АКШ дүйнөнү кайрадан бөлүштүрүүгө киришкендей. Бул жолу кимди садага чабат?

© AFP / DREW ANGERERАКШнын президенти Жо Байден. Архив
АКШнын президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2023
Жазылуу
Америкалыктар жана алардын союздаштары Кытайдын өсүп бараткан таасирин токтотууга умтулуп, ири согушту оозанып опузалоодо. Атап айтканда, Австралия Өзөктүк куралды жайылтпоо келишимин бузуу менен жакын арада суу түбүндөгү атомдук кайыктарга ээ болот.
Батыш Пекинди эмнеге түртүп жатканы туурасында Михаил Катков ой толгогон. Серепчинин кезектеги макаласын РИА Новости сайты жарыялаган.

Өзөктүк келишим

АКШ, Австралия жана Улуу Британиянын лидерлеринин Сан-Диегодогу (Калифорния штаты) Пойнт-Лома аскер-деңиз базасындагы жолугушуусунда AUKUS биримдигинин мындан аркы өнүгүшү талкууланды. Бул үч өлкөнүн союзу бир жарым жыл мурун "Индия-Тынч океан чөлкөмүндөгү туруктуулукту сактоо" үчүн түптөлгөн.
Эң оболу кеп Австралияны кайра куралдандыруу жөнүндө жүрдү. Ага суу түбүндөгү атомдук кайыктарды куруу технологиясы, Hobart тибиндеги эсминецтер үчүн Tomahawk ракеталары, F-18 менен F-35 истребителдери пайдаланчу JASSM жана LRASM ок-дарылары, ошондой эле 400 чакырымдан ашуун аралыкка ылайык ракеталык тутумдар берилмекчи.
Өз кезегинде Канберра да гиперүндүү жана таамай куралдарды биргеликте иштеп чыгууга каражат бөлүүгө сөз берди. Австралиялык аскерлер союздаштарынын базаларында окушат. Америкалык жана британиялык кайыктар Австралиянын портторуна карай көп сүзө башташат.
2027-жылдан тарта Вашингтон менен Лондон жергиликтүү адистерди даярдоону тездетүү үчүн австралиялык порттордо субмариналардын ротациясын мезгил-мезгили менен жүргүзүшөт. 2030-жылдын башында америкалыктар Канберрага кеминде эле үч Virginia атомоходун берүүгө тийиш.
Австралиялыктар 2040-жылдардын башында өздөрү чыгара турган кайыктарын колдоно башташат. Жакынкы 32 жыл ичинде атомдук флоттун курулушуна 245 миллиард доллар жумшалат. Азырынча суу түбүндөгү атомдук кайыктарга Россия, Улуу Британия, Индия, Кытай, АКШ жана Франция гана ээлик кылат.

Суу ажыдары

Формалдуу түрдө AUKUS кайсы бир өлкөгө каршы багытталган эмес. Бирок Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак соңку он сегиз ай аралыгында өлкөсүнө коркунучтардын саны арта түшкөнүн билдирди. Алардын арасында Россиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы, Кытайдын артып бараткан таасири, Иран менен Корея элдик-демократиялык республикасынын "бүлгүн салуучу" жүрүм-туруму да бар экени айтылган.
Аскердик блок Индия-Тынч океан аймагында аракет этерин эске алсак, буга эң оболу Пекин тынчсызданууга тийиш. Ушундай пикирди The Sydney Morning Herald гезити карманат. Саммиттин жыйынтыгын чагылдырган бул басылма Вашингтон менен Лондон КЭР тараптан соккон кооптуулуктан коргонуусу үчүн Австралиянын коргонуу жөндөмүн чыңдай турганын да жазды. Ошол эле учурда АКШ президенти Жо Байден Кытайдын AUKUS уюмуна карата терс мамилесинен түк кооптонбой турганын да белгилеген.
Үчүнчү мөөнөткө шайланышына байланыштуу Си Цзиньпинге телефон чалууну убада кылды, бирок, айтымында, күчөп бараткан тирештен улам азырынча Пекин диалог курууга даяр эмес.
Еврокомиссиянын мурунку жетекчиси Жан-Клод Юнкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЕКтин экс-башчысы: Украинага куру убада берген батыш саясатчыларына нааразымын
Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматынын башчысы Нед Прайс АКШ коргоо министри бир нече ирет кытайлык кызматташы менен телефон аркылуу байланышууга аракет кылганын, бирок ал тараптан жооп болбогонун кабарлады. Россиялык Су-35 жана С-400 зениттик ракеталык комплексин сатып алганы үчүн Кытай Эл Республикасынын коргоо мекемесинин башчысы Ли Шанфу 2018-жылдан тарта америкалык санкцияга кабылганы маалым.
Буларга катар эле Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэньбинь АКШ, Улуу Британия жана Австралия эл аралык коомчулуктун бушаймандыгына көңүл бурбастан, "жаңылыштык менен кооптуулуктарга" жык жолдо баратканына кейиди. Пекиндин баамында, Австралияны суу түбүндөгү атомдук кайыктар менен жабдуу өзөктүк куралдардын жайылышына, куралдануу жарышынын күчөшүнө алып келип, ошондой эле дүйнөгө зыян келтирет. Андай абал чөлкөмдөгү туруктуулукка доо кетирет.
Австралиянын Лейбористтик партиядан көрсөтүлгөн мурдагы премьер-министри Пол Китинг да ушундай эле көз карашта. Ал атомдук флотту түзүү Канберранын эң начар чечими экенин белгилеп, анын ордуна 50 чакты суу түбүндөгү кадимки кайык сатып алуу оң болмоктугун айтты. Анан да өкмөттүн мурдагы башчысы AUKUS уюмуна караманча каршы экени белгилүү. Анын айтымында, мында Кытайдын болгон айыбы — америкалыктардыкына тең ата экономиканы жаратканы. Ал эми АКШ Пекинди чар тараптан кысымга алууга умтулуп, бул ниетин жүзөгө ашыруу үчүн Австралияны колдонуп жатат. Аталган мамлекет чоочун колдордо ушундай куралга айланууда.

