Манас менен Коңурбайдын эр сайышка түшүшү. Улуу баяндан 6 факт

© Фото / Теодор ГерценМанас баатыр. Архив
Манас баатыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
Жазылуу
Сөз боло турган эпизод — аштагы Кошойдун Жолойду жеңиши, Аккуланын суурулуп марага биринчи болуп келиши сыяктуу маанилүү окуялардын бири.
Эр сайышка коюлган байгелер. Кошойдун Жолойду жыкканына шерденген кыргыз-казак, кыпчактар, өзбектер Көкөтөйдүн көк туусу эр сайышка чакырып көтөрүлөрү менен күлүктөн тандап миништи, күрөөкө тонун кийишти, булчуңдарын түйүштү, бири-бирине тийишип, күч сынашып жүрүштү. Көкүрөккө соот тагышты, колго найза алышты. Байгеге Көкөтөй уулу Бокмурун тобурчак жүз ат байлатты, ага кошуп тогуз жүз жылкы айдатты, Камбар ата тукумунан эле миң болду, муну угуп тургандын баары дил болду, найза кармай албастар арман кылып зил болду, Көкөтөйдүн ашы деп, найза сайыш ошол аштагы байгелердин башы деп тургандардын баарысына дүң болду.
Найзага чыгар эр жигит издөө. Кошой жүрөт шерденип, кыргыздан назакер издеп белденип, кытай-калмак, манжу журту кылкылдайт, олжого койгон жылкысын оңуна келсе биз жейлик деп алакан ушалайт. Алооке баштык кары бар, кандарынын баары бар, кара комок кытайдан кимди аташын билишпейт. Бир убакта Бозкертик деген билерманы бир кыйласын атап кирет, алары кытай каны Алоокенин Коң төрө, кылымга маалым чоң төрө, ал болбосо "найзакерден жоого маш, сайынганы көөхар таш, Кырмус шаанын Мурадил", ал да болбосо "өткүрлүгү арбын, кызыл чоктуу Нескара", бирок анын мурутун буурул чалыптыр, айдарынын түптөрүн ак аралап калыптыр, ал болбосо калмактардын Ушаңы бар, кайратынан ким болсо да жалтанат, дагы бир калмак Суркан кары бар. Лекин бул экөө чыкса болбостур, кытай чыкпай, калмактарды чыгарды деп кылым сөзгө калмакчы. Дагы айта келсе, Чанак Чоюн эр турат, Жаңшаа кытай баласы. Муну ким деп издешсе Чоюн баатыры турат, "чоң карагер аты бар, адамдан башка заты бар, кол чатырдай кулагы, мурдунан чыгат булагы, аты семиз, бою бас", бирок кокус кыргыздан Манастын өзү чыкса, мунун жүрөгү жараар эмес, жарылып калар. Ошентип-ошентип эч кимди жактырбай, алар кыргыз тараптан Манастын чыгарын боолголошот, ошол Манасы амал менен сайышып, Коңурбайды өлтүргөнү жүрөт дейт. Андай эле болсо Манаска темирдүү найза алгандан, теминип найза сайгандан эч бирөөбүздүн эбибиз жок, бир чыкса Коңурбай гана чыгат деп туруп алды Бозкертик кебин шарт кертип. Булардын Манасы найза сайышка чыкса, биз чыкпай жатып алалык да дешет, өлөмүн деген эле чыкпаса, ажалга беттегени эле барбаса асылы киши барбас деп кажылдашып турушту, ортого чыгууну токтотсокпу деп бир сыйра урушту. Муну угуп Алооке уулу Коң төрө ачуусу менен кандарынын баарына "эки миң жашап өлбөгөн элиңде киши турабы, кыргыздан качып камалып кытайды кудай урабы, канча жашап өлбөгөн калкыңда киши турабы, кайгуулдан качып токтолуп калдайды кудай урабы" деп келип, ажалы жетсе өлөрүн, башка салганды көрөрүн айтат. "Силер айткан Манас мен эртеден бери байкап турам, аныңар сайышка чыкпайт деп турам, Манас сайышка чыкса мен да чыгамын, байласаңар да, камасыңар да турбаймын" дейт.
