Aero India 2023: Москва менен Нью-Дели Су-57ни биргелешип чыгарууга даяр

© Sputnik / Александр Мельников / Медиабанкка өтүүAero India 2023 көргөзмөсүндөгү Су-57 учагынын макети
Aero India 2023 көргөзмөсүндөгү Су-57 учагынын макети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2023
Жазылуу
Индия Россиянын курал-жарагын алган негизги кардардын бири, акыркы 30 жылдын ичинде 70 миллиард долларлык арсенал алган.
Россияны оолактатып, дүйнөдөн бөлүп салуу жамааттык Батыштын ишке ашпас кыялы бойдон кала берет шекилдүү. Муну Мюнхенде өткөн коопсуздук боюнча конференция жана Индия менен БАЭде болгон курал-жарактын ири көргөзмөсү тастыктап койду. Акыркы иш-чарада Россиянын Коргоо-өнөр жай комплекси адаттагыдай эле көңүл чордонунда болуп, АКШ башында турган мамлекеттердин көбүнө технологиялык багытта үлгү бойдон кала бермекчи. Төмөндө аскерий баяндамачы Александр Хроленконун жагдайга баам салган аналитикасы сунушталат.
Россия атайын операциянын жүрүшүндө да, дүйнөлүк рынокто да улуттук коопсуздукту кантип коргоо керектигин, гегемония жана неоколониализм менен кантип күрөшүү керектигин көрсөтүп келет. Батыш өлкөлөрү Мюнхен конференциясын Африка жана Латын Америка мамлекеттеринин Россияга карата тышкы саясатын катаалдаттыруу үчүн колдонууга аракет кылды эле, майнап чыкпады. "Глобалдуу түштүктүн" көз карандысыздыгы жана Кытай менен Индиянын өз алдынчалуулугу Вашингтондун каалоосу менен түзүлгөн бир полярдуу дүйнөнүн кыйраганын көрсөттү.
Батыштын саясий кадырын февралдагы аскерий-технологиялык утулушу да бир топ төмөндөтүп салды. Индияда өткөн Aero India 2023 аталышындагы авиакосмостук көргөзмө менен БАЭдеги курал-жарак продукциясынын IDEX 2023 көргөзмөсүндөгү россиялык мыкты үлгүлөр ушу тапта адистер менен буюртмачылардын көңүл борборунда турат. Aero India 2023түн жайкы программасын Индия Куралдуу күчтөрүнүн Су-30МКИ жана МиГ-29UPG учактары ачты.
Индия Россиянын Су-30 истребителинен 272ни алган (анын басымдуусу Индияда чогултулган эле), мындан ары да суверендүүлүктү чындап камсыздоочу россиялык авиатехника сатып алууга миллиарддаган доллар жумшоого даяр.
Бангладордо өткөн авиакосмостук көргөзмөдө (13-17-февраль) Индия менен Россия Су-57 истребителинин бешинчи муундагысын Hindustan Aeronautics Limited корпорациясынын технологиялык базасын колдонуу менен чыгарууну сүйлөшүштү. Эки өлкө тең Су-30МКИ истребителинин төртүнчү муунун чыгарууда тажрыйба топтогон. Ал эми бул учак Индия Куралдуу күчтөрүнүн негизин түзөт. Буга чейин Нью-Дели менен Москва FGFA программасынын алкагында бешинчи муундагы истребителин биргеликте иштеп чыгышкан. Military Watch Magazine тараткан маалымат боюнча ири буйрутма берип, Су-57ни лицензиянын негизинде чыгара баштоо Индия үчүн бешинчи муундагы истребителге ээ болуунун жападан жалгыз жолу. Нью-Дели бул жаатта аскердик-саясий себептерден улам Пекин менен да, Вашингтон менен да кызматташа албайт.
Технологиялык көз караштан алып караганда Индиянын тандоосу абдан туура. Американын Military Watch басылмасы да Су-57нин согуштук тажрыйбасын белгилеп, дүйнөлүк аналогдордон артыкчылык кыларын белгилеген. Россия Аскер-космостук күчтөрүнүн Су-57ден турган биринчи полку 2023-жылдын соңуна чейин түзүлүп бүтөт.
