Кар жаайт. Кыргызстанда бир жумага карата аба ырайынын божомолу

© Sputnik / Жоомарт УраимовКар жаап атканда бараткан түгөй. Архивдик сүрөт
Кар жаап атканда бараткан түгөй. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
Жазылуу
Көпчүлүк аймактарда жуманын башында күн ачык болуп, апта ортологондо кар жаайт.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, көпчүлүк аймактарда жуманын башында күн ачык болуп, апта ортологондо кар жаайт.

Чүй

Облуста 29-31-январда жаан-чачын болбойт. Бирок 1-4-февраль күндөрү айрым жерлерге кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Талас

Ушул айдын этеги 29-31-январда күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт. Ал эми 1-февралда тоолуу райондордо кар жаайт. 2-4-февраль күндөрү көпчүлүк аймактарга кар түшө турганы айтылды.
Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ош

Аймакта 29-январда күн ачык болот. 30-31-январда күндүз тоолуу райондордо кар түшөт. Ошондой эле 1-февралда тоолуу райондордо, 2-февралда айрым жерлерде, 3-4-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.
Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад

Облуста жуманын башында күн ачык. 31-январдан 4-февралга чейин тарта маал-маалы менен айрым жерлерде кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Баткен

Бул жакта 29-31-январда жана 1-февралда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми 2-февралда айрым жерлерде, 3-4-февралда көпчүлүк аймактарга кар түшө турганы айтылды. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл

Аймакта 29-30-январда күн ачык. Ал эми 31-январда күндүз айрым жерлерде, 1-февралда тоолуу райондордо кар жаайт. 2-4-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.
Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Нарын

Аптанын башында жаан-чачын болбойт. 1-4-февралда айрым жерлерде кар жаай турганы айтылды. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Карга бөлөнгөн дарак. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2023
Чүйдө январдын этеги жана февралдын башы аба ырайы кандай болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0