Коңурбайдын сайышка чыгууга камынышы. Ушинтип айтып Эр Коңур чабылбай калган чоң кара атынын жанына келип, жарактап кылдат токутту. Анын кашына кайриддиндин баары чогулуп келди. Оромоттошкон эл кара курт болуп жайнады. Коңурбайдын камылгасы зор экен, сайган жоосун колоткон, найзасын алды колуна, анын учундагы кулач темири болоттон. Анысы "жарды сайса эшкендей, каарданып бир койсо кара ташты тешкендей, бөрү тил мизин чыгарган, заар менен сугарган, кармаган бенде кубанган, найзага таккан желеги алтымыш түрдүү кубулган". Ал эле эмес, ок чыгарар очогор кара мылтыгын алды да, ага огун салды, анын "ортосу — болот, оозу — албарс, бетке алганы соо калбас, көт жагы көк жал алмабаш, көнбөгөн бенде кармабас, ат чабым жерге ок учкан, атышкан жоосу жер кучкан, тарс дегенде доошу жер көчүрүп, тоо бузган, сүмбөсү коло жез болгон, ажалдуу жандар кез болгон, алтындан маша салдырган". Мунусу аз келгенсип "сайышмак үчүн аяндап, калыңдыгы бир эли, кара курчтан бедери, кайкы келген учу бар байнеги алтын кылычты" байланды. Дагы "эки учун кайрып ийдирген, кылкыял чаап чийдирген, сабыл менен саптаган, бекерче жайда чаппаган, чапканы аман таппаган айбалтасын" белге байланды. Сооту как алтын, денине чып жармашат, муздай темир тулкусуна кийинди, бурама темир курчанды, төшкө чарайна тартынды, темир тондун сыртынан этеги жайык көк күбөсүн, найза өтпөгөн бек күбөсүн кийди, анан топчулугу бир тогуз, үпчүлүгү бир тогуз, үстү-башын үпчүндөп, толо боюн топчулап чакчарылып турду. Коңурбай көк жолборстой чамынды, көк өгүздөй жер чапты, бурканына бир сыйынса, көк теңирине бир жалынды. "Өңү бышкан өпкөдөй, сакалынын кайраты сарапты тешип өткөндөй, көзү сүрдүү темирдей, мурду тоонун сеңирдей, кыр мурундуу, кызыл көз, кең көкүрөк, жайык төш, кыйындыгы Коң төрө кылымга маалым эски сөз" турат, былк этпей турат. Эки көзү кыргыздар жакта. Манас чыкса экен деп тиленет. Самбур шымын шымданды, каарын бойго жыйнады. Алгара аты окторулуп ары бир, бери бир басат, чоң күрсү сабы чочоюп, чоң кара ат менен очоюп, найзасы колдо койкоюп, алтын наалы, жез өкчө, кытайча өтүк чойкоюп, кылычы белде кыңгырап бир башкача сүр берет. Муну көргөн жан адам жанына жакын баргыдай эмес. Ал болсо Манастын гана ортого чыгышын күтүп атат.
Жоокерлердин кийимин кийген адамдар Таласта “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2023
Көкөтөйдүн ашында Кошой менен Жолойдун күрөшү. Улуу баяндан 6 факт
Кыргыздардын дүрбөлөң түшүшү. Коңурбайдын бул турушун көргөндөрдүн эси чыкты. Кошой аба баш болуп башын кармады. Алгара атын токунуп, адырайган калча даяр турат, Рүстөм дастан келсе да үйлөп ийчүдөй шай турат, он кулачтуу найзасы колдо, очогор мылтык жондо деп Алашбек деген бир адам калтырап да титиреп, Кошойго абакелеп айтып келди. Аны угуп Кошой дөө боз жорго минип теңселип, ак сакалы сеңселип кытайларды аралап кирип барды. Барса, Коң төрө нар буурадай кеңгиреп, намыс үчүн зеңгиреп, сайышты самап желбиреп турган экен найы алтын, башы жез канжасына кочуштап тамеки салып, коросондон куу коюп, коркурата бир соруп, ооздон түтүн буркурап, көздөн жалын шыркырап. Кошой барып