Көкөтөйдүн ашында Кошой менен Жолойдун күрөшү. Улуу баяндан 6 факт

© Sputnik / Александр ФедоровЖоокерлердин кийимин кийген адамдар Таласта “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө учурунда. Архив
Жоокерлердин кийимин кийген адамдар Таласта “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2023
Жазылуу
Бул сапар "Манас" баянында көп чырдын башы болгон Көкөтөйдүн ашындагы Кошой аксакал менен Жолойдун күрөшү жана анын кыргыздардын намысын сактап калышы менен аяктаганын айтып бермекчибиз.
Кошойдун майданга чыгышы. Кошой берген батага баары кошулду. Калк дүңгүрөп эле жатып калды. Ошол жүзүн сыйпап бата кылган бойдон кандагай кийген алп Кошой дөө сыяктуу майпаңдап майданга чыкты. Ортодо отурган Жолой оксоёт, олут алып соксоёт, тим эле бу дүйнөнүн ээси сымал чокчоёт. Ону көрүп Кошойдун жолборстой көзү тутанды, алты-жети кадам барып аягын жерге ныгыра салды, дагы баса түшүп токтолуп, ийинден чыккан суурдай типтик тура калды. Көрсө, ал жашында алышып жүргөнүн, кыргызга кыйла намыс алып бергенин, Акдөө, Көкдөө деген заңгарлар менен күрөшүп, аларды жеңгенин, жонуна эчен жолу күрсү тийгенин, денесин кылыч тилгенин эстеп жаткан экен. Кыргыз журту ыйласа кабыргасы кайышарын ойлоп атыптыр. Азыр эми көзү барат чекчейип, бели барат мекчейип, мойну барат кекжейип, аркасындагы омуртка менен кабырга толо сары суу, ал эле эмес куймулчак, жамбаш ашташы дагы толгон сары суу. Ушундай кезде калмактын Жолой дөөсүнө чыгып күрөшүп берер эр табылбай, айласы кетип атканда, анын балбан күрөшкө түшүүсүн журту каалап атканда кантип жок десин, ошон үчүн ушул жерде туру.
Кошойдун белин тебелетиши. Кыргыз журту күрөшкө чык десе жок дей албаган Кошой дөө карылыктын зардабынан бели ийилип турганга беш-алты баланы чакырат да, "белимди басып бериңер, белимди бектеп басыңар, курушуп калган кургурдун, боюн эптеп жазыңар" деп как жерге жатып берди солкоюп. Ошол кезде Кошой дөө узунунан узарып, арстандай көзү кызарып бир башкача. Анын белин тебелөөгө желдеттен жетөө жабылды. Кошой алардын бары-жогун билбеди, өңкөй эргежээлдерби деп тилдеди. Анан анын жонуна тогузу чыкты жабыла. Кошойдун сөөктөрү кычырайт, ошентсе да кычуусу канбады. Жонуна дагы чыгышты, он алты болду баарысы – ар бири балбан азамат. Бири оңго жылып тебелейт, бири узунунан тебелейт, бири солго, бири туурага. Эр Кошой дале "жаныңар барбы, бек бас" деп, "кара жан камын жеп бас" деп үстүндөгү кишилерди кумурскадай жеңил көрүп ыраазыланбайт.
Кошойдон кыргыздардын кабатырлануусу, калмактардын шылдыңы. Белин бастырып жаткан Кошойдун жанына казак-кыргыз көп келди, не болду деп санаа жеп келди. Алардын бири Жүзгөндүн уулу Каманбек келди, калмак экен, башка максатта келиптир, ал айтат: "Кужулдаган бурутту, дүнүйөдөн көрбөдүм, мындай арсыз журутту, өзүлөрү тепкилеп, курган чалын курутту, чалынын шору катты деп, өзүлөрү тебелеп, өлтүргөнү жатыр деп". Анан бүгүнкү жеңиш өздөрүнүн оёну Жолой баатырда деп айта салды. Бул сөздү угуп жер кучактап жаткан Кошой окторулуп ордунан тура калбаспы. Ошол кезде жонундагы жүргөндөр томолонуп чачылды, жан соогалап бир-бирине асылды, үймөлөктөп кыйраган бойдон тополуу жерге чачылды.