Leopard 2 танкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина НАТО танкаларынан ала элек жатып кол жууп жатат
Истребителге берген баа жогору, алты радар колдонулуп, маневрларды мыкты жасайт. Бутаны 400 чакырымдан жок кылуучу Р-37М гиперүндүү ракеталары бар. Россия Бангладордо Аскер-аба күчтөрү менен Абадан коргонуу техникасынын эки жүздөй мыкты үлгүсүн көрсөттү. Алардын арасында көп функционалдуу МиГ-35Д истребителдери, Ка-52, Ми-28Н жана Ми-8АМТШ тик учактарынын экспорттук түрлөрү болду.
Индия Россиянын курал-жарагын алган негизги кардардын бири, акыркы 30 жылдын ичинде 70 миллиард долларлык арсенал алган. Аскердик буйрутмалардын портфели 2024-жылдын соңуна чейин С-400 ракета системасынан беш комплектисин камтыйт. Буга чейин Индия менен Россия 2030-жылга чейин аскердик-техникалык кызматташуу программасын бекиткен. Ал арада россиялык истребителдерди Жакынкы Чыгышта биргелешип өндүрүү аракети да ийгиликтүү болору анык болуп турат. Россиянын Checkmate истребители Dubai Airshow 2021 эл аралык көргөзмөсүнө коюлду.
Абу-Дабидеги IDEX 2023 көргөзмөсүнүн 20-февралда болгон ачылышында "Рособоронэкспорттун" генералдык директору Александр Михеев россиялык авиатехникага жана куралдын башка түрүнө дүйнөлүк рынокто суроо-талап абдан жогору экенин белгиледи. Жыл сайын чет жакка сатуудан 13 миллиард доллар түшөт, ал эми буйрутма портфели дайым 50 миллиард доллардан ашат. Бул акча Россиянын коргонуу жөндөмү туруктуу өсүп жатканынын кыйыр далили. IDEX 2023 көргөзмөсүндө курал-жарактын 200 түрү коюлган павильон ондон мамлекеттен келген аскер адистеринин, конструкторлорунун жана журналисттердин кызыгуусун арттырган борборго айланды. Анда дүйнөдөгү эң күчтүү делген Т-90СМ "Прорыв" танкы, "Терминатор" деп аталган танкаларды колдоочу аскер машиналары, атаандаштар үчүн кол жеткис болгон С-400, "Триумф" жана "Антей-4000" ракета системалары, орто аралыкка атылуучу "Витязь" жана "Викинг" деп аталган С-350Е абадан коргоочу каражаттар, "Панцирь-С1М" зениттик ракета-замбирек комплекси, "Верба" көчмө зениттик-ракеталык комплекси жана башка бир катар заманбап атуучу куралдар коюлган.
Россия азыркы ээлеп турган ордун бошото койбойт, 20 пайызы россиялык өндүрүшкө туура келген дүйнөлүк рынокто алдыңкы технологиялар менен каршылашты жок кылуучу майнаптуу каражаттардын укмуштуудай атаандаштыгы жүрүп келет. АКШ менен НАТО мамлекеттеринин абийирсиз атаандаштыктын ыкмаларын колдонуу аракеттери (антироссиялык санкциялар жана өнөктөштөргө кысым көрсөтүү) ийгиликке жеткирбейт. Анын үстүнө чыныгы согуш талаасында Батыш куралы технология жагынан бир топ артта экенин көрсөттү.
Россиянын Тышкы чалгын кызматынын маалыматында: "Россияга агрессия көрсөтүлө баштаган 2021-жылдын декабрынан тарта НАТО Украина Куралдуу күчтөрүнө абадан коргонуунун 1 170 комплектисин, 440 танк, 1510 аскердик машина, 655 артиллериялык система берилген". Куралдын басымдуу бөлүгү эбак жок болгон. Батышты аскердик-технологиялык жактан басмырлоо рынокто да, Украина "театрында" да уланып жатат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
НАТОнун коргоо министрлери Брюсселдеги жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Брюсселдеги жолугушуу жана "Рамштайн-9". Украинанын кызыкчылыгы кайда калды?
Жаңылыктар түрмөгү
0