сайышка түшөр кишисин сураса, кара жалдуу Бороончу Кан Коңурбай баатыр өзү түшөрүн айтты. Муну угуп Кошой түз эле Манаска барып "ээ, кулунум, эр Манас, сөз тыңдагын сен, Манас, бээжиндиктин Коңурбай, мээнет баскан чоң калдай, анжы Бээжин Коңурбай, арбак урган чоң калдай намыстанып алыптыр, ачуусу келип калыптыр" деп, ал бутканага чокунуп, булуттай ат токунуп турганын айтат. Кан Коңурдун сайышты самап калганын, алп болмоктон дөө болсо да, ат тартпаган жөө болсо да, пил мингени келсе да, бири эмес, миңи келсе да, билгенимди кылам, жалмап жанын кыям деп айтканын кабарлайт. Бу Коңур Мааникер бербей койгонго ызааланып калганын, Манаска кекенип жатканын айтат. Анан да Кошой "карыса да карпаңдап, карт буурадай тартаңдап мен түшпөсөм капырга, канкор да болсоң эр элең, кайратың ашык неме элең, сен түшпөсөң капырга, кандай адам бет алат, кан Коңурбай баатырга" дейт. Муну угуп, абасынын кайратын көрүп, Манастын айбаты чыкты көзүнөн, тайгылып турду сөзүнөн. Ошондо Манастын "маңдайы жазы, башы кууш, бар боюнда турат тууш, кочкор тумшук, кош кирпик, көркү калча, көзү тик, жалаяк ооз, жар кабак, жаагы жазы, ээги узун, эрди калың, көзү үңкүр – эр мүнөзү көрүндү, кең көкүрөк, жайык төш, аркасы кең, асты кууш – алп мүнөзү көрүндү, айбаты катуу, заар жүз, билбей турган өлүмдү – пил мүнөзү көрүндү. Жолборс моюн, жоон билек, жооруну калың, таш жүрөк, жылма кабак, жылдыз көз баатыр муну угар менен кайраты толду, көзү жалын чок болду, көк жолборстой октолду. Айласы жок не кылат, Аккуланы байгеге кошуп ийген бу энебес баатыр, башка ат табышы керек сайышка.
Манаска ат тандоо. "Аккула болсо астымда, ак күбө болуп үстүмдө, айбатым турса жүзүмдө, сыр найза болсо колумда, өчтөшкөн ушу Коң төрө өзү турса жолумда койгулашып бир жолу, көрбөс белем шорумда" деп арман кылат. Бир ат таап берүүгө Кошой абасына кайрылат. Аттар бирден чубады Кан Кошойдун алдынан. Калкамандын кара аты өттү, муну бир аз карыптыр, катуу чыкса кыйкырык, качып калар деди Кошой. Анан Өкүм кара атты карап турушуптур, ал Эр Үрбүнүн малы экен, эгиз аттын бирин чабышка кошуп, бирин алып калган экен, бирок анын жарышканда токтоп калар жайы бар экен дешти. Анан Алтынкөкүлдүн Торкашка аты келди, аны Кошой "тулпарлык жайы бар экен, тулпар да болсо жаныбар, туушу качкан мал экен, капырга бет алышса, беш, төрт келип калышса жүрбөй калар жайы бар, кулунунда байланбай куру эмген бойдон союлгур, жумурунун учунда жудуруктай майы бар, майы эрисе кокустан, баспай калар союлгур" деп жактырбайт. Кийинкиси Сарала келди, жаадай болгон, коён сыны бар, колдо туулган, уй куймулчак бул атты минип алып Алмамбетти жөө коймок беле Манас, андан да айныды. Андан кийин Кан Көкчөнүн Алымсарык аты түштү талкууга. Бул ат "кара төбөл жармаңдай, кара сыны тайгандай, мээ кайнаган ысыкка, бет алышкан кызыкка, Бээжин алты ай бузукка, кырк күн минсе оюбас, кызыл чыгып жоорубас, өркөчү бийик, зээри пас, өрткө кирсе эрибес, коё берсе тушабас, качкан кайып узабас, чөлгө минсе суусабас, ак жолтой жайы дагы бар, азыр толуп турган жаныбар" экен. Ушул атты тандашты, кыргыз-казак баарысы ошол атты жандашты.
