Чүйдө январдын этеги жана февралдын башы аба ырайы кандай болот?

© Sputnik / Ирина Алтухова / Медиабанкка өтүүКарга бөлөнгөн дарак. Архивдик сүрөт
Карга бөлөнгөн дарак. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2023
Жазылуу
Февралдын башында айрым жерлерде кар жаашы күтүлүүдө.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки жумада Чүй облусундагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, айдын этегинде, тагыраагы, 29-31-январда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат. Ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши мүмкүн.
Бирок 1-4-февраль күндөрү айрым жерлерде кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Себеп
Жаңылыктар түрмөгү
0