Байгеден улам кытайлар менен калмактардын чыр чыгарышы. "Манас" баянынан 7 факт

© Фото / Теодор ГерценКалмак баатыры Жолой. Архив
Калмак баатыры Жолой. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2023
Жазылуу
Мудагы баяныбызда Көкөтөйдүн ашындагы эр эңиш жана ат чабыштан чыккан чыр туурасында айтып бергенбиз.
Аттардын байгелерин кытайлар менен калмактардын тартып алып кетиши. Манас ат чабыштан алган байгелерин Үч-Булактын Кара-Суу деген жерине топтоп кайтартып коюптур. Эртеси көз байланганда келип караса байге кайтарган он алты чоро ойрондолуп сабалып, башы-көзү жарылып, колу-буту таңылып жатат. Айкөл не болгонун сураса малдын бирин да койбой айдап кетиптир. Алардын башында кытайдан Коң төрө, Кырмус уулу Мурадил, Кызыл чоктуу Нескара, калмактан Ушаң, кара жалдуу Будаңчаң, каткалаңдын Сайкалы, солондон Алооке, доңуз кыял эр Жолой, Токшукердин Бозкертик, солон башы Соорондук турат экен. Булардын жигиттери эле эмес, өздөрү баш болуп баары чогулуп "төө айдашып боздотуп, жөн малын айдап топтотуп, кишенетип жылкы айдап" кеткен экен. Кишилери айгайлап, тай, кулуну чуркурап, талаадан тозоң буркурап, уй айдашып мөөрөтүп, кой айдатып мааратып бир башкача шаң менен кетиптир Күн чыгыш көздөп кечээ эле. Алар ат чабышта байге туура эмес бөлүштүрүлдү деп ичи тызылдап аткан экен. Айдалып бараткан байге малын тосомун деп тогуз уулдун кенжеси Эламан байдын эркеси Эр Төштүк кырк миң колу менен чыкты. Кытай-калмактын кеткен жагы Терс-Маёонун жолу экен, Терс-Маёонун ою экен, тээ илгери Текес кан турган журт экен. "Бирөөсүн да кайтарбайбыз, элге баарын сактайбыз, байге эле эмес Коңурбай, Жолой жол берсе буруттун баарын тыптыйпыл чаап кетебиз" деп кытай журту калмак менен биригип кыжылдайт да, быжылдайт. "Кыргынды кыйын салабыз, кызыталак чантуунун кызынан тартуу алабыз, уруксат тийсе чоңдордон, уйпалап чаап салабыз, уруп кеткен буруттун уулунан тартуу алабыз, босогосун кыйратып, боз уланын ыйлатып, боордон байтал туйлатып, керегесин кыйратып, келин-кызын ыйлатып, кериден бээсин туйлатып, укуругун шиш кылып, унуткусуз иш кылып, туурдугун ичмек кылабыз, туташын койбой кырабыз, үзүгүн ичмек кылабыз, үлгүртпөстөн кырабыз" деп оолугуп алган андан көп. Ачбуудандын байгесин алдырганча кыргыздар менен кырылышып көрөлү, булардын жеринин четинен чыгып кетели, Терс-Маёодон өткөнчө, Эчкиликтин эки чат, эптеп ошого жеткенче малды катуу айдайлы, алдынан бири кезиксе койдой союп жайлайлы дешип шашып алган мындан көп.
Манас байгелерди койгон жерге келгенде. Малга кароолго коюлган жигиттердин он алтысы өлөр-өлбөс жарадар экен, кай бирлери кайыңга чыгып жашынып, кай бири карагай аралап качыптыр. Муну билген соң куугун болуп Көкөтөй уулу Бокмурун жүз миң кол менен атасынын көк туусун көтөрүп жөнөптүр, Алмалуу-Сууга жеткенде астынан Төштүктүн колу кошулат. Бул эки колду көргөндө эси чыгып калмактын Ушаңы отуз беш миң колун алып, "силер менен урушуу ниетим жок" деп кытайлар менен калмактардын артынан ээрчибей коёт. Муну угуп Жолой өзүнүн элүү миң аскерине кытайдан сурап дагы кырк миң кошуп – баары токсон миң менен "жан көрүнбөй көзүнө, желегин желге жапырып, Ушаңды көздөй качырып, чаңды обого сапырып, найзага желек туу байлап" урушка кирет. Анын келе жатканынан эси чыгып эки калмак – Будаңчаң менен Ушаң биригип, качып жөнөп калыптыр, артынан кууп Жолой токсон бешин колго түшүрүп, ат-тонун олжолойт. Кара калмак түн бою бири менен бири карсылдашып кармашты, супа садык чалганда, таң сөгүлүп калганда уруш кайра күчөдү.
