Сергектик, спорт, чың ден соолук. Быйылкы "Жаз деминен" алынган ирмемдер
Сергектик, спорт, чың ден соолук. Быйылкы "Жаз деминен" алынган ирмемдер
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте быйыл да Bakai Bank Jaz Demi жарым марафону өттү. Спортко кайдыгер карабаган кыргызстандыктар беш түргө бөлүнгөн аралык менен өзүнүн мүмкүнчүлүгүн... 23.04.2023, Sputnik Кыргызстан
Чоңдордон сырткары, балдар үчүн да атайын аралыктар каралган. Уюштуруучулар 3-5 жаштагылар үчүн 100 метрди, 6-8 жаштагылар 300 метрди, ал эми андан чоңураактарга жарым чакырымды, өспүрүмдөргө бир чакырымды белгилеп беришкен.Жарышта жаш курак чектелген жок, алтымыш жаштан өткөндөр да келди. "Аска-Таш" мемориалдык комплексинен 3 500 жөө күлүк старт алып, мара ошол жерде болду.Ал эми жарым марафондун максаты массалык спортту өнүктүрүү экенин айтышты. Иш-чараны Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурду.Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу Bakai Bank Jaz Demi иш-чарасынын маалыматтык өнөктөшү болуп саналат.
Бишкекте быйыл да Bakai Bank Jaz Demi жарым марафону өттү. Спортко кайдыгер карабаган кыргызстандыктар беш түргө бөлүнгөн аралык менен өзүнүн мүмкүнчүлүгүн сынап көрүштү. Тагыраагы, алар беш, он, жыйырма бир жана бир чакырымга чуркашты.
Чоңдордон сырткары, балдар үчүн да атайын аралыктар каралган. Уюштуруучулар 3-5 жаштагылар үчүн 100 метрди, 6-8 жаштагылар 300 метрди, ал эми андан чоңураактарга жарым чакырымды, өспүрүмдөргө бир чакырымды белгилеп беришкен.
Жарышта жаш курак чектелген жок, алтымыш жаштан өткөндөр да келди. "Аска-Таш" мемориалдык комплексинен 3 500 жөө күлүк старт алып, мара ошол жерде болду.
Ал эми жарым марафондун максаты массалык спортту өнүктүрүү экенин айтышты. Иш-чараны Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурду.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу Bakai Bank Jaz Demi иш-чарасынын маалыматтык өнөктөшү болуп саналат.