Кара-Балтада каза болгон кыздын ата-энесинин да жоопкерчилиги каралат. Маек

© Фото / пресс-служба МИД КРКызын жетелеп бараткан аял. Архив
Кызын жетелеп бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2023
Жазылуу
Жакында эле Кара-Балта шаарында жети жашар кыз каза болду. Анын энеси миграцияда жүргөнү маалымдалды. Учурда мигранттардын балдарынын абалы жана аларга жасалган камкордук талкууга алынууда.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Үй-бүлөгө жана балдарга кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Тодогелдиев болду.
© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник управления по поддержке семьи и защиты детей Минтруда и соцразвития Бакыт Тодогелдиев
Начальник управления по поддержке семьи и защиты детей Минтруда и соцразвития Бакыт Тодогелдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2023
Начальник управления по поддержке семьи и защиты детей Минтруда и соцразвития Бакыт Тодогелдиев
— Кара-Балтадагы окуя курч талкуу жаратты. Мигранттардын балдарына кам көрүү маселеси кайрадан көтөрүлүп калды. Бүгүн балдарга кам көрүү жаатында кандай иш-аракеттер көрүлүп жатат?
— Мамлекеттик же муниципалдык органдар мыйзамга таянып иш алып барат. Жалпылап "мигранттын балдары" деп айтканыбыз менен кимиси кандай жардамга муктаждыгын ажыратып билүү керек. Ошол себептен аларды турмуштук оор абалда калган балдар катары санап, биздин министрликтин аймактык башкармалыктары багыт боюнча тиешелүү жумуштарды алып барат. Жылына ушундай оор тагдырга кабылган 5000 бала аныкталат. Аларга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар тарабынан көмөк көрсөтүлүп келет. 2022-жылы 290 миң үйдү кыдырып, балдардын абалы текшерилген. Мунун жыйынтыгы менен 92 миң баланын ата-энеси миграцияга кеткени аныкталган. Айрым балдар туугандарыныкында жашаса, кээ бирлери таанышынын эле үйүндө калган. Ошол балдар мектепке барып жатабы, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү барбы-жокпу, кандайдыр бир медициналык кызматтарды алар-албасы такталат. Мисалы, 82 бала ата-энесинин тааныштарынын үйүнөн табылган. Бүгүнкү күндө мыйзам буга жол бербейт. Мында ата-эненин жоопкерчилиги каралат. Өзүңөр билгендей, жарандар Конституциянын негизинде баласын 18 жашка толгонго чейин багууга, окутууга, толук шарт түзүп берүүгө милдеттүү. Мамлекет кароосуз калган же жетим балдарды гана өз камкордугуна алып, тиешелүү иштерди жасайт. Ошого карабастан балдарын башкаларга калтырып чет мамлекетке чыгып кеткендер кездешип жатат. Түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө баланы алып калгандар да акча үчүн багып жатканы белгилүү болгон. Мигранттар баласынын тамак-ашынан тышкары ошол үй-бүлөгө да айлык сыяктуу айына каражат жиберип турат. Оор кырдаалда калган жогорудагы беш миңге зомбулук көргөн, көчөдө калган же мыйзам менен чатагы бар, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок же кандайдыр бир мамлекеттик кызматтын көзөмөлүндө болбогон бөбөктөр кирет.
— Кара-Балтадагы кыздын окуясында атасы жанында экен. Бирок коомчулук кошуналарын, айылдаштарын жана социалдык кызматкерлерди да күнөөлөштү. Чынында ал ачкалыктан каза болгонбу?