Манастын кайгырганы. Ушул кечте Эр Манас уйку менен жатпады, жакындарын жанына чакырып алды да, кытай да болсо кылым журт, кыжылдаган кызталак, көпчүлүгү кара курт, калмак да болсо кандуу журт, кайнаган бу да кара курт, бу калмактар акыры тууган болор деп ойлосом болбойт экен, ойрон болгон ит Жолой самаган экен урушту деп не кыларын биле албай, бир куласага келе албай, эми жаратканым жар болсо, талпагын ташка керейин, ат байгесин тарттырып алдырганча өлөйүн, байгени берди дегенче Манасты өлдү дегиле, батаңды кыла келгиле" деди. Көпчүлүк кыжырданып, муюп укту. Эр Төштүктү өзүнө чакырды эле келбеди, сураштырса Төштүк эбак кууп кетиптир Коңурбай, Жолой капырды. Байгесин алган Жедигердин Багышы алгандарынан кол жууганын угуп эле учкан аттай күүлөнүп, мунусу кандай кордук деп урган таштай сүйлөнүп, айгайлаган чуу менен, айчык алтын туу менен алдындагы жети миң колун алып, ал да кетти куугунга. Артынан эки миңи менен Агыш, андан соң Акбай өз колу менен аттанды. Булар баары Текестин жолуна жөнөдү. Катагандын Кошою байгенин не болгон кабарын угар менен он бир миңин жыйнады, ал да булардын артынан калбады. Түн боюнча жыйылып түмөн кол болду кыргыздар. Калмактардын Будаңчаң, Ушаң эки кол Кендегердин коосунда кытай жоосуна кез келип айла таппай турган экен. Кыргыздар келип калганда Ушаң буларга Жолой кол салганын, кыргызга душмандыгы жок экенин айтып алдынан чыкты ак тилегин билдирип.
Кууган кытай менен калмакка жакындап кыргыз колу барып калды. Эр Кошой ак сакалын жайкалтып, боз жоргону чайпалтып кыргыз аскерлеринин алдына чыкты. Күн жаңыдан чалганда, көлөкө тоодо калганда алардын сабына көк жал Манас жете барды. Аргымак, бедөө жалпоочтоп, азаматты шайдооттоп, Аккуланы бош коштоп алган. Бир жагында Алмамбет, бир жагында Сыргак менен Чубак. Булар эле эмес Ажыбай менен Чалыбай, кыраан баатыр Кутунай жүрөт. Найзанын учу жылтылдайт, аскердин башы кылкылдайт, жер союлуп былкылдайт. Булардан кечирим сурап Будаңчаң, Ушаң жүрөт бир жеринде. Ушул кезде кужулдап кытай, калмагы Кулжага жакын барыптыр, Тескей тоосу түгөнбөй Алтайга кирген учу бар, Күнгөй тоосу түгөнүп талаа болгон тушу бар. Тоо түгөнгөндө Күркөө, Күйүк жери бар, Кундактын суусун бойлошуп, кутурушуп ойношуп, кужулдаган калмактар кутулдук деп ойлошуп кудуңдап атканда кара башыл туу менен, кара жер көчкөн чуу менен каптап кирди кара кыргыздар. Байге алар менен калмактар Аскар уулу Жумабек дегенге айттырышкан экен, Чанактын айылы тоодон түшсүн, сулуу Кыяш катын баш болуп, Кан Коңурбай баатырдын астын тосуп чыксын деп, жылкыдан мынча сойсун деп, ак чучугун күрүчтөп азыр кылып койсун деп, аракты арбын тартсын деп, коросон арак тарттырып, кош атанга артсын деп. Булар Төтөнү көздөй салганда Жумабекти чаптырган. Ал түн бою жол жүрдү, жол жүргөндө мол жүрдү, бир күн, бир түн өткөн соң Чанакка жетет. Алардын эли Убаң тоонун оюна, өйүз жагы Кулжага, Курдум суунун боюна толо конгон экен. "Кыргызды кырып салдык, малдарын олжолоп алдык" деп келет. Бул жерде кырк уруу калмак, аксакалы-көксакалы чогулган экен, акыл калчаганы "бу кандай болуп кетти, Арстан Манас бар болсо силерге алдырбайт эле" деп күмөн санашты. Жолой келди аңгыча.
