Майыптыгы бар балдарды кадимки мектепте окутуу керек. Маек

© Фото / Pexels/ SHVETS productionМайып өспүрүм. Архив
Майып өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2023
Жазылуу
2023-2030-жылдарга карата Кыргызстандагы майыптыгы бар адамдар жана калктын башка аз мобилдүү топтору үчүн “Жеткиликтүү өлкө” мамлекеттик программасы бекитилди. Мында эмнелер камтылган жана калктын аз мобилдүү топторуна кимдер кирет?
Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин улгайган жарандарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумова болду.
© Sputnik / Асель СыдыковаЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин улгайган жарандарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумова
Начальник управления развития социальных услуг лицам с ограниченной возможностью здоровья и пожилым гражданам Минсоцразвития Назгуль Чолумова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2023
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин улгайган жарандарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумова
— “Жеткиликтүү өлкө” программасы тууралуу маалымат бере кетсеңиз?
— Кыргыз Республикасы майыптардын укуктары тууралуу конвенцияны 2019-жылы кабыл алган. Ошондон бери иштеп жаткан мыйзамдардын баарына өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек. Аталган программаны БУУнун майыптыгы бар адамдарга жана калктын аз мобилдүү топтору үчүн конвенциясынын ченемдерин ишке ашыруу максатында министрлик иштеп чыккан. Алардын башка жарандар менен тең укуктуу болушу чоң мааниге ээ. Ал эми аз мобилдүү адамдарга кары-картаңдар, кош бойлуу келиндер, убактылуу оорудан мүмкүнчүлүгү чектелип турган жарандар, бою өтө узун же кичинекейлер, абдан толуктар кирет. Бул программанын алты артыкчылыгы бар:
иштөөнүн эл аралык классификациясынын элементтерин киргизүү менен медициналык-социалдык экспертизаны өркүндөтүү;
майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялоо, абилитациялоо жана эртелеп кийлигишүү тутумдарын өнүктүрүү;
майыптыгы бар адамдардын иш менен камсыз болушуна жана эмгек рыногун өнүктүрүүгө шарт түзүү;
майыптыгы бар адамдар жана калктын башка аз мобилдүү топтору үчүн "универсалдуу дизайн" жана "акылга сыярлык ылайыкташтыруу” принциптерин киргизүү жолу менен жеткиликтүү чөйрөнү калыптандыруу;
майыптыгы бар адамдар жана калктын башка аз мобилдүү топторуна кызмат көрсөтүүдө протездик-ортопедиялык тутумду жакшыртууну өнүктүрүү;
майыптыгы бар адамдар үчүн билим берүү чөйрөсүнүн жеткиликтүү болушун камсыз кылуу, инклюзивдик билим берүү (мектепке чейинки, милдеттүү башталгыч жана орто билим берүү) тутумун өнүктүрүү, кесиптик билим берүү жана аларды иш менен камсыз кылуу.
Алыскы аймакты айтпай эле коёлу, Бишкекте деле майыптарга инфраструктуралык ыңгай түзүлгөн эмес. Министрлер кабинетинин алдында майыптыгы бар адамдардын иши боюнча кеңешме бар. Мында квартал сайын отурум болот. Ага мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар тобу, жардам берүүчү фонддор жана бардык мамлекеттик органдар кирет. Жакында эле чакан топ менен мониторинг жүргүздүк, чынында эле бизде ал адамдар транспортко, театр, филармония өңдүү имараттарга кире албайт экен. Бул — абдан чоң көйгөй. Ошол эле пандустар, өтмөктөр, тротуарлар ыңгайсыз салынган. Бул программа ушул инфраструктураларды түзүүгө багыт берет. Билим алуу жагынан да көп кыйынчылыктар бар. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине деле бул багытта иш алып баруу милдеттендирилген эмес. Бирок программаны иштеп чыктык. Башка мамлекеттик органдардан, фонддордон турган жумушчу топ да түзүлдү. Мамлекеттик органдар конвенциянын ченемдерин аткарышы керектигин түшүнүп, кичине болсо да жылыштар бар. Бирок ар бир иш акча каражатына барып такалышы мүмкүн.
