00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ааламды аңтарган социалдык темаларды ачкан. Режиссёр Марат Сарулуга арналган некролог

© Фото / пресс-служба МКИСиМП КРКРдин эл артисти, кинорежиссёр жана сценарист Марат Сарулу
КРдин эл артисти, кинорежиссёр жана сценарист Марат Сарулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2023
Жазылуу
Режиссёрдун бир катар эмгектери республикалык жана эл аралык деңгээлдеги сынактарда жогору бааланган.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргыз коомчулугу жана кино өнөрү орду толгус жоготууга учурады. 9-мартта 65 жаш курагында КРдин эл артисти, кинорежиссёр жана сценарист Марат Сарулу дүйнө салды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы тараткан некрологдо айтылат.
"Марат Сарулу мыкты сүрөткер, кесипкөй жана дүйнө таанымы башка режиссёрлордон айырмаланып турган режиссёр катары эсибизде калды. Ал өзүнүн жөнөкөйлүгү жана жогорку интеллекти менен башкалардан айырмалана алды. Ал тарткан тасмалар чакан аудиторияга арналбастан, дүйнө коомчулугу ойлоно турган темаларды козгоп, жаңыланууну издеп, бир эле кадр менен жөнөкөй адамдын үнү аркылуу ааламды аңтарган социалдык темаларды ачкандыгы, дүйнөлүк мыкты фестивалдарда "А" класстагы тасмалардын катарына киргендиги болду", — деп жазылган некрологдо.
Марат Сарулу 1957-жылы 26-сентябрда Талас шаарында туулган. 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, ал эми 1984-жылы Москва шаарындагы Режиссёрлордун жана сценаристтердин жогорку курсун аяктаган. Ф. Хитруктун өнөрканасында билим алган.
Марат Сарулу кино тармагында режиссёр жана сценарист катары белгилүү эле. Анын режиссёр катары толук метраждуу "Миң кыял", "Көч", "Песнь южных морей", "Бурная река, безмятежное море", "Алтын кыргоол", кыска метраждуу "Мандала", "Взлёт", "Соль", даректүү "Имаго" жана анимациялык "Моление о Пречистой птице" тасмалары кыргыз журтчулугуна жана көрүүчүлөргө белгилүү болгон. Режиссёрдун бир катар эмгектери республикалык жана эл аралык деңгээлдеги сынактарда жогору бааланган.
Анын тасмага берген режиссёрдук боёгу эл аралык кинофестивалдарга жолдомо берип, 2002-жылы "Эргүү" тасмасы Анапада өткөн фестивалда баш байгеге, 2004-жылы Италиянын Тренто шаарында өткөн эл аралык 52-кинофестивалда "Күмүш эдельвейс" сыйлыгына ээ болгон.
2002-жылы Франциянын Нант жана Везуль шаарларында өткөн эл аралык кинофестивалдарында баш байгеге ээ болуп, атайын сыйлык жана дипломдор менен сыйланган. Ал эми сценарист катары "Маңкурт", "Найман эне", "Беш кемпир" толук метраждуу тасмаларынын сценарийлерин жазууда авторлош болгон.
Соңку жылдары Марат Сарулу Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде Кино кафедрасынын жаш кинематографисттерине билим берип, келечектеги кино тармагына аралаша турган адистерди даярдоого салым кошуп жаткан.
Мамлекет тарабынан Марат Сарулунун кыргыз киноиндустриясына кошкон салымы жогору бааланып, КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КРдин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер наамдары менен сыйлаган. Өлкөнүн Кинематографисттер союзунун, КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн кинематографисттер союздарынын конфедерациясынын мүчөсү болгон.
Актриса театра и кино, народная артистка СССР, лауреат премии имени Токтогула Сатылганова Даркуль Куюкова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.03.2023
Кыргыз театрынын чолпон жылдыздары. Залкарлардын таберик сүрөтү
Жаңылыктар түрмөгү
0