Балбандардын майданга чыгып бири-бирин сөз менен шылдыңдашы. Бул күрөш кылымда бир боло турган күрөш экенин баары боолголоп турду. Агала сакал сеңселип, нар буурадай теңселип, белден алууга белсенип Кошой барды жакындай. Жолой болсо ооздон оту буркурап, көздөн жалын шыркырап, кармагандан кан чыккан, карагандан жан чыккан неме экен, акырын ордунан турду күр этип. Жолой бет алдындагы Кошойду кордоп, "компойбой калгын деп айтып, кара сакал агында, карууң кеткен чагыңда, казаң жакын табында, буурул сакал агында, муунуң кеткен чагыңда, өлүм жакын табыңда ажалыңдын жеткени, абийриңдин кеткени" деп туруп, өзүн мактап кирет: "Атым менин – Жолойдур, ар душман качып колойдур, Жолойго киши жолоорбу, жологон бенде оңорбу, бир башыңда, Кошоюм, миң жаның болсо коёмбу, ичип канга тоёмбу", – деп. Ошондо Кошой ачуусу келип, ушу турган Жолойду Үкүрчүнүн оюнда, Үч-Капкактын боюнда, Үйшүнбайдын тоюнда өлтүрбөй тирүү калтырганын, экинчи жолу Балчакайдын белинде алыша кетип урушуп, ач бөрүдөй жулушуп, ат үстүнөн бир эңдим деп аны оболтодон жеңип келгенин, ойрондоп жүргөнүн эскертип, ойлонуп айткын сөзүңдү дейт. Дагы бир жолу Кулжа-Тоонун оюнда, Кутман байдын тоюнда катылам деп Кошойго, кан жүткүргөн жери барын, буга казактын Калдар беги күбө экенин да эскертип өтөт.
Сахнадагы артист. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Көкөтөйдүн ашында Кошойго кандагай издөө. Каныкейге бата. Улуу баяндан 5 факт
Күрөш. Ушинтип аркы-терки айтышып атып Жолойго биринчи Кошой билегин салды, аны Жолой бекем тутуп алды. Кошой бир булкуп билегин сууруду эле, колунун териси шыпырылып Жолойдун алаканында тоголоктошту. Анан Кошой ач билектен алды эле, эки жулкуп Эр Жолой эптеп сууруп алды, анын кол териси Кошойго кетти. Кайра басып Жолой дөө алдындагы Кошой дөө оңой эмес экенине көзү жетип, калмакча ибадатын аткарып, карк алтын сүрөт буту бар бурканына чокунуп, дагы барды. Эми Кошой менен Жолой качанкысын ойлошуп, кармаша кетти бойлошуп. Кошойду бекем кармап, асманды көздөй атты эле, кармаган бойдон абаңдын Жолойдон колу кетпеди, ошол кезде Кошойдун аягы жерге жетти. Таманы менен тик түштү, жазылган талпак ордундай тийген жерге жик түштү. Кошой анан Жолойду жерден жулкуп алды да, айлантып асманга атты эле кырдана түшүп бадырек эки аяктап тура калды. Эки дөө бири-бирин бирден мыжыга кармап, бир туруп асманга таштай ыргытат, бир туруп жерге басып мыжыгат. Карагандар таң болду, жардангандар жаң болду, тегереги кара тозоң чаң болду, астындагы кара жер экөөнүн буттарынын изинен оюкка толду. Эки дөө ал эле эмес, бирде туруп ормондо жалгыз калган шердей күркүрөйт, бирде туруп тегирмендин барасындай дүркүрөйт. Бири-бирин жыга албай, бирин-бири коё бербей Каркырадан күн кетти да, күүгүм кирип түн жетти. Эчен миң чырак жандырып, банардын баарын алдырып, барпырата жандырып жарык кылды майданды. Анан өтүп жыбырап жылдыз толгондой, Каркыранын жылдызы кармап алар жакын эле жерде тургандай. Түн ооп калганда Жолойдун үнү күркүрөп, доошун уккан бенденин жон териси дүркүрөп бир башкача болду. Кыргыз-казак коркушат, Жолойго күч кирди деп чочушат, эми Кошойду көтөрүп чабат деп, карыган неменин шайы бошоду, ээрден