Кыргыз элинин багына жаралган талант. Бакен Кыдыкеева жөнүндө 5 факт

© Фото / Александр ФедоровСССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, таланттуу актриса Бакен Кыдыкеева. Архив
СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, таланттуу актриса Бакен Кыдыкеева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2022
Жазылуу
Бүгүн СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, таланттуу актриса Бакен Кыдыкееванын туулган күнү.
Театр жана кино чебери көзү тирүү болгондо быйыл 99 жашка толмок. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги СССРдин эл артисти жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Мугалимдин кызы. Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Чүй облусундагы Төкөлдөш айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Чыгармачылык жолун 1936-жылы Жаш көрүүчүлөр театрынан баштап, Лопе де Веганын "Койлуу булак" драмасында Лауренсиянын ролун аткарып, сахнага 13 жашында чыккан. Кино жаатына биринчилерден болуп 1955-жылы кыргыздын алгачкы толук метраждуу "Салтанат" тасмасына башкы ролду ойноп тартылып, аралашкан.
© Александр ФедоровК 92-летию кыргызской актрисы Бакен Кыдыкеевой
К 92-летию кыргызской актрисы Бакен Кыдыкеевой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2022
Мектепти бүтүп эле театрга кирген. Ал жети класстык мектепти бүткөндөн кийин ата-энесине айтпай театрга кирип алат. Бирок атасы ага каршы чыгып, Кыдыкеева ал жактан чыгуу үчүн арыз жазганы жумушка барса жаңы роль сунушташат. Тагдырдын жазмышы ушул экен деген болочоктогу атактуу актриса эч кимге билгизбей сахнага чыгып, ролду майын чыгара аткарат. Андан соң атасы кызынын таланты тууралуу гезит бетинен окуп, ага чыгармачылык менен алектенүүгө макулдук берет. Ошондон баштап ал кызынын туруктуу күйөрманы болуп, өмүрүнүн аягына чейин ар бир жаңы спектаклине гүл көтөрүп барууну адат кылып алган экен.
© Фото / Александр ФедоровК 92-летию кыргызской актрисы Бакен Кыдыкеевой
К 92-летию кыргызской актрисы Бакен Кыдыкеевой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2022
Театр жана кинодогу Бакен. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты кийин Ысык-Көл, Нарын облусундагы театрда иштеп, Кыргыз драма театрында көп жыл эмгектенген. Ыйык сахнада Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Ашыраалы Боталиев, Насыр Кытаев өңдүү залкарлар менен кесиптеш болуп жүздөгөн ролду ийине жеткире аткарган. Ал эми кинодо "Саманчынын жолу", "Биринчи мугалим", "Көчө", "Көздүн кареги", "Революциянын атчандары", "Караш-караш окуясы", "Тайгак кечүү", "Жоргонун жүрүшү", "Ашуу", "Токтогул", "Каныбек", "Аманатта" роль жараткан. Андан сырткары, коңшу казак, өзбек кинорежиссёрлору актрисаны өз тасмаларына тартуу үчүн байма-бай чакырышкан.
Чебер устат. СССРдин эл артисти ата мекендик искусствонун өнүгүшүнө бараандуу салым кошкон. Кезегинде далай жаш таланттарга жол көрсөтүп, алардан жардамын аяган эмес. Алсак, Мираида Далбаева, Таттыбүбү Турсунбаева жана Жамал Сейдакматова өңдүү бир топ чыгармачыл инсандарды тарбиялаган.
© Фото / Александр ФедоровКыргыздын карлыгач актрисасы 70 жаш курагында жол кырсыгынан көз жумган
К 92-летию кыргызской актрисы Бакен Кыдыкеевой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2022
Театрдан куулган инсан. Өзүнүн чыгармачылык жолунда сахна жылдызы ар кандай бут тосууларга кабылып, эки жолу театрдан айдалып, ал жактан үч-төрт жылдай чыгып калган. Учурунда анын 60 жылга жакын эмгегине тиешелүү баа берилген эмес. Жеке жашоосунда да өйдө-ылдый болуп, 33 жаштагы кызынан айрылып калган. Кыргыздын карлыгач актрисасы 70 жаш курагында жол кырсыгынан көз жумган. Анын ысымын учурда борбор калаадагы Жаш көрүүчүлөр театры жана бир көчө алып жүрөт.
Актриса Шайыр Касымалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2022
Чемоданда чоңойгон. Актриса Шайыр Касымалиева тууралуу 8 факты
Жаңылыктар түрмөгү
0