Жаңы дүйнө

Анткен менен AUKUS уюмунун мүчөлөрү Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимдерди бузуп жатканын дегеле моюнга алгылары жок. Буга далил катары алар МАГАТЭ менен австралиялык тараптын ортосундагы кеңири кепилдиктери жөнүндөгү келишимдин 14-беренесин карманышат. Дал ушул жобонун аркасы менен деңиз күчтөрү текшерилбейт. Бирок бул кырдаал күчтүү байытылган уран же плутолийди эл аралык көзөмөлдөн жашырууга бөлөк өлкөлөргө өбөлгө түзүп бериши да ажеп эмес. Кооптуулуктарды азайтуу үчүн МАГАТЭ Австралияны өзүнүн суучулдарын Кошмо Штаттарда, Улуу Британияда окутууга көндүрдү. Мындан сырткары, ал иштетилген өзөктүк күйүүчү майды байытпай турган болду.
"Кытай бир жарым жыл мурун эле Австралияга суу түбүндөгү атомдук кайыктарды берүү Өзөктүк куралдарды жайылтпоо келишимин бузарын белгилеген. Чындап эле бул эч кимге жашыруун эмес. Бирок АКШ эл аралык коомчулуктун пикирин тоготуп да койбойт. Кошмо Штаттарга эмне, алар өз көздөгөнүнө гана жетсе болду. AUKUS уюму Кытайдын өнүгүшүнө бөгөт болуу үчүн зарыл. Вашингтон Пекинге карата аскердик кысымын күчөтүүдө", — деген оюнан бөлүшөт РФтеги Кытайды экономикалык жана социалдык жактан изилдөө борборунун башчысынын орун басары Павел Каменнов.
Анын пикиринде, кытайлыктар америкалыктардын жигердүүлүгүнө өзөктүк компоненттерди камтыган Аскер-деңиз күчтөрүн өнүктүрүү менен жооп кайтарууда. "Маңызында Пекин куралдануу жарышына киришти", — дейт эксперт. Россия эл достугу университетинин профессору Андрей Виноградов АКШ Кытай менен согушкусу жок, бирок көп полярдык дүйнөгө өтүүдө зарыл деп ойлогон институттарды түзүүдө.
"Аларды толук түрдө конфронтациялык деп атоого болбос, бирок алар Индия-Тынч океан чөлкөмүндөгү кытайлык таасирге каршы турары ырас", — деп түшүндүрөт Кытайды изилдөөчү адис. Ошол эле учурда Виноградов КЭРдин буга жооп кайтаруу жаатында көп деле варианты жок. Куралдануу жарышы кытайлыктарга караганда америкалыктарга көбүрөөк пайда алып келери айкын. Кытай тарап экономикасын заманга бапташтыруу көйгөйүн чечүүгө тийиш.
"Пекин Советтер Союзунун тажрыйбасын кайталоону каалабайт, бирок Кошмо Штаттар аны ыңгайсыз абалга кептөөдө. Кытай өз союзу болбосо да, куру дегенде күчтүү оюнчулар менен аскерий-саясий кызматташтыкты сунуштоо менен AUKUS уюмуна каршы тура алмак. Москва менен сүйлөшүүгө болот, бирок азыркы кырдаалда бул залал келтирчүдөй тобокелдик бар", — деп белгилейт эксперт.
Кандай болгон күндө да АКШ жана анын союздаштары кытайлыктарды аскердик блоктор менен ар тарабынан курчоону уланта берет. Ал эми Кытай 1980-жылдардын башынан берки тышкы саясий курсун улантууга аргасыз. Тагыраак, жаңжалдарды тынчтык жол менен жөнгө салууга кол кабыш кылып, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын алып чыкканы оң. Азырынча Пекиндин мындан башка варианттары жок деп жыйынтыктайт Андрей Виноградов.
Кытай лидери Си Цзиньпин жана Россиянын президенти Владимир Путин жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2023
ЖМК: Владимир Путиндин стратегиялык планы Батышты түпөйүл кылууда
Жаңылыктар түрмөгү
0