Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Румынияга F-35 истребителинин кереги эмне? Аскерий сереп

© AFP / JOEL SAGETF-35 истребители. Архив
F-35 истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2023
Жазылуу
Бухаресттин Lockheed Martin корпорациясынын F-35 Lightning II "көзгө чалдыкпастарын" сатып алышы – румын жергесине АКШнын өзөктүк куралдарын жайгаштырууга камылга. Ал эми бул Кара деңиз аймагындагы өлкөлөргө, чектешкен Молдовага жаңы коркунучтарды жаратат.
Румыниянын Улуттук коргоо жогорку кеңеши апта ортосунда "өлкөнүн абадан коргонуу тутумун күчтөндүрүү үчүн" көп байкалбаган F-35 истребитель-бомбалоочуларын сатып алуу чечимин жактырды. Ушундан улам аскерий баяндамачы Александр Хроленко кезектеги макаласында аталган мамлекеттин бул кадамын талдаган.
Кеңеш "Молдова Республикасындагы демократиялык процесске тышкы кийлигишүүлөргө" карата тынчсыздануусун да билдирип өттү. Себеби андан Румыниянын коопсуздугу түздөн-түз көз каранды. Мынчалык үзүлүп түшүп кам көрүү молдовалык жарандарга, башка коңшуларга жакшылык алып келбейт.
F-35 курал комплекси "аба – аба" тибиндеги ракеталарды да камтыйт. Бирок абадан коргонуу тутуму аталган комплекстин негизги иши эмес. Крейсердик үндөн жай ылдамдыкта истребитель-бомбалоочу B61 термоөзөктүк бомбаларын ташууга ылайык, ал эми келечекте F-35 НАТОнун негизги тактикалык өзөктүк курал ташуучусу – F-16 истребителин алмаштырмакчы.
Бухарест мындай кадамга баруу менен тарыхый ката кетирди. Америкалык F-35 истребителинин конструктивдүү мүчүлүштүктөрү жүздөп саналат. Анан да ушул күнгө дейре анын сериялык чыгарылышына Пентагон уруксат бере элек. АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн бул үлгүдөгү истребителдеринин 30 пайызы гана согушка толук жарайт. Ага карабастан америкалыктар 2030-жылга чейин F-35тин бардык техникалык мандемдерин жоюп, НАТОго мүчө өлкөлөр менен өзөктүк куралды биргеликте пайдалануу жөнүндөгү келишимди кеңейтүүгө ниеттенет.
The Diplomat басылмасы мындай удаа жүргөн процесстер Чыгыш Европа аймагына тактикалык өзөктүк курал жайгаштырууга алып келет. Ал эми ошол өлкөлөрдөгү F-35тер (алардын баары Пентагондун көзөмөлүндөгү бирдиктүү түйүнгө туташтырылган) Россиянын аймагындагы объектилерге катуу сокку уруу опциясына ээ болушат. Чынында ушул үчүн Румыниянын Аскер-аба күчтөрү F-35 истребитель-бомбалоочулары менен жабдылууда.
Румыниянын Улуттук коргоо жогорку кеңеши (Consiliul Suprem de Aparare a Tarii) канча бирдик, качан жана кандай баада сатып алынарын тактаган жок. Бирок Чыгыш Европадагы башка мамлекеттер сымал эле (Финляндия – 64, Швейцария – 36, Польша 32 бирдик) бул учурда да бир нече миллиард долларга бааланган, ондогон F-35 истребитель-бомбалоочусу туурасында кеп болду.
Мурдараак Румыния 300 млн долларга Норвегиядан колдонулган F16 истребителинен 32 бирдик, Израилден 18 учкучсуз аппарат сатып алуу келишимине кол койгон. Булар кыйла кымбат турат, ошол себептен Бухаресттин 2023-жылы өлкөнүн аскердик бюджетин 2 пайыздан 2,5га чейин көтөргөнү тегин жерден болбоптур. Анткен менен бул чечим өзүн канчалык актай турганын болжоп болбойт, себеби ортозаар абалдагы Румыниянын улам топтолуп жаткан тышкы карызы ушул тапта 270 млрд долларды түзөт. РФтин 1-мартка карата сырткы карызы 56,7 млрд долларды түзгөнүн да сөзгө кыстара кетели.
