Өзгөчө боорукер, театрга өмүрүн арнаган адам. Кенжекул Мендебаиров тууралуу маек
18:15 12.03.2023 (Жаңыртылды: 18:37 12.03.2023)
© Фото / предоставлено Назымом МендебаировымКыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кенжекул Мендебаиров.
© Фото / предоставлено Назымом Мендебаировым
Жазылуу
Өмүр бою Нарын театрында иштеп, жүздөгөн ролду жана элге тараган ырларды жараткан Кенжекул Мендебаиров 77 жаш өмүрүндө маданиятка опол тоодой эмгек жасады. Анын чыгарган күүлөрү да музыкалык мектептерде окутулуп келет.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Туяк" программасында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кенжекул Мендебаировдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу сүйлөштүк. Ал учурда Нарын шаарында жашайт.
Бизде мейманда залкар инсандын уулу, эмгек сиңирген артист, Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси, режиссёр Назым Мендебаиров болду.
© Sputnik / Акбар АкжигитовЭмгек сиңирген артист, Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси, режиссёр Назым Мендебаиров
Эмгек сиңирген артист, Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси, режиссёр Назым Мендебаиров
© Sputnik / Акбар Акжигитов
— Атаңыз алыскы Жумгалда чоңойгон экен...
— Атамдын балалыгы согуштан кийинки оор жылдарга туш келиптир. Өзү 1946-жылы туулган, бирок документинде 1947-жыл деп жазылып жүрөт. Ал киши балалыгын көп айтып берет, абдан драмалуу өткөн экен. Чоң энебиздин курсагында кезинде атасы согушка кетип кайтпай калат. Ошону менен атабызды чоң атамдын бир тууганы чоңойтот. Ошол убактагы райондук, облустук кеңеште депутат болуп жүргөн мыкты эжекебиз "төрт бала менен калдың, жалгыз кантип багасың, бер баланы" деп бердирткен экен. Ал эжем өзү турмушка чыкпаптыр. Алгач эки жолу көчөдөн айтканда апам бергиси келбей жер карап, унчукпай коёт. Анан үчүнчүсүндө бешикке бөлөп бүтсө эле эшик тарсылдап, караса босогодон тааныш бут менен үзөңгү көрүнөт. Анан дароо эле бешикти карматып отуруп калат. Ал кезде жаш келиндин ыймандуулугун карасаңыздар, кайнежесинин артынан чуркап барып талаша албаптыр. "Кантип ыргып туруп бешикти карматканымды билбейм" дечү кийин. Ошол кезде атам бир айлык наристе. Анан эжебиз сакмалда баланы көйнөгүнүн ичине салып, белин бууп алып жарма жасап жатканда чүрпө казандагы жармага түшүп кетет. Эжебиз эмне кыларын билбей, элди чакырып келгиче атам бир кайнап чыгыптыр. Караса, бала дем албайт. Анан эмнеси болсо да деп ылайга көмүп коюп кетип калышат. Бир сааттан кийин келип баланын тирүү экенин, ыйлап жатканын көрүшөт. Денеси кызыл тартып калганы ошол күйүктөн болгон. Кийин атамдын өзүнүн бир туугандары чоңоюп, чакырып, улам алып кетип турушат. Багып алган эжебиз "биздин бала" деп бербей койгон экен. Негизи эки жакта тең сүймөнчүк бала болуп чоңойду. Өзүнүн агалары да аяп, жакшы көрүп турушчу.
— Чыгармачылыкка кандайча келип калды?
— Атам жашында эле комузга абдан кызыгып, мектепте драмалык ийримдерге катышып, көптөгөн оюн-зоокторду коюшкан. Мандолина чертчү экен, анда бул аспапта Жумгалда аз эле киши ойночу тура. Мандолина менен обон чыгаргандар анын ыргагы менен ырдашат. Баса, азыр көп аткарылып жүргөн "Сулууларга суктанууга акым бар" деген ырдын автору — атам.
Айылда аскерге кеткендерди, куда тоскондорду тойлордо мандолинчи элди шаңга бөлөп келген. Бир ирет атам бой жетип калганда айылдагы мандолинчи киши ооруп калып, бир жума тойлордо кызмат кылдырышып, уктатышпаптыр. Улам бир жерден келсе, улам кийинки айылга алып кетет дейт. Негизи атамдын классташтары, теңтуштары Кыргызстанга таанылган Беганас Сартов, Алым Токтомушев, Советбек Байгазиев, Акималы Чекиров, Калачы Жапаров, Дубаш Калназаров өңдүү чыгармачылыкка жакын адамдар.
