Далыга бычак ургандай. Британия Байдендин кадамына нааразы болууда

© AFP 2023 / JIM WATSONАКШнын президенти Жозеф Байден. Архив
АКШнын президенти Жозеф Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2023
Жазылуу
Байдендин Лондонго болгон мамилесин парламенттин Консерваторлор партиясынын мүчөлөрү тоготпостук деп жатканын айтышты.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байдендин Түндүк Ирландияга барып, бирок Карл IIIнүн коронациясына катышпай коюшун Улуу Британияда "далыга бычак сайгандык" деп аташканын "Известия" Express. басылмасына шилтеме берип жазды.
Европалык изилдөө тобундагы (EGR) маалымат булагы Байдендин Лондонго болгон бул мамилесин парламенттин Консерваторлор партиясынын мүчөлөрү тоготпостук деп жатканын айтышты. Алар Украина боюнча АКШ менен Улуу Британиянын биргелешкен иш-аракетинен кийин мындай нерсе туура эмес деген тейде реакция кылышкан.
Басылманын маалыматына караганда, консерватор депутат Дэвид Жонс Америка лидеринин Түндүк Ирландияга жасаган сапары, аны Белфаст макулдашуусу кабыл алынган датанын алдында жасаганы "кайра шайлануу келечегин жаратат" деп боолгологон. Анткен менен жогорудагы изилдөө тобундагы маалымат булагы Байден мындай чечимди ички саясий абалды карап туруп, андан соң кабыл алган деген ишенимде экендигин айткан.
Буга чейин АКШ президентинин 11-14-апрелде Түндүк Ирландияга барып 25 жыл мурда түзүлгөн келишимден кийинки прогрессти талкуулай турганы кабарланган эле. Мамлекеттин башчысы аны менен катар эле Англиянын премьер-минстри Риши Сунак менен эки тараптуу ишенимдүү мамилелер боюнча сүйлөшмөкчү болгон. Түндүк Ирландиянын полициясы сапардын учурунда теракт кооптуулугу жараларын билдирген.
Ак үй 5-апрелде Карл IIIнүн май айында боло турган коронациясына АКШ атынан биринчи айым Жилл Байден барарын кабарлап, президент ден соолугунан улам бул салтанатка катыша албастыгын кошумчалаган.
АКШнын президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2023
АКШ дүйнөнү кайрадан бөлүштүрүүгө киришкендей. Бул жолу кимди садага чабат?
Жаңылыктар түрмөгү
0