Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Атайын операция. АКШлык отставкадагы офицер Россиянын артыкчылыгын талдап берди

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүРоссия Федерациясынын куралдуу күчтөрүнүн Т-72 танкы
Россия Федерациясынын куралдуу күчтөрүнүн Т-72 танкы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2023
Жазылуу
АКШлык чалгын кызматкеринин айтымында, учурда Зеленский ички саясий жаңжалга аралашып, генерал Залужный менен тирешүүдө.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Украинадагы жаңжалда Россиянын маанилүү артыкчылыгы Киев бийлигине мүнөздүү болгон ички бөлүнүүчүлүк жана интриганын жоктугу болду. Бул тууралуу АКШнын деңиз аскерлеринин отставкадагы чалгын офицери Скотт Риттер билдиргенин РИА Новости жазды.
"Зеленский азыр украин аскерлеринин башкы командачысы Залужный менен жаңжалдашып жатканын көрүп турабыз. Ал жакта өз ара чыр, саясий интрига көп. Мындай көрүнүш Россияда жок", — деди Риттер.
Анын айтымында, украин лидери алдыдагы президенттик шайлоодо анын негизги атаандашы болуп калышы мүмкүн делген генерал Залужный менен тирешүүгө басым жасап жатат. Ошол эле маалда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн абалы оор болгондуктан өлкө азыр олуттуу көйгөйлөргө кептелгенин белгилеген.
"Украин аскерлери моралдык жактан чөгүп турат, колдоо жок. Курал-жарак жөнөтүү башаламан, ал эми жоокерлер керектүү даярдыктын жоктугунан аларды кантип колдонууну билбей жатышат", — деп кошумчалады Риттер.
Отставкадагы офицердин айтымында, НАТОнун берген жабдуулары окуянын жүрүшүнө эч кандай таасир этпейт.
Россия 24-февралдан бери Украинада атайын операция жүргүзүп жатат. Президент Владимир Путин муну "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан куугунтукка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо милдети" деп атаган. Анын айтымында, түпкү максат — Донбассты бошотуу жана Россиянын коопсуздугуна кепилдик бере турган шарттарды түзүү.
АКШ президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.01.2023
ЖМК: Байдендин үйүнөн купуя делген дагы алты документ табылды
Жаңылыктар түрмөгү
0