Атам өмүр бою китепке кызмат кылды. Кемел Бакашовдун кызы менен маек

© Фото / из семейного архива БакашовыхАкын, педогог, журналист Кемел Бакашов кызы Жылдыз менен.
Акын, педогог, журналист Кемел Бакашов кызы Жылдыз менен. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
Жазылуу
"Он сегиз жаш", "Кыргыз жери" аттуу ырлары менен элибизге таанымал акын, журналист, педагог Кемел Бакашов — сырларын ырларына төккөн таланттардын бири. Ал өмүр бою элетте жашап, эмгегин элине арнаган.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде мейманда Кемел Бакашовдун кызы Жылдыз Бакашова болду. Биз белгилүү журналист, педагог жана акын Кемел Бакашовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу маектештик.
© Sputnik / Табылды КадырбековКемел Бакашовдун кызы Жылдыз Бакашова
Директор Национальной библиотеки имени Алыкула Осмонова Жылдыз Бакашева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
Кемел Бакашовдун кызы Жылдыз Бакашова
— Балалыгы кандай жана кайда өткөн?
— Атам Кемел Бакашов Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылында төрөлгөн, өмүр бою айылда жашады. Атам туулган жери тууралуу жазган "жаралгандан жан дүйнөмө жакыным, ата-конуш менин кенчим, асылым" деген ыр саптары бар. Үйүбүздүн түндүк тарабында эгин талаасы, андан өтүп эле токой болчу. Ошол токойду аралап Жыргалаң суусу агып өтөт. Ал суунун боюнда өрдөк, каз толтура. Жазында келип уя салып, балапан чыгарып, канаттарын күүлөп... Эми бир укмуш көрүнүш эле. Атамдын балалыгы ушундай табигаттын оркестри ойногон керемет жерде өткөн. Ошол токойду мен да көрүп калдым. Бизди да ала барып, коёнго тузак тартчу. Ошол жердеги мажүрүм талдар эсимде. Балдарын жаратылышка жакын өстүрдү. Айылыбыздын түштүк жагында Түргөн дарыясы түрүлүп агат. Атамдын бабасы Осмон абдан көп, 25 балалуу болуп, бирок алардан үч уул, үч кыз эле тирүү калат. Туман, Дуулат, Жолбун аттуу уулдарынын ичинен Тумандан залкар комузчу Ыбырай төрөлөт. Жолбундан биз тараганбыз. Осмон чоң атабыз балдарына өзү жашаган уруулардын атын коюптур. Осмон чоң атабыз 80ден ашып калганда Түргөн суусунун боюн жайлап отуруп, катуу ооруп жатып калат. Ошондо улуу келини уул төрөп, чоң атабыз төшөктөн башын көтөрүп "мен ары карап кетсем унутуп каласыңар, наристенин атын казак досумдун атынан Ыбырай деп койгула" деп кетиптир. Ошону менен Ыбырай Туманов болуп калган. Ыбырай чоң атамдын арты менен атамдын балалыгы да чыгармачыл чөйрөдө өттү. Ата-бабаларыбыз ыр-күүгө жакын адамдардан болгон экен. Боорун жерден көтөргөндөн баштап эле Ыбырай атабыздын чоң комузчулук таланты байкалып, ырдап да жиберчү экен. Туман атабыз чоор тартканда кишенеген жылкы, ыйлаган бала басылып, айлана жымжырт боло түшчү дейт. Айылыбыздын тоосунда азыркыга чейин Туман төр деген жер бар. Жолбун чоң атам каза болгондо айылдын башынан бери Саякбай ата (манасчы Саякбай Каралаев - ред.) жаңырта өкүрүп келген дешет. Илгерки адамдар салт-санааны абдан жакшы түшүнгөн да. Атам адабиятты, маданиятты мыкты билгендиктен "манасчыларды канча угам, бирок Саякбай атадай эргүү менен айткандарды уга элекмин" дечү. Ыбырай атамдын аркасы менен үйгө конок көп келиптир. Бир ирет Саякбай ата да келип, концерт койгону баратышып бүркүтүн биздикине коюп кетет. Ал киши келгиче бүркүтүнө эмнегедир эч ким эт бербей коёт. Кайра келгенде бүркүтүн көргөн Саякбай ата отуруп эле чөнтөгүнөн чып этме огун алып чыгып, мылтыгын берип атамды тоок атып келүүгө жиберет. Атам тоокторго жем чачып, арасынан тандап чоң корозду атат. Экөө суунун жээгине барып короздун жүнүн жулуп, ичеги карынын алып жиликтеп, туздап анан бүркүтүнө бергенин атам айтып калчу. Мындан тышкары, Ысык-Көлдөгү жети акенин кичүүсү Кыдыр аке Ыбырай атам ырдап, комуз чертип, чоор тартып жүргөнүн угуп чакырып алып, "жакшы ырдайт экенсиң, бирок сенин багың комуз. Мындан ары ырдабай комуз чертип жүр, черткениң мага жагып калды" дептир. Кичинесинде эле чоң комузчу чыгарын айткан экен. Ошону менен чоң атабыз өмүр бою ырдабаптыр. Атам Ыбырай атабыздын көп жакшы жактарын айтып калчу. Өрнөк алды. Ал киши тууралуу "Паровоз" деген поэма жазды. "Күү залкары Ыбырай Туман уулу" деген китеп да жазып кеткен. Ал эми чоң атабыз Бакаш кампачы болуп иштеп, чыныгы коммунист болду. Кампасына барсак коробка-коробка жыйылган шоколад, конфеттерден бирди да карматчу эмес. Азыр таң калам.
