1-февралга карата аба ырайы

© Sputnik / Нина ЗотинаСейилдеп жүргөн адам. Архив
Сейилдеп жүргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2023
Жазылуу
Шаршембиге карата аба ырайы
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. 1-февралда Чүй, Ысык-Көл, Нарында күн ачык болот. Калган облустардын бир катар жерлерине кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Жолдор тоңуп, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 5...10, Талас жергесинде +4...+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көл чөлкөмүндө 0...+5, ал эми Нарында 0...-5 градус болору айтылды.
Термометр Бишкекте +7...+9 жана Ош калаасында +8...+10 градусту көрсөтөт.
Кар жаап атканда бараткан түгөй. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
Кар жаайт. Кыргызстанда бир жумага карата аба ырайынын божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0