Вашингтондогу Пентагондун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Ишке ашпас “контрчабуул”. Пентагондун ачыкка чыккан “сырлары” тек гана актануубу?
Румыния Аскер-аба күчтөрү "чагылгандарды" канчалык кечирээк алса, ошончолук өзүнө жакшы. F-35 истребитель-бомбалоочулары бир топ жылдан бери чуулгандуу окуялардын чордонунан түшпөй келет.
Пентагон орточо наркы 158 млн доллар турган бул комплекстин ынанымдуу эмес экенин белгилеп келет. Кошмо Штаттардын Аскер-аба күчтөрү, Аскер-деңиз флоту жана Деңиз пехотасынын корпусундагы андай 540 машинанын 160ы гана расмий түрдө согушка жарактуу деп саналат. Эң чабал даярдыктагысы – Аскер-деңиз күчтөрү үчүн F-35C жана деңиз пехотасы үчүн F-35B модификациялары.
2006-жылы F-35тин алгач абага көтөрүлүшүнөн бери конструктивдик жана программалык мандемдери азайтылды. Бирок ошентсе да бүгүнкү күндө ар кандай даражадагы маселелери 800дү түзөт. Азыркы "Чагылгандарга" жаңы, кыйла күчтүү кыймылдаткычтар зарыл. F-35тин крейсердик ылдамдыгы – саатына 850 чакырым, радиусу – 1000 чакырым, көтөрүлгөн бийиктиги – 18000 метр, курал-жарак ташуу мүмкүнчүлүгү – 9 тонна. Ушунча жыл аралыгында канчалык жакшыртылып, бир топ жаңыртылганы менен согушта истребитель-бомбалоочунун компьютердик тутуму туруксуз иштейт. Маселен хакерлер ALIS түйүнүн өчүрүп, борттогу компьютерлердеги жашыруун маалыматтарды уурдап же жөн гана F-35ти "өчүрүп" салышы ажеп эмес. Капыстан "козголоң" чыгарган машина B61 өзөктүк бомбасын өздөрүнө же өз союздаштарынын күчтөрүнө карай таштап коюшу да ыктымал. Учкучтун кычкылтек системасы улам өчүп калганын айтпай эле коелу, мисалы, Японияда андай учурлар сегиз ирет катталган. АКШнын башка союздаштары да ушул боюнча доомат коюп, даттанып келишет.
F-35 долбоору НАТОнун дээрлик бардык авиациялык ок-дарысын абадагы, жер бетиндеги жана деңиздеги буталарды жок кылууга колдонулат. Канчалаган өлкөлөр сатып алып, пайдаланып келе жатканы менен ушунча жылдан бери F-35 бир дагы согуштук аракеттерге катышкан эмес. Болгону АКШ Аскер-аба күчтөрү 2018-жылдын сентябрында афган талибандарына жана 2019-жылдын апрелинде ирактык жихадчыларга бирин-экин сокку урганы маалым.
Ошентип, F-35 Кошмо Штаттардын жана алардын союздаштарынын акчасы жана коопсуздугунун истребители бойдон калууда. НАТО өлкөлөрүнүн коргоо мекемелеринин жетекчилери ок-дары жана курал-жарак өндүрүшүнүн төмөн ыргагын айтып, коңгуроо кагышууда. Foreign Affairs басылмасы Украинада натолук ок-дарынын тартыштыгы "америкалык коргоо өнөр жай базасында көйгөй жаралгандыгынын алгачкы белгиси" катары белгилейт.
Америка технологиялык артыкчылыгын эбак алдырып койгон, ушул тапта башкалардын ыргагына жетише албай келет. Анан да, албетте, америкалык F-35 истребитель-бомбалоочусунун эч бир модификациясы эч кандай параметр жагынан бешинчи муундагы россиялык Су-57 истребителине түк караандабайт. Ал эми гиперүндүү ракеталар менен россиялык күчтөр куралданганына бир нече жылдан ашты. Украинадагы атайын аскердик операциянын жүрүшүндө алар жогорку дараметин көрсөтүп келе жатышат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Украиналык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ менен НАТОнун көмөгү Украинаны "жардан учурганы" калды. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0