Жоокерлердин кийимин кийген адамдар Таласта “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2023
Көкөтөйдүн ашында Кошой менен Жолойдун күрөшү. Улуу баяндан 6 факт
Куугун келет артынан. Керней үнү бапылдап, сурнай үнү такылдап, асабалар жалпылдап, алтындуу туулар жаркылдап, атылган мылтык тарсылдап, кырк уруу кыргыз буркурап, кыргын салып чуркурап, төшкө найза коюшуп, айбалталап капырдын төбөлөрүн оюшуп, мойнуна кылыч салышып, алыскысын найзалап, жакынкысын кылыч менен кайсалап, мылтык менен атышып, капталдан канга батышып кыргыздар келет байге алып качкандарды кыйсыпыр кылып талкалап. Атына эптеп мине албай, бекинер жерин биле албай кытайдын көбү кырылды, кутулбасын билгендердин кыйласынын Курдумга бою урулду. Он беш миң колун баштап Алоокеси артына кылчайбай качты. Мурадил, Коңурбай, Нескара жүз элүү миң кол менен жүрөт. Буларга кошулууга Ороңгу келди ороңдоп, Кулабээсинин куйругу көтөрүлүп сороңдоп. Анын жаасы өгүздүн белиндей, оң колунда капырдын токсон кез найза короёт. Бул үчөөнүн колун көрүп шерденип Коң төрө урушка кирди бакырып, чын ураанын чакырып, Алгара атын ойнотуп. Муну он тогузда жашы бар Көкөтөй уулу Бокмурун көрүп туруп бук болду, тартып алган байгесин ээлерине кайтып берейин, бу кутурган немени оодара сайып жок кылайын деп ок жетпеген Мааникерди минди. Аны көрүп Эр Кошой "балтыр этиң толо элек, балбан күчүң боло элек, жүрөк этиң толо элек, жүткүнөр кезиң боло элек, өрөпкүп, балам, барбагын, өчмөндүү болгон доңузга алдырып намыс салбагын" деп токтотуп турат. Ансыз да анын аш берем деп малын түгөл жоготконуна жаны ачып коёт Кошой дөө. Кан Коңурбайдын баатырлыгы ашыктыгын, балбандыгы башкача экендигин, капастагы кара шер экендигин, казат десе дегдегендигин, каны суюк бул немени Канкор Манас да жеңбегенин айтат. Эр Кошойдун казатка жибербей жатканына ачуусу келген Бокмурун: "Ата, кокуй, абаке, акылыңыз канаке, жазуудан артык жан өлбөс, тактада жатып кан өлбөс, ажал жалгыз, айда өлбөс, адам уулу кайда өлбөс, өлбөгөн бенде не көрбөс, өзү кадыр алданын, өкүмүнө ким көнбөс, абаке Кошой, акылман, ак сакалдуу болгондо айрылдыңбы акылдан", - деп бата сурап чамынып туруп алат. Кошой не кылат, жигиттин шагын сындырбай айтылуу ак батасын берип салат.
Бокмурундун эрдиги. Ошол кезде Эр Манас бу Коңурбай менин байгемди алып кетти, эми бу кызыталак калчага баруучу киши табылбас, ага бир барса – пери барат, бир барса – жин барат, ага пендеден адам бара албас деп туруп калат. Ал учурда Бокмурун мен чыгамын деп оолугуп аткан, аны бата берген Кошойдон башка билген киши жок. Ооздугун чыгартып, октой болгон Аккула ат кара суудан сугартып, кара боюн каптатып турганда казактардан Жоорунчу баатыр Манаска жетип барып, Көкөтөйдүн Бокмурун көпкөк темир тон кийип майданга кирип калды деп айтып салат. Муну угуп Айкөл "алда кандай шумурай, алаптабай тим турбай, намыстанып алган го, сыйласа сыйрып турганга ачуу келип калган го" деп Аккуланы тарттырып, алтындуу жарак артынып, жаалы чыгып сөзүнөн, жалыны чыгып көзүнөн, күркүрөшү күн болуп, карарышы түн болуп, бетинен чыгып заары беш байпактык жүн болду. Баатырын көрүп кырк чоро, Кыргыл, Бакай карысы, айран азыр калышты. Ал аңгыча болбоду, калмак, кытай колунан Алгара атын ойнотуп Коңурбай чыкты тыяктан. Мааникерди кындыйтып, бадананы зымпыйтып Бокмурун чыкты быяктан. "Челишмекке жекеге чыкканың чынбы, Бокмурун" деп Коңурбай желегин желге жапырып качырып кирди. Бокмурун желеги жибек найзасын сунду, ошол кезде жебедей учкан Мааникер дароо жетти көз ачып жумганча. Эр Бокмурун жүрөк тушка сайыптыр, ал оңдолгончо Коң төрө төшкө коюп алыптыр. Бокмурундун сайганы чарайнага тийиптир, ошого Коң төрөнүн