© Фото / из семейного архива БакашовыхКемел Бакашов Караколдогу педагогикалык институттун орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. Окууну бүткөн соң Ак-Талаанын Баетов айылына жиберилип, эмгек жолун Теңир-Тоодон баштаган. Кийин кайтып келип, өмүр бою Көлдө, Ыбырай Туманов атындагы мектепте мугалим болуп иштеген.
Поэт, журналист и педагог Кемел Бакашов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
Кемел Бакашов Караколдогу педагогикалык институттун орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. Окууну бүткөн соң Ак-Талаанын Баетов айылына жиберилип, эмгек жолун Теңир-Тоодон баштаган. Кийин кайтып келип, өмүр бою Көлдө, Ыбырай Туманов атындагы мектепте мугалим болуп иштеген.
— Атаңыз Ак-Талаада да жашап калган экен?
— Атам өзү 1957-жылы Караколдогу педагогикалык институттун орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. Аман Карыпкулов, Тилектеш Ишемкулов, Жумагул Сооданбеков агайлар менен курбалдаш. Ошол курстан таланттуулар, анан атактуулар көп чыккан. Окууну бүткөн соң апам экөөнү Ак-Талаанын Баетов айылына жиберет. Мен анда кичине кезим жакта төрөлүп, элес-булас билем. Андан кийин өмүр бою Көлдө, Ыбырай Туманов атындагы мектепте мугалим болуп иштешти. Андан тышкары, райондук гезиттерде, "Ысык-Көл правдасы" гезитинде кабарчы болуп, коомдук турмушка активдүү аралашты. Өзүнүн жеринин, элинин көйгөйлөрүн көтөрүп, чечүүгө активдүү катышып турду. Апам экөө чогуу окушкан. Апабыз тилди жакшы билгендиктен мектепте немец тил мугалими болду. Ал киши 61 жашында эле кетип калды. Алты бир тууганбыз. Балдарынын баарына жогорку билим берип окутушту. Атамдын апама арнаган көп ырлары бар. Апам каза болгондо да арнап бир топ ыр жазды.
"Өчкөн кезде өмүрүңдүн ак шамы,
Унутулду улуу турмуш жыргалы,
Жашап келем көл жээгинде ак куулуу,
Таппай келем сендей кирсиз ак кууну,
Өзүң менен мен элем го бактылуу", — деген саптары эсимде калыптыр. Атамдын ырларын окуганда ал кишинин акындыгына баа берем.
© Фото / из семейного архива БакашовыхCейилкан чон энеси, Кемел Бакашов (экинчи катарда, солдо) өзү, жубайы Кантай, агасы Кеңеш жана кызы Жылдыз менен.
Поэт, журналист и педагог Кемел Бакашов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
Cейилкан чон энеси, Кемел Бакашов (экинчи катарда, солдо) өзү, жубайы Кантай, агасы Кеңеш жана кызы Жылдыз менен.
— "Он сегиз жаш" аттуу ырынын жаралуу тагдыры кандай болгон?
— Бул ыр 1966-жылы жазылган. Ошондон бери ырдалып келет. Сейилкан чоң энебиз колунан бардык иш келген, нарктуу кемпир болчу. Ал кишиге "ит, чочко" деп урушкан сөз трагедия болчу. Себеби апам бизди "ай, иттер, атаңар келсин, анан силерди айтам" дегенине чоң энем абдан кайгырчу. Боз үйлөрү да укмуш эле. Жыл сайын апам жайдын күнү короого боз үй тигип койчу. Жайдын толукшуган убагы, күн сонун тийип көңүл толкуп турса керек. Атам почтадан гонорар алганы барып курсташына жолугуп калып, экөө түшкү тамактанууга келе жатышса эле боз үйдөн айылдашыбыз, ырчы, обончу Аксуубай Атабаев чыгып келе жаткан болот. Ал киши да атама "ии, аба, ырас болбодубу, мага ыр жазып бериңиз, обон чыгарам" десе, атам "шыр эле ыр жаза калгыдай мен 18 жаштагы бала белем" дейт. Анан тиги Аксуубай абабыз да "ошол 18 жаш тууралуу жазып бериңиз" деп жабышат. Ошол эле сөздү күтүп тургандай атам тизелеп отура калып, 12 сапты беш мүнөткө жетип-жетпей жазып берет. Аксуубай абам ошол үч куплет ырды окуп туруп эле "бубак деген эмне?" деп сураптыр. "Бубак деген — шаркыратмадан түшүп жаткан суунун чачырандыларынан бүтүп калган кыроо" дейт. Кыроо да ушундай сонун болуп туруп, анан жок болуп кетет эмеспи. Атабаев ошол замат чуркаган бойдон үйүнө кетип калат. Анан он мүнөткө жетип-жетпей бир баладан атамды чакыртып жиберет. Атам атын минип алып эле барса Аксуубай абабыз барбалаңдап, көңүлү толкуп, жетине албай "Он сегиз жашты" ырдап жатыптыр дейт. Атам да толкундануу менен угуп "жакты" дептир. Ошентип бир заматта жаралып калган үч куплет ыр экөөнүн тең төгүлүп-чачылып турган кезине туш келип калат. Анан бир түнөй элек ырды айылдагы балдар жаттап, дароо ырдап калышыптыр. Көп өтпөй радиодон Зейнеп Шакееванын аткаруусунда "Он сегиз жаш" жаңырып баштаган. Эже ал кезде 18 жашка чыга элек кези экен.