Эр сайыш. Коңурбай келди биринчи эр сайыш өтчү майданга. Коңурбай кытай улугу, Туңша Бээжин уругу, башкы атасы Паң болгон, басташкан жоосу нан болгон. Анын каршысында берениң Манас келди жакындап, кышкы кирген буурадай кеңгиреп, жарагын белге чалынып, Шаймерденге жалынып. Атына ак жоолук байлап башына, Арстан Бакай, Эр Төштүк кошо чыкты кашына. Бу Коңурбай чоң төрө үстүнө темир кийсе, Алгара атын минсе, кытайдын баары айгай салды, өзү Үрүстөмдөй көрүнөт, Кап тоосундай бөлүнөт. Анын алтындан туулгасы жаркылдайт, найзага таккан желеги жалпылдайт, короздой моюн созушуп, Бозкертик менен Будаңчаң коштоп алган. Коңурбай менен Эр Манас бири-бирин көргөндө кек сактаган немелер аттарына камчы салды, маңдайлашып калды, асабасы желбирейт, найзанын учу мелтирейт. Бөлөк жерин карабай эки көзүн тушташат, тулпарлар тизе бүгүшөт, бири азыр өлөт деп тургандар сүрөөн сүрүшөт. Бир убакта сунган найзалары туулганын катебине тийип, жаактарын жанып өтөт. Жаалданып экөө тең бир-бирине жетишет, сыйпалап өтүп кетишет, кайра чаап келишет, бири-биринен буйтап качып ийишет. Кыйкырыктан жер дүңгүрөйт, кулак тунат, аттардын артынан чаңдар бурайт. Мелтиреп келген найзадан аманат жанга бир өлүм, бири азыр оо дүнөгө кетчүдөй баштанат. Ошол кезде Эр Манас "калмак ээр кашы деп, как жүрөктүн башы деп, алтын кемер чети деп, айбалка төштүн бети деп" өлчөп келип саймак болду. Коңурбай жөн турмакпы, ал да "алтын ээр кашы деп, нак жүрөктүн башы деп, ажалдын жетер тушу деп, найзадан өлөр ушу деп" мээлеп келди Манасты. Эки дөө бири-бирин аянбай коюп кетишти, найзалары очойду, аттары отурган иттей чочойду. Анан ат жалынан алышты, аябай күрсү салышты, күркүрөшүп калышты. Болотко болот чабылды, андан жалын ширенди чыкты, бири-бирине кылыч чабышты, ат үстүнөн оодара албай жатышты. Айбалта колго алышты, орой төбөгө салышты, кызыл жалын өрт болду. Найза менен гана салышкыла деп көпчүлүк ызылдады. "Кыр мурундуу, кызыл көз, кыйкырыгы баш жарып, кытайлардын чоң Коңурбай каарданып жөн турбай найзасын кезеп белендеди. Арстан Манас минген кара төбөл Жармаңдай, кара сыны тайгандай, туякты жерге мылгытып, тумарын көккө ыргытып, артынан тозоң бургутуп барат ээсинин жетегинен чыкпай. Ошол кезде Коңурбай алтын ээр кашына, как жүрөктүн башына найза салды эле, ээрден көтү кылтайып, үзөңгүдөн бут тайып Эр Манас араң токтолду, эңгиреген Жармаңдай өтө түшүп октолду. Анан өзүнө келип, баатыр байкап караса Коңурбайдын кыл чач айдары ачылып, кулактын чачы чачылып, туулганын четинен, туура чыкчыт бетинен, чылк темирден бөлүнүп, кулактын арка жагында чыкчыты калды көрүнүп. Муну карап турабы Эр Манас, туулганын этек жагынан чыкчытка найза мылгыды. Ошол кезде Коңурбай Алгара аттан ыргыды, тозоңго башы тыгылды, чыкыйга найза сайылды, көк күбө тондун этеги көпөлөктүн канаттай, көп жерге кетти жайылып. Ойноп кеткен Алгараны Манас жетелеп алып койбоду, көөдөктүк кылды бу көк жал. Сайганына сүйүндү. Эламандын Төштүгү, Эштектерден Жамгырчы баатырды жандап жүрүштү, казак-кыргыз жабылып, ураан айтып күлүштү. Айкөл Манас байгеге деген төрт миң кара малын карып-мискинге, беш миңин калкка чачып берди.
Сахнадагы артист. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Көкөтөйдүн ашында Кошойго кандагай издөө. Каныкейге бата. Улуу баяндан 5 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0