Кайрадан мүдүрүлдү. Байдендин трапка чыгып бараткандагы видеосу

© AP Photo / Patrick SemanskyАКШ президенти Жозеф Байден
АКШ президенти Жозеф Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2023
Жазылуу
Америкалык ЖМКлар президент Жозеф Байдендин кайрадан оңтойсуз абалга калган видеосун таратышты.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байдендин учактын трабындагы окуясы кайрадан кайталанды.
Америкалык ЖМКлар президент Байдендин аба кемесине түшүп бара жатып мүдүрүлгөн видеосун жарыялады.
Бул мамлекет башчынын Алабама штатына шайлоочулар менен жолугушууга барганында болгон. Тепкич окуясы мындан бир нече күн мурда да болгон эле. Байден Польшадан кайтып келе жатып учакка көтөрүлө албай, муну камералар даана тартып алган. Андан мурдараак Жоржияда тартылган видеого анын трапта тура албай жыгылган учуру түшүп калган.
Американын лидери Байден өткөн жылдын ноябрында 80 жашка чыкты. Анын акыркы кездеги четтен карагандардын көңүлдү бурдурган нерселери коомчулукка, интернетке көп тарап жатат. Эл алдына чыкканда сүйлөй турган сөзүн унутуп калганы, жогорку эле кызматтагы кишилердин аты-жөнүн алмаштырып алганы, карылыктанбы же ооруданбы, жасаган калпыс кыймылдары байкалууда.
АКШнын президенти Жозеф Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2023
Көңүл бурбагыла деген буйрук келген. АКШда Байден тууралуу үн катышты
Жаңылыктар түрмөгү
0