© Фото / предоставлено Назымом МендебаировымӨмүр бою Нарын театрында иштеп, жүздөгөн ролдорду жараткан Кенжекул Мендебаиров.
© Фото / предоставлено Назымом Мендебаировым
— Чыгармачыл адамдар дароо борборго келет эмеспи. Кенжекул Мендебаировдун шаарга келбеген себеби эмнеде?
— Аскердеги жашоо атамды кичине башка жакка буруп койгондой. Себеби Сибирде аскердик кызматын өтөгөндөн кийин эки жыл калып, Краснодардагы химзаводдо айдоочу болуп иштеген. Ошол убакта бокска барып Краснодардын чемпиону болуп, спорт чеберлигине кандидаттыгын толтурат. "Химик" футболдук командасында футбол ойноп, күндүз кечке айдоочулук да кылчу экен. Ушул нерсе атамдын турмуштук жолун бир аз өзгөртүп кеткендей сезилет. Өмүрбек чоң атабыз да өмүр бою колхоздо бухгалтер болгон. Ал киши да чыгармачылыктан алыстатып, башка адистик алууга үндөйт. Бирок атам кийин ынанбай Оштогу музыкалык окуу жайга тапшырып, бирок ортодон балдар менен мушташып кетип окуудан чыгып калат. Ошону менен таарынып, окуусуна барбай Чаектеги "Бекбекей" ыр-бий ансамблине кирет. Алгач эле Назым Хикметтин "Унутулган адам" спектаклинде профессордун ролун ойногон. Ошол ролун көргөн профессионал режиссёрлор Нарын театрына иштөөгө, Фрунзеде кесипкөйлүккө, окууга чакырышкан. Мар Байжиевдин "Балдар бойго жеткенде" спектаклинде Македонскийди ойноп, ал образ атамды алга жетелеп, ишенимин арттырган. Менин атым да ошол Назым Хикметтин атынан коюлган. Улуу агамдын атын Өмүркул чоң атам Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын негизинде Шамбет деп коюптур. Ал эми таятам молдо, айылдын имамы болчу. Мен төрөлгөндө атам кайнатасына сүйүнчүлөп барса, ал бастырмага чыгып азан чакырып, атымды Абдрахман коёт. Ал жактан сүйүнчүсүн алып чыгып келе жатып апамдын классташтарына жолугуп майрамдап, автобуска түшсө Тенти Мураталиев келе жаткан болот. Ага сүйүнчүлөп, ымыркайга кайнатасы ысым ыйгарганын айтса "сен кайындарыңа бийликти алдырып койгон турбайсыңбы, Абдрахман чалдын аты" деп тамашалап коёт. Ага териккен атам үйгө келип эле атымды өзгөртүптүр.
— Ар ким ар кандай процессте иштээрин айтышат. Атаңыз обонду кантип жаратат?
— Бир жерден жакшы ыр көрүп калсам, атама көргөзөм. Окуп көрүп "жакшы экен" деп коюп коёт. Кийинки жылы келсең деле баягы китеп столунда турган болот. Атам сөзгө абдан маани берет. Эки-үч жыл аны мээсинде бышырып, окуп жүрө берет. Анан бир күнү "баягы сен берген китептен ушундай обон чыкты" деп көргөзөт. Обонун бирөөгө сунуштап же сата да албайт. "Алсаңар алгыла, албасаңар койгула" дегендей баарын катар ырдай берет. Атам обон чыгарса, апам ырдайт. Ошол жетиштүү сыяктуу.
— Апаңыз экөөнү чыгармачылык табыштырса керек...
— Апам бала кезден абдан жакшы ырдачу экен. Башында финансы техникумунда окуп жүрүп, таенем ооруп калып айылга аргасыз барып калат. Апамдын ырдаганын уккандар Чаекте иштөөнү сунушташат. Ошентип "Бекбекейде" иштеп жүрүп, 18 жашында 25 жаштагы атама турмушка чыгат. Апам жаңы келин болуп баргандагысын угуп, "азыркы келиндер андайга чыдабайт болчу" деп ойлоп коём. Өмүркул чоң атамдын 10 баласы бар, эң кичинекейи жаңы басып жүргөн учурунда түшүптүр. Ошол үйдүн түйшүгүн күнүнө таңкы бештен, түнкү үчкө чейин артынган экен.
