00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Министрлик менингиттин кооптуулугун эскертип, алдын алуу жолдорун айтты

© Фото / Pexels / Ivan Samkov Отжимание учурунда адам. Иллюстративдик сүрөт
Отжимание учурунда адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Менингит — мээнин жана жүлүндүн былжыр челдеринин сезгениши менен байланышкан оор илдет. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору аталган оорунун кооптуулугун белгилеп, аны алдын алуу жолдорун тизмектеди.
Кээде бул оору адамда өзү пайда болушу мүмкүн, айрым учурда башка оору өтүшүп менингитке айланат.
"Инфекция бейтаптан же менингококк инфекциясын алып жүрүүчүлөрдөн жугат. Ал аба аркылуу, жөтөлгөндө, сүйлөшүүдө, бир идиштен тамактанууда, суу ичүүдө да жугушу мүмкүн. Көп учурда аталган илдеттен балдар жабыркайт", — деп айтылат маалыматта.
Борбордон белгилешкендей, бактериялык жана вирустук менингиттин белгилери бири-биринен айырмаланат. Мисалы, бактериялык менингитте тарамыштар түйүлүп, териге жылдызча сыяктуу бүртүкчөлөр чыгат. Вирустук менингит суук тийгенден улам пайда болушу мүмкүн. Бактериялык менингит оор формада өтүп нерв системаларын жабыркатат, айрым учурда адамдын өмүрүн алган көрүнүштөр менен аяктайт.
Оорунун жалпы белгилери:
дене табы көтөрүлөт;
териси купкуу болуп кетет;
баш катуу ооруйт;
моюн тырышат;
чыйрыгат жана тарамыштар түйүлөт;
табит жоголот;
жарыкты жана үндөрдү жактырбайт (бул илдет менен ооругандар көзүн жумуп, киши менен сүйлөшкүсү келбейт калат);
дем алуу ритми өзгөрөт;
адам жаткан же отурган абалын өзгөрткөндө, башы катуу ооруганда кусат;
эсин жоготот.
Дарыгерлер бул белгилерди байкаган учурда кечиктирбестен ооруканага баруу зарылдыгын эскертишти.
"Менингитти алдын алуунун эң жакшы жолу – иммундук системаны жакшыртуу, сергек жашоо образы, туура тамактануу, дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасоо, таза абада сейилдөө, чуркоо. Имараттын ичинен чыкпай отура берүү же чоң жамааттын арасында иштеп, жогоруда саналган аракеттердин бирин да жасабоо да оорунун пайда болушун шарттайт. Бөлмөнү желдетип, бат-баттан чаңды сүрүп, полду жууп туруу сунушталат. Колду, бетти бат-баттан жууп туруу да кажет, мурундун ичин да суу менен чайкоо зарыл экендигин эстен чыгарбаңыздар. Дагы бир маанилүү жагдай – колду оозго салуудан да менингит жугушу мүмкүн", — дешти борбордон.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиологу Малика Уралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2023
Радио
Менингит нерв системасын жабыркатып, адамды майып кылат. Түшүндүрмө
Жаңылыктар түрмөгү
0