© Фото / из семейного архива БакашовыхКемел Бакашов интервью алууда
Поэт, журналист и педагог Кемел Бакашов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
Кемел Бакашов интервью алууда
— Акындар табиятынан башкача келет го. Атаңыздын кандай сапаттарын байкап калчусуз?
— Атамдын өмүр бою жыйган байлыгы китеп болду. Айлыгына жалаң китеп сатып алчу. Башка дүнүйө жыям деген жок. Жакшы көргөн китептерин үйдүн чатырына чыгарып койчу. Себеби айылдан келгендердин кээ бири урдап, айрымдары сурап кетип бербей койчу. Мен да чатырга чыгып алып китеп окуй берчүмүн. Атам же үйдөгүлөр мени издесе ошол жактан тапчу. Өзү илимпоз, элчи да болуп иштеген Жумагул Сооданбеков "Кемел менен бир мектепте окуп калдым. Ошондо эле ак жуумал, бойлуу, сулуу, көзү бакырайган улан эле. Мектептеги волейбол командасынын жалгыз чабуулчусу болгон, ошол кезде эле ыр жазчу" деп эскерет. Атам жашоодогу айрым окуяларды, кыйынчылыктарды, жакшылыктарды эмоцияга алдырбастан болгонун болгондой жазган акын болгон. Доор алмашса да элеттеги жүзүн, сапатын өзгөрткөн жок. Эч нерсеге жулунбай, бир да расмий сыйлык алган эмес. Наамга, атакка аракет кылбады. Кийин апам өтүп кеткенде шаарга келгенде деле кайра айылга кача берчү. Адабиятты укмуш кылып айтып берчү. Атамдын акындык дараметин Сүйүнбай Эралиев да баалап, баасын берип кеткен. Ырларын "жүрөктөн чыккан тунук ырлар" деп баалаган.
Атам ар дайым калыстыгы, чынчылдыгы, тазалыгы менен жашады. Өз жарына, балдарына, айланасындагы адамдарга такыр калп айткан жок. Апам оорулуу болду. Өмүрүнүн акырында баспай калды. Бардык эркектин колунан келе бербейт, бирок атам жубайын аябай жакшы карады. Тамыр чөптөрдү казып келип элдик медицина менен дарылады. Күйүмдүү болду. Өзүнүн досторуна да адал болду. Атам өлгөндө канчалаган адам ыр жазды.
© Фото / из семейного архива БакашовыхЖылдыз Бакашова, Кемел Бакашов, Сооронбай Жусуев, Байас Турал
Поэт, журналист и педагог Кемел Бакашов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
Жылдыз Бакашова, Кемел Бакашов, Сооронбай Жусуев, Байас Турал
— Атаңыздын "Кыргыз жери" аттуу ыры да элге жакшы тараптыр...
— "Кыргыз жерин" Болот Миңжылкыев "Ла Скалада" ырдап чыккан. Ар бир ырын карасак, жөн эле чүргөштүрмөй же уйкаштык куугандай жасалма саптар жок. Ал киши өмүрүнүн акырына чейин ырга кызмат кылды.
© Фото / из семейного архива Бакашовых8 Кемел, жубайы Кантай жана балдары менен
Поэт, журналист и педагог Кемел Бакашов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
8 Кемел, жубайы Кантай жана балдары менен
— Атаңыз 82 жашында көз жумду. Алдына койгон максаттарына жетти деп ойлойсузбу?
— Адам негизи жашоого тойбойт да. Атамдын көп максаттары болду. Эң негизгиси, балдарын жакшы тарбиялады. Ата-энебизди уят кылган жокпуз. Апам каза болгондон кийин үйлөнгөн да жок. Азыр айылда эстелиги бар. Эң башкысы, ырлары менен өзүнө өзү эстелик тургузуп кетти.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кенжекул Мендебаиров. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2023
Өзгөчө боорукер, театрга өмүрүн арнаган адам. Кенжекул Мендебаиров тууралуу маек
Жаңылыктар түрмөгү
0