— Агайдын мүнөзү кандай?
— Абдан бала кыял. Баарына ишене берет. Атам социумда жашоого ылайыксыз адам. Саат же башка кымбат белек берсең чыгып эле "баланчаны көрүп калдым, атасына абдан окшош экен. Саатымды кармата салдым" деп келет. Кайра башка өзүнө арналган белек болсо, аны да бирөөгө берип коёт. Режиссер Темир Бирназаров да гастролдогу көп окуяларын айтып берип калат. Экөө Нарын театрында бирге иштеген. Бир ирет гастролдо жолугуша турган жерди белгилеп бир кыздын атынан кат жазып, атама бердирип коюшат. Концерттен кийин айткан жерине барып алып кызды күтүп жатса Темир байкелер ыңгайсыздана жанына барып, "Кенжекул байке, тиги катты биз жазган элек" дейт. Атамдын жини келип "бери келчи" деп артынан кууса тигил да тызылдап качып мейманканага кирип кетет. Эшиктин алдында апам отурган экен. Артынан кууп келген атам "ач" деп урушса, Темир байке "макул" деп эшикти ачып туруп, "Акин эже (апасы – ред.), жана Кенжекул байкем..." деп келе жатканда атам "ай, жүрү шахматың барбы, ойнойлу" деп сөздү буруп жиберген экен (күлүп).
Атам чыгармачылыкка өтө берилген, 100 пайыз чыгармачылыктын ичинде жашайт. Дайыма илхам менен жүрүү да кыйын жана мунун терс жактары да бар. Бирок ошол чыгармачылыктан дем-күч алып, азыр 75 жашта болсо да күнүнө эртең менен тоону көздөй эки чакырым чуркайт. Кышында карга, жайында Нарын суусуна жуунат. Дайыма көнүгүү жасап турат.
— Чыгармачыл адамдын жан дүйнөсү, мүнөзү да башкача болот эмеспи. Бала тарбиясына толук аралаштыбы? Үйдөгү тарбияны ким колго алды?
— Бизге апам көбүрөөк тарбия берди окшойт. Себеби союздун маалында театр актёрлору узак мөөнөткө гастролдорго чыгышчу. Беш-алты айлап кетишкенде чоң атамдыкына, таятамкына барып эки жакта чоңойдук. Бизге катуу тарбия берген деп ойлойм. Алты жашымда 2,5 жана 1,5 жаштагы иним менен карындашымды мага таштап, 10 күнгө гастролго кетишкен. Кошуна Мукарам эже бир күнгө жеткидей тамак жасап берет. Мен эртең менен эрте туруп, сүт алып келип газга бышырып, балдарга тамакты ысытып берип, шымдарын жууп батарейкага жайчумун. Кайра түштө жана кечинде да курсактарын тойгузуп, бир топ ойнотуп, анан жаткырчумун. Азыркы балдар кеч жетилип жаткандай сезилет. Биздин убакта беш жашар балага козуларды бөлүп берип, сайга кайтартып койчу. Айылга барганда кайтарган козуларым башка койго кошулуп кетпесин деп айланып эле чуркай берчүмүн.
© Фото / предоставлено Назымом МендебаировымКыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кенжекул Мендебаировдун актерлуктан сырткары обон чыгаруу таланты да бар.
© Фото / предоставлено Назымом Мендебаировым
— Ата-энеңиз сиздин да чыгармачылыкка барышыңызга каршы болдубу?
— Ооба, атам "барба" деген. Ал эми апам өзгөчө каршы чыкты. Кийин көпкө таарынып жүрдү. 1991-жылы театралдык окуу жайга тапшырсам экөө тең нааразы. 2017-жылы Кыргыз драма театрына директор болгон кезде апам шаарда жүрүп калды. Сапары карып, айылга салып жиберейин деп машина менен алып баратсам "ырас эле ушул кесипти тандаптырсың" деди. Ошондо 26 жылдай таарынып жүрүштү.
— Атаңыз менен сырдашкан учурлар болобу?