— Мында ар бир нерсени талдоо керек. "Ачка калды" деген чындыкка дал келбейт. Ушул маалымат түшкөндө эле үйүнө барып иш жүргүзүлгөн. Маркум кызды кошкондо үй-бүлөдө жалпы беш бала болгон. Анын үчөө кыз, экөө эркек. Улуусу 18 жашта болсо, эң кенжеси бул кыздан да кичине. Биздин кызматкерлер барып караганда үйүндө минималдык керектөөдөгү азыктар табылган. Балдар онлайн окуп жаткан мезгилде үйүндө телефон, ноутбук бар экен. Жакшы турушпаса да, керектүү нерселердин баары бар. Социалдык тармакка чыгып кеткен маалыматтар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бала беш жашка толгонго чейин медициналык кызматкердин көзөмөлүндө болушу шарт. Бардык балдар алты жашка толгондо жалпы эмдөөдөн өтөт. Мамлекеттик бир органды айыптоодон алысмын, анткени кандай болгон күндө да алгач ата-эне күнөөлүү. Кыздын мектепке барган-барбаганы да каралып, учурда комиссия иштеп жатат. Азыр ал тууралуу жыйынтык чыгарууга али эрте.
Мигрант ата-энесин сагынган бала кусалыктан кандай азап чегет? Психологдун видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2022
Мигрант ата-энесин сагынган бала кандай азап чегет? Психологдун видеомаеги
— Ооба, ата-эненин күнөөсү. Бирок тийиштүү кызматкерлер да компетенттүү иш алып барышы керек. Өлкөдө социалдык кызматкерлер жетиштүүбү?
— Учурда 937 социалдык кызматкер бар. Алар кары-картаңдарды, кыйын абалда калган балдарды, жалгыз бой жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды көзөмөлгө алуу менен тийиштүү иштерди алып барат. Республика боюнча 2,5 миллиондон ашык бала бар. Ар биринин жашоо-шартын толук көзөмөлдөө үчүн ошончо жумушчу керек. Анын үстүнө балдарын кароо үчүн ата-энелерге толук укук берилип, милдет жүктөлгөн. Кыз үч күндөн бери ооруп жатыптыр. Мында эмне үчүн атасы ооруканага алып барган эмес деген суроо туулат. Азыр коом өзгөрүп, талаптар да башка. Уюлдук телефон аркылуу ооруканага кезекке туруп, баланы көрсөтүүгө да мүмкүнчүлүк бар. Муну менен катар балдардын 111 ишеним номериндеги кызматы иштейт. Буга да абалды айтып маалымат таштоого болот. Керек болсо ал кыздын туугандары менен кошуналары да кайрылган эмес. Жыл башында социалдык кызматкерлер ал үй-бүлөгө азык-түлүк алып барып, мониторинг жүргүзгөн экен.
— Комиссиянын жыйынтыгы менен кыздын атасынын да жоопкерчилиги каралабы?
— Учурда комиссия "атасы каякты карап жаткан. эмне болгон?" деген маселелерди иликтеп жатат. Муну менен катар алыста жүрсө да телефон аркылуу балдарынан кабар алып, доктор чакырттырбаган апасынын жоопкерчилиги да каралат.
— Мониторинг канча убакта бир жүргүзүлүп турушу керек?
— Негизи мониторинг бардык мекеме аркылуу жүрөт. Мисалы, бала мектепке келбей жатса мугалимдер дайынын билип, бир жумадан ашып кетсе издеп барышы керек. Экинчиси, медициналык мекемеге кайрылса абалын карап, оор болсо борборго жөнөтүүнү айтып, ата-энесине, социалдык кызматкерлерге коңгуроо кагышы зарыл эле. Жергиликтүү бийлик айыл тургундарынын турмуш жагдайын жакшы билет. Ошол эле учурда участкалык милиция да кыдырып иш алып барат. Бул да мониторинг. Анын жыйынтыгында кынтык иш байкалса гана ыкчам түрдө тийиштүү жактарга белги берилет. Өлкө боюнча бардык үйдү бирден кыдырып чыгуу мүмкүн эмес. Мында айыл жергесинде жергиликтүү бийликтин ролу өтө чоң. Алар райондук деңгээлдеги кызматкерлерге кабар берип турса жакшы болмок. Ар бирибиз кайдыгер болбой, жакындарыбызга көз сала жүрөлүчү.
Бала кармап турган аля. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Алимент алчулар көп. Акысыз юридикалык жардамды кимдер ала алат. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0