00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Күчүктүн окуясы педагогдордун эмнеге муктаж экенин көрсөттү. Мугалимдин күндөлүгү

© Фото / Pexels/ Mikhail NilovМугалим. Иллюстративдүү сүрөт
Мугалим. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2023
Жазылуу
Мугалимдердин маянасы көтөрүлүп, коомчулуктун мамилеси да өзгөрүп жатат. Балдар билим берген бул асыл кесиптин ээлеринин баркы көтөрүлсө экен дейбиз. Бул үчүн педагогдор да изденип, болгон билимин окуучусуна берүүгө, мыктылыгы менен үлгү болууга далалат жасашы керек.
Sputnik Кыргызстан редакциясы окутуучулардын үнүн коомго жеткирүү, бүгүнкү күндү алардын көзү менен карап көрүү максатында "Мугалимдин күндөлүгү" рубрикасын сунуштап келет. Мында ар бир мугалим мектептеги, коомдогу жүрөгүн өйүгөн, кесибине байланышкан маселелерди кагаз бетине түшүрүп, окурман менен ой бөлүшө алат.
Бул сапар орто мектептердин биринде мугалим жана психолог болуп эмгектенген окутуучу күндөлүк жазып, көз карашын билдирген.
...Азыр коомчулуктун көңүлүн бурган 3-класстын окуучусу Алихан жана анын күчүгү болсо керек. Алихандын бул кадамын чоң адамдай таразалоо туура эмес көрүнүш. Балдардын туура же туура эмес экенин ажыратып билүүсү үчүн көп убакыт керектелет. Ал эмес чоң эле мугалим окуучулар мектепке жаныбарларды алып келсе кандай мамиле жасоо керектигин түшүнбөй жатканын көрдүк. Анан 10 жаштагы бала кайдан билсин. Бирок менин баамымда бул үчүн баланы жана мугалимди сөз менен ташбараңга алуу туура эмес. Окуяны ар тараптуу кароого үйрөнсөк. Мугалимди күнөөлөп, кечирим сураттык, сөгүш берилди. Эмне өзгөрдү? Баары жабыркады. Бул окуя менен эмнени көрдүк? Балким, балдарга коомдук жайда адам өзүн кандай алып жүрүүсү керектигин түшүндүрүү зарылдыр? Жаныбарларга жаратылышта кам көрүү ыңгайлуу экенин айтуу ашыкча эмес чыгар?
Ал эми мугалимдин 10 жаштагы окуучуга карата жасаган мамилеси чектен чыккан десек болот. Педагог жөн жерден туруп эле ушундай абалга келип калбаса керек. Мектепте 500 окуучу болсо, бир класста 30 окуучунун 30 башка көз карашы, ой жүгүртүүсү бар. Ар бирине өз алдынча мамиле жасоо абдан кыйын. Балдардын окутуучусуна, классташтарына, коомчулукка карата жасаган мамилесине ким жооптуу? Биздин коомдо, албетте, мугалим. Бул учурда ата-эне 100-орунга жылып кетет. Мугалимдердин мектептеги балдардан башка үй-бүлөсү, тууганы, достору бар. Азыркы учурда мугалим болуп иштөө өтө оор. Эмнеге? Бат өнүккөн мезгилде мугалим дагы өнүгүүгө кадам таштабаса, окуучулар менен мугалимдин ортосунда ажырым абдан чоң болуп, бирин-бири түшүнүү кыйынчылык жаратат. Эгер эртеңки келечек ээлери мыкты тарбия алуусун кааласаңыз анда таалим-тарбия берип жаткан мугалимдерге кам көрүңүз. Азыркы учурдун талабына ылайык шарт түзүп, психологиялык абалына кам көрүү керек. Катуу кыйкырган адам — демек, катуу жабыркаган адам. Мугалим акырын сүйлөсө баланын жүрөгүнө жетмек. Кыйкыруу менен мугалим коомчулукта алсыз, билимсиздигин гана көрсөттү. Бирок ал мугалим окуучунун жакшы болуусун гана каалаган. Бир жолку окуя менен бүткүл кыргызстандык мугалимдердин деңгээлин ченеп койдук. Бул туурабы? Салыштыруу эң төмөнкү деңгээлди билдирет. Себеби окуучулардын мектепке жаныбар алып келген өңдүү окуялары болот жана болуп келген. Бирок маселени туура карап, акырын гана күчүктү сыртка чыгартып же маселени туура чечип койгон үчүн "чуу" чыкчу эмес.
Дагы бир моментти байкадым. Видеодо баланын көзүнчө автомат кармап бапылдап баланы урушуп жаткан мугалим эч нерсени этибар алган жок. Башка мугалимдер да байкабады. Анткени ага чейин уруш угуп, түртмөлөнгөн баланын алдында автомат кармап турган адамдын элеси коркунуч жаратышы мүмкүн. Ушунун өзү мугалимдерге дагы да психологиялык жактан билим керектигин айгинелейт. Себеби коомдун тарбиячысы, педагогу бардык жагынан алдыда болуп, мыкты мугалим, тарбиячы, психолог, сөзмөр, сезимтал жана байкагыч болуусу керек. Коом, балдар каякка кетип жатканын менин мектептеги кесиптештерим биринчи аңдап турушу зарыл. Атасына баласы акыл үйрөтпөгөндөй эле мугалим да дайым алдыда жүрүп, ал үчүн окушу керек. Тилекке каршы, азыр андай болбой жатат.
Чоңдор ар дайым балдардын табиятына каршы мамиле жасайбыз. Бул мугалимдерге гана тиешелүү эмес. Балдарды өзүбүз билген рамкага салууга аракеттенебиз. Демек, баарыбыз өз ордубуздан кыймылдап бир нерсе жасообуз керек. Мугалим эмнеге милдеттүү, эмнени жасоого такыр болбойт деген инструктаж өтүлсө жакшы жыйынтык болмок. Бул окуя бизди эмнеге үйрөттү? Ушул суроонун үстүндө ар бир кайдыгер эмес адам ойлонушу керек. Анан да мамлекет педагогдордун психологиялык-эмоционалдык сабаттуулугун көтөрүүсү абзел.
Балатыга келген балдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2022
Шаар мектептериндеги эптеп өткөн балаты майрамдары. Мугалимдин күндөлүгү
Жаңылыктар түрмөгү
0