көзүнөн оту жарк этиптир да, ээрдин минип көтүнө, каар толуп бетине, тура бергенде желдей учуп Мааникер Бокмурун көтөрүлгөн көт жакка найза сыйып ийиптир, найза сайып өткөндө, кара самбыл кытай шымы канга толтуруптур. Намыстанып чоң төрө аттын башын аскерин карай буруптур. Муну көрүп Мааникер дагы артынан жетиптир, Бокмурун өлчөөсүнүн тушу деп, өлөр жери ушу деп, сооттун жогор чети деп, туулганын катеби, как чыкыйдын бети деп дагы найза шилтеди эле, анысы сооттун жакасына илинди. Коңурбай Алгара мойнун кучактап, артынан каны буурчактап качып жөнөдү. Коңурбай менен бир келген Нескара Эр Бокмурун балага кыйкырып кылыч салыптыр. Өзүн чаппай найзасын Коңурбайдын дартынан кыя чаап салыптыр. Найза колдон кесилди, Эр Коңурбай жутканча Нескара кылды кесирди. Муну көрүп Эр Манас "атаңдын көрү кырк баатыр, кырылдыңбы таптакыр" деп Аккулага камчы салды. Кырк баатыр чыкты кыйкырып, Чаталактын талаасын чаң-тозоңго бастырып. Бозжоргону аргытып, артынан чаңын баргытып Кошой кирди бир жактан, Чалкуйрукту чуратып, чаңды артынан буратып Төштүк кирди бир жактан. Калмак, кытай олжосун таштай качты, коржоңдогон Нескарасы колго түштү. Набыт болду канча жан, качканы качып кутулду, карарган малдын баарысы кыргызга бүтүн тутулду. Эр Коңурбай жарадар бойдон Каспаңга качып кутулду. Кошой кыргыздарга эми токтотолу десе болбой, Бакай кары баш болуп Чаталакта Жолой дөөгө ат койду. Арстан Манас Коңурбайды тосмокко Улуу-Өзөккө жөнөдү.
Жолойдун мактанычы. Калмактын каны Дөө Жолой уютуп айлын кондуруп убарага салыптыр, очогунун башында от жактырып кактанып катынына мактанат: "Казасын окуттум мен Канкор Манас буруттун, алып келдик ал түгүл Аккуланын байгесин, кырк жигитин кыйраттым, кыз-катынын ыйлаттым, коюн айдап маараттым, койчуларын байлаттым, уюн айдап мөөрөттүм, такалуудан тай койбой, тамгалуудан кой койбой, айдап келдик баарысын". Жолойго айлынан көп эл чогулду. Катыны анын Айганыш акылман-аяр неме экен, акырын сүйлөп жай гана айткан сөзү момундай: "Түпкө жеткен экенсиң, түгөнгүрүм, акыры, Манаска кусур айтасың, байкап турсам өзүңдү, балакет баскан шайтансың, Бээжин кайда, жер кайда, белиңе таңуу кыласың, кытай кайда, эл кайда, кыргызды душман баалайсың, кытайды тууган каалайсың, кытай түбү карабас, караса да түбүндө азыркысын Манаска сен дегенге жарабас, калмак сенин атагың, башкы атаң маңгул болсо да басылбады чатагың". Буга арданып Дөө Жолой "атаңдын көрү катын деп, ажылдайсың капыр" деп камчысын колго алып, катынын жонго салды, катыны кайкалактап качып чыкканда ушундай болорун билген кыргыздар Жолойду айбалта уруп жыгышты, ал жер кучактап жалпайды. Арстан Манас айкырды, аскерин жүр деп бакырды. Ушуну эле күткөндөй доол согуп карса-карс, мылтык атып тарса-тарс, бу кыргыз менен казактар былчылдатты калмакты ар кайсы жерде барса-барс. Алты жүз миң аскери ар-ар жерден киришти, Кошой аба койгула, балдар, элде не күнөө деп кой-койлоп арачалап жүрөт. Арстан Манас баатыр ошондо жалгыз келип, айбалта менен бир салып Жолойдун башын жарыптыр, эми өлтүрөр кезде абакеси Эр Кошой "соогат, баатыр, соогаттап" кара жанын сурап калыптыр. Анын айткан кебине Бакай дагы кошулду. Ошентип Жолойду түбү бизге тууган деп, өлтүрбөстөн коюшту. Элин чаап Жолойдун эки күн жатып той берди. Катагандын Кан Кошой, казактардын Көкчөсү, Эламандын Төштүгү, Эштектерден Жамгырчы – аш башкарган төрт баатыр кайтты акыры. Кол салам деп кыргызга кор болушту баарысы, атын уккан Манастын калмак менен кытайдын өңүнө чыкты сарысы.
Манас баатыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
Манас менен Коңурбайдын эр сайышка түшүшү. Улуу баяндан 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0