— Программа абдан көп тармактуу экен. Мунун аткарылышын ким көзөмөлгө алат? Анткени талапты аткаруу үчүн иштебеген пандустун сөлөкөтүн орнотуп койгондорду да көрүп жатабыз...
— Программаны министрлер кабинети бекиткенден кийин көзөмөл администрацияга караштуу. Аны аткарууга тийиш болгон мамлекеттик органдар отчёт берип турабыз. Ал эки этап менен ишке ашырылат. Албетте, алдыга койгон максаттарга бир-эки жылда жетүү оор. Биринчи этап 2023-2026-жылдарга чейинки, ал эми экинчиси 2026-жылдан 2030-жылга чейинки убакытты камтыйт. Ушул аралыкта архитектура жана курулуш багытын конвенциянын ченемдерине тууралап, өзгөртүүлөрдү киргизип бүтүшү керек. Курула турган үйлөрдүн долбоорунун стандарты майып адамдарга ылайыкталганы каралып, анан кабыл алынышы зарыл. Алгачкы үч жылда ушул жагынан мыйзамдар иштелип чыгып, кийинки үч жылда ишке ашырылат. Тилекке каршы, бизде майыптуулугу бар адамдарга карата реабилитация системасы жаңыдан өнүгүп келе жатат. Кыргызстанда мындай борборлордун көбү жеке менчик, кызмат көрсөтүүсүнө көп акча алышат. Ал эми майыптыгы бар адамдардын пенсиясы да, социалдык төлөмү да чектелүү эле. Ошол себептен 18 жашка чейинки майыптуулугу бар балдар үчүн бекер борбор ачылды. Балдар үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана медико-социалдык комиссиялардын сунуштамасы, биздин министрликтин райондук социалдык бөлүмүнүн жолдомосу менен кабыл алынат.
Реабилитациялык бөлүмдөрдүн зарыл болуп жатканынын бир себеби — жылдан-жылга майыптуулугу бар адамдардын санынын көбөйүшү. Мисалы, былтыр өлкө боюнча 205 миң адамдын майыптуулугу бар экенин айтсак, быйыл жыл башынан бери 206 миңге жетти. Нерв, психикалык оорусу менен төрөлгөн ымыркайлар көп. Ошондуктан балалуу болууну каалаган жубайлар ден соолугун жакшы карап, дарыгерлердин айткандарын жасашы керек. Бул балдардын жөлөк пулун да көтөрдүк, мурда 4 000 сом алса, былтыртан бери 8 000 сом алып жатышат.
2019-жылдан бери бирөөнүн кароосуна күн-түн муктаж балдарга жеке ассистент кызматын киргизгенбиз. Анткени эч жерде иштебей балдарын карап жүргөн ата-эне карыганда өздөрү муктаж болуп калат экен. Учурда алар патент алып калгандыктан пенсия алууга укуктуу болушту.
Мугалим. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2023
Күчүктүн окуясы педагогдордун эмнеге муктаж экенин көрсөттү. Мугалимдин күндөлүгү
— Программада майыптыгы бар адамдарды жумуш менен камсыз кылуу да каралган экен. Алардын мектепте окушуна да шарттар керек эмеспи...
— Жумуш берүүчү уюмдардын майыптыгы бар адамдарга 5 пайыздык квота берүүсү Эмгек кодексинде каралган. Бирок азыр бул квота толбой жатат. Анткени аларга да шарт түзүп берүү керек, иш берүүчүнүн көбү алгысы келбейт. Адамдардын кепилдиктери жана укуктары боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Былтыр 200 адамды иш менен камсыз кылганбыз. Бош иш орундун талабына жооп бербей калган учурлар бар. Ошол себептен окутуу иштерин да колго алдык. Бардык эле жумуш издеп жаткан жарандар биздин министрликтин сайтына кирип маалымат алса болот. “Занятость kg” порталына арыз таштай алат.
— Муниципалитеттин жоопкерчилигин күчөтүү да каралганбы? Бирок аймактарда майыптыгы бар адамдардын абалын жакшыртуу иштери жасалып жатканына көзүм жетпейт.