көчүк талды го деп кабатырланды. Жана айтпадык беле, Кошойдун жону бүт сары суу деп, Жолой дөө жонун эзгенде, сары суусун сезгенде колунун уусу нетиптир, уюп калган сары суу кармоосу менен Жолойдун боюна тарап кетиптир. Күрөш болду – күрөштөй, түш оой башталган кармаш ал күнү, ал түнү тамам болбоду, эртеси болду заматта, күн обого толгондо, жалган түш жаңы болгондо Кошой алп алптыгына салыптыр, тигинин балык этин бек кармап, бир үргүлөп барыптыр, чырм этип алыптыр. Муну Жолой сезиптир, сүрүп алып Кошойду бөкөлөр чогулуп алачыктай бир ташты бир-эки күн мурда балбан таш деп аташып алган экен, ошону көргөн экен баамдап, ошого чоттоп түртүптүр. Анан Жолой Кошойду колуна ала коюптур, ошол кезде эр Манастын жүрөгү кетти козголуп, "абакелеп" айкырды, айгай салып бакырды, "намысың колдон кетти деп, напсиң түпкө жетти деп, как баш Кошой, көзүңдү ач, кай кара басып кетти деп, каманга качпай чалдырдың деп" кыйкырганда бу Манастын каарданса түсү заар, караганда көзү заар, каар айтса сөзү заар эмеспи, канкордун ошол үнү барыптыр, Кошой абаң кулагы Манастын үнүн чалыптыр. Ошол кезде Кошой эсине келип караса, акырын көзүн ачса Жолой аны ташка урууга даярдап калган экен. Көрүп-билип эр Кошой Жолойдун колунан булкунду да, жулкунду, анан кол узатып бегирээк Жолойдун шымынын кашатын апкый кармады, оң бут менен келтирип, астын торгой бир чалды. Ошондо бошой түшкөн Жолойду, тоодой болгон Жолойду жерден томкоруп алды да, көтөрүп кайра ошол жерде бир чапты.
Жолойдун нараазы болушу. Манастын каарданышы. Жөн кетпей Кошой жерде жаткан Жолойдун башын аттап кетти. Буга чейин аяктан чалчу эмес эле, сен аяктан тушап алдың деп, мен армандуу бойдон калдым деп, сен бутту бутка салдың деп, мен буулуккан бойдон калдым деп, мени сен бурдап жыгып, бугум чыкпай калды деп ачууланган Жолой алп Кошойго кооптуу келип кандагайдын багалегин кармарда, бурап барып абаңды жерге чаап саларда сырты кара бөркү бар, сынап турган баарысын, сырттан Манас каркыбар күркүрөп келип "атаңдын көрү каапыр кул, ыйманы жок жакыр кул, бир жыгылып алдың деп, немене үчүн абама кол узатып салдың деп" чокусунда чогу бар, өзөгүнүн ичинде көк коргошун огу бар толгомолуу камчыны сол имерип алганы, качырып келип Жолойду как төбөгө салганы. Жолойдун кабыргасы сөгүлдү, каны жерге төгүлдү. Кабылан Манас баатырдын кайраты калкка көрүндү. Жолой колунан Кан Кошой кетти бөлүнүп. Казак-кыргыз, кыпчактар, өзүбектер – башкалар Кошой балбанды көтөрүп көккө ыргытты, коё берер түрү жок, мындан корккон жарга ойногон улактай, жанган көзү чырактай эр Акбай абакеси Кошойду алты жашар баладай, чатына башын сала көтөргөн бойдон алардан бөлүп алып кетти. Манас баатыр Кошой абасына алтындуу таажы кийгизип, астына такты мингизип, калк башкартып, кан экенин билгизип өзгөчө зыяпат кылды. Кан Кошой болсо байгеге алган малынан жалгыз туяк калтырбай, бекзаадаларга үлгү болсун деп бей-бечараларга таратты, кылымдарга сөз болор Кошой жеңген бул күрөш ошентип салтанат менен тараптыр...
Ат чабыш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2022
Көкөтөйдүн ашындагы айтылуу ат чабыш. Улуу баяндан 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0