргенге аттиң кыла.
Манас эпосунан Теодор Герцендин иллюстрациясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2023
Манастын колу аттанып Бээжинге бет алышы. Улуу баяндан 7 факт
Кол башчы көргөндөрүн колго айткандары. Ар жагына караса, адам жүрөр жери жок, ач кайкалаң бели жок, кашыктай болгон кары жок, калактай болгон жары жок, караган, бута, баары жок, томуктай болгон тоосу жок, токум батар коосу жок, көз учунда мунарык, көз жетпеген тунарык, ээн талаа, эрме чөл экен. Ошол жерден Алмамбет Көк-Аргындын кыядан бура тартты ат башын. Жетинчи күн эл уктаган кезинде аскерине келип жетти. Өлүп калган адамдай, өз башын жерден ала албай, талып калган адамдай, далысын жерден ала албай өлүк сымал жатты. Сегиз күн өттү. Адамдар өлүп калды деп ойлоду, өлүк десе, дем алганын койбоду. Бир күнү уйкусу канганда Уркун дайрадан кантип черүүнү өткөрөм деп ойлоду. Анан Манас баштаган кырк баатырдын алдына келди. Көрүп-билгенин айтып берди. Тоо көрүнбөс талаа барын, адам уулу өтпөгөн толуп жаткан балаа барын, түктүүдөн: катын аюу, алаткак, киши кийик, төө кийик, кайып адам, убара, чаркөө, чыңыроон, жабыр-баян, жадоочу заңгар, мүйүздүү адам барын айтат. Адамды көрсө үстүнө жаба чычуучу, чычкан жери ок болор, тийген адам жок болор, күйүп-жанып чок болор аркалар деген кушу барын айтат. Ал кезиксе ат ичмегин же өтүктүн батегин алып, отко салып ага каршы кармап турсаңар, ат тери менен адам теринен акылы кетип уча албай калат деп үйрөтөт жалпыга. Алдыда Уркун суу барын, ошол сууну кечерде Күндү жайлап, жай ташты сууга байлап, суунун агымын азайтарын айтат. Азырынча азыктарды алгыла дейт.
Алмамбеттин жай ташы. Сандыргалуу Алмамбет жай ташын сууга байлады, тегерете терс окуп, тескери дуба нече окуп, касыйдадан кат окуп, калмакча дуба жат окуп бүткөн соң жаканын баары жамгырлап, бөксөнүн баары мөндүрлөп, туурадан туман дүркүрөп, кыбыладан кызыл мунар күркүрөп, аязына чыдабай, адамдын баары зиркиреп, арыктуу жерлер жыгындап, аңдуу колот тыгындап, асмандан алты сай мөндүр шыбыргак борошолоп, бургулап, карандай мөндүр шыбыргак каршы-терши ургулап, тоолорго толук кыш болду, жакага жалтыр муз болду. Бир жумадан бир жума күн ачылбай жай чилдеде кыш тоңду. Анан Алмамбет эки кулач көк чыбык жай ташын суудан алыптыр да, оң буту менен сууну кечиптир, он бир дуба түйүнүп отуруп алып чечиптир, ошо кезде ободогу көк булут оодарылып кетиптир. Булут калбай шамал айдады, туман калбай шамал айдады. Чымын менен чымчыкка жан кирди. Калкан калкылдап, алтын тондор жаркылдап, калың кол баштап Алмамбет Кара Уркун дайрага жетип барды шартылдап. Дарыя какшып соолуп, таш көрүнүп даңкайып, агынды болгон дөңгөчтөр ар жерде жатыптыр каңкайып. Өгүздөй кара балыктар өлүп жатат тороюп, таштар турат сороюп. Аскерлерден бир адам да коробой, аман кечип өтүштү. Аркы өйүзгө барышып, аралга конуп алышып, ар кошуна бир жылкы ай туякка чалышып, Алмамбетке алкыш жаадырды.
Кол кыштай турмак болду. Алты күн ал жерге конуп, жылкы этине тоюп, жетинчи күнү жолго чыкты. Бир кез аркары кумдай куюлган жерге жетти, аркары киши тааныбайт, аскерлер аркаларды найза менен коюшуп, беш-алтыдан союшуп, аппак майга тоюшуп, бугулар менен оюн салып кыйла кызыкка батты. Курбусунда кулжа бар, талаасында сары бар, токоюнда чаары бар, куланы кутуруп ойногон, бөрү, түлкү жойлогон, чымыны чымчыктай, чычканы күчүктөй, дөгөчү деген жалбырагы төрт канат үйдүн үзүктөй, жекени желектей, камыш кере кучак челектей бир керемет жер экен. Үчүнчү күнү бир суулуу жерге жетишти, ал жерден Сапыраң деген куу көрдү. Короолусу короздой, корозу көнөктөй, балтырканы билектей, маралдары инектей, алмасы бар аяктай, кымыздыгы таяктай, алчалары кунан койдун жүрөктөй бул да бир жер экен. Бул жагы да чөл болуп, ал жагы да чөл болуп адам уулу жетпептир. Ушул жерде Алмамбет кеп айтат, ушул жерди байырлап тургула деп айтат. Кысылсаңар кайып, ачыксаңар аркар, буулуксаңар бугу, кутурсаңар кулан атып бул аймакта кыштайсыңар, жолдо тарткан азабыңар ушул жерде басылат дейт. Атыңарды байлабай айдап ийип, ары-бери жөө басып, улооңорду урушка чыгарда издегиле дейт. Ушинтип алар ушунда төрт ай жатты, кар кетип, ат семирип нык болду, урушу жок адамдар өзүнчө эле бук болду. Анан согушту самап калышты...
Теодор Герцендин Манас эпосунан иллюстрация. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2023
Алмамбет баатырдын кан көтөрүлүшү, анын аскер башчы болушу. Улуу баяндан 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0