— Муниципалитеттер майып адамдарды көңүл сыртында калтырып коюп жатышат. Канализация, жол жасап, суу киргизип, анан алардын жашоосуна көңүл бурбасак болбойт. Ар бир үй-бүлөнүн абалы менен жергиликтүү бийлик тааныш болушу керек. Аларга ушул милдеттемени айтканда эле “жок, силер штат ачып, кызматкер жибергиле” деп талап кылышат. Ар бир айыл өкмөттү, үйлөрдү толук кыдырууга мүмкүнчүлүгүбүз жетпей калат. Бул жагын жергиликтүү бийлик колго алышы керек. Социалдык жактан көз карашы жакшы айыл өкмөттөр айттырбай эле жасашат. Бишкектеги жер алдына кирүүчү өтмөктөрдө да майып адамдарга шарт каралган эмес. Бир жагына кирүүчү пандус жасап коюшкан, кайра чыга турган жери жок. Анда кирип алып эмне кылышат? Кантип чыгышат? “Шарт түздүк” деп отчет беришет, бирок текшерип коюшпайт. Коомдук транспортко коляскачан адам эмес, кары-картаңдар да түшө албайт. Себеби автобустар да бийик. Сатып алууда же шарт түзүүдө комиссияга майыптыгы бар адамдарды, коомдук уюмдардан да эксперттерди кошуу керек. Ошол эле учурда аялдамалардын салынышы да туура эмес, стандартка ылайыгы жок. Тепкич салып коюшат. Ал майыптарга эле эмес карыларга да тоскоолдук жаратат. Көзү азиздерге да канчанчы автобус келгенин, транспортко түшкөндөн кийин кайсы аялдамага жеткенин айтып туруучу үн жаздырма жок. Ошол эле жол чырактар да айтып турушу керек. Майыптыгы бар адамдардын укугу бузулуп жатат. Прокуратура да бул жагын акырын көзөмөлгө алып, майыптыгы бар адамдарга шарттын жоктугуна байланыштуу салык салып баштады.
— Программага медициналык тейлөө жагы да киргизилиптир. Протездик-ортопедиялык тутумду жакшыртуу дегени кандай?
— Министрликтин алдында протездик-ортопедиялык заводубуз бар. Бул жакта адамдарга бут, кол протездери жасалып, бут кийимдер тигилет. Заманга жараша протездерди чыгаруу үчүн адистерди Россиядан окутуп жатабыз. Жакында эле эки кичине балага заманбап кол протезин жасап бердик. Аны менен кружка кармап, бир нерсе жасай алат. Бут протездери да оор болуп, өйкөп, бат эле жараксыз болуп келген, азыр муну да жакшы жасоодобуз. Айрым учурда колу-буту кесилген адамга протез чак келбей калып, кайра операция жасатууга муктаж болушчу. Ошол себептен медициналык мекемелер менен кызматташуубуз керек экен.
— Ал эми билим берүү жаатында эмнелерди жасоо керек?
— Бул багытта да көйгөйлөр бар. Майыптуулугу бар бала да башкалардай билим алууга укуктуу, бирок ага биздин мектептер даяр эмес. Майып балдарды башка окуучулар менен аралаштырып интеграциялоого биринчи учурда мугалимдер да даяр болушу керек. Менталдык жактан мүчүлүштүгү бар окуучуларды да кадимки мектепте окутса коомго аралашып кетүүсү тездеп, аң-сезими да башка балдардай өсөт. Майыптыгы бар балдарды үйдө окуткан жагдайлар бар. Анда баланын билиминин сапаты, элге алынуусу да арсар болуп калат. Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар кошумча көңүлдү, мамилени талап кылат. Ошол себептен класста бир-эки мындай окуучу болсо мугалимге жардамчы жалдап же кошумча акы төлөп берүү керек. Майып балдарды интернатка жиберип же өзүнчө окутууга болбойт. Анткени башкалар да аларды кабыл ала албай калат. Ошол эле майыптыгы бар баланы көрбөй өскөн, бирге ойнобогон бала кийин мэр болсо, кантип ал адамдарга инфраструктура түзүп берет? Билим берүү мекемесинин ичин да ылайыкташтыруу зарыл.
Кызын жетелеп бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2023
Кара-Балтада каза болгон кыздын ата-энесинин да жоопкерчилиги каралат. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0