— Болот. Мен барып калганда заманбап театр, кандай багыттар пайда болгону, символизмдердин маанисин, метафоралар тууралуу сүйлөшөбүз. Жаңы спектаклдер тууралуу кеп салам. Ал да ойногусу келген ролдору тууралуу айтып берет. Тескерисинче, айрым учурда андан айнытып, башка роль сунуштайм. Көбүнчө искусство, кесибибиз тууралуу сүйлөшөбүз. Анан да обондору чыгып эле ар кай жерде калат же нотага түшүрбөгөндөрү да бар. Өзү да "китебимди чыгарсам" деп калгандыктан азыр ошол боюнча иштеп, даярдап жатабыз. Өмүр баянына да кошумчаларды киргизебиз го. Себеби атам менен жүрүп эле көп залкарлардын колун кармапмын. Нарын театрынын маңдайында парк бар. Ошол жерде спектаклден кийин туруп сүйлөшүп калышчу. Залкар обончу Жүмамүдүн Шералиев үйүнө жөнөп жатып башымдан сылап, колумдан өөп эркелетип койгон учурлар болгон. Ал кезде Алмаз Сарлыкбеков, Күмөндөр Абылов, Марат Шарапидиновдор да чогуу иштешчү. Бир ирет Фрунзедеги хореографиялык окуу жайга тапшырып, Табылды Муканов, Шербет Келдибекова, Алым Токтомушев, Советбек Байгазиев, Бектуруш Салмагани менен тааныштырган. Бирок азыр ошол кишилерге ошондо момундай суроолорду берсем болмок экен деген ойлор жаралат. Атамдын чыгармачылыгыма тийгизген таасири чоң. Дагы бир окуясын айтсам, атам жүрөгү, көңүлү абдан жумшак киши, Борис Васильевдин "Ак кууну көрсөң атпагын" чыгармасындагы каарманга абдан окшоштурам. Бир күнү атам үйгө келип "бир итти машина сүзүп кетиптир, үйгө алып келейинби" деди. Биз көп кабаттуу үйдө турабыз. Биринчи апам урушту, анан атам итти жолдун чекесине чыгарып койгонун, арткы эки буту сынып калганын айтып ыйлады. Армияда кинолог болуп кызмат өтөгөндүктөн итке абдан жакын. Торпок, козу болобу, бардык жаныбарды үйрөтө алат. Апам да боору ооруп макул болду окшойт, барып мүшөк менен итти көтөрүп келип аябай баккан. Чыгып эле жолбун иттерди ээрчитип келе берчү. Аны подьездге бакчу. Атам дайыма футбол ойнойт. Эшиктин алдында жаш балдар менен футбол ойноп жүрсө курсагы салаңдаган кайнагалары "эй, койбойсуңбу ушунуңду. Качан токтолосуң" дешчү. Кечээ бир таяке каза болуп барсак, атамдын машинага секирип минип жатканын көрүшүп "көрсө, жездем туура кылыптыр. Адамга кыймыл керек турбайбы" дешти. Анан да кой сойгонду жакшы билгени менен "көзүн карап алдым, таанып атат байкуш" деп аяп, элди да "сойбой эле койбойлубу, бир аз жүрө турсунчу" деп көндүрүп баштайт. Айтор, өзгөчө боорукер жан.
— 1990-жылдары элге, анын ичинде чыгармачыл адамдарга кыйын кырдаал болду. Кенжекул агай ал учурду кандай өткөрдү?
— Ооба, абдан кыйын мезгил болгон. Бирок атам чыгармачылыкка баш-оту менен кирип, ал кырдаалдан чыгып кетти окшойт. Анын үстүнө бут тосуулар көп болуп, ошол жылдары атамды Нарын театрынан да чыгарып коюшкан. Кийин кайра чакырып алышты. Ал убакта Бишкектеги Жаштар театрына кирген, бирок бир-эки жылдан кийин бат эле Нарынга кетип калды.
Шайлообек Дүйшеевдин өмүр бою эс алууга чыкпай иштеген жездеси жөнүндө "заводдор, колхоздор тешиктерин сен сыяктуу адамдар менен бүтөп турду" деп жазган ыры бар. Менин атам да өмүрүн, жашоосун театрга берди. Өмүрүндө берилген ролдон, гастролдон баш тарткан жок. Керек болсо ооруп жатса да "дарыланат элем" деп айтпаптыр. Атам, апам экөө кайнак сууга күйүп калып дене табы көтөрүлүп жаткан баласы менен гастролго чыгып кеткен экен. Барбаса театрдан чыгарып салышмак. Атамды жакшы ролдорго чакырып, ал киши тууралуу документалдуу тасма тартайын деген оюм бар.