https://sputnik.kg/20230116/turkiya-shvetsiya-maiilesi-chynalat-1072057386.html
Эрдоган Түркия менен Швециянын мамилесине доо кетерин айтып тиш кайрады
Эрдоган Түркия менен Швециянын мамилесине доо кетерин айтып тиш кайрады
Sputnik Кыргызстан
Эрдоган Стокгольм менен Хельсинки 130га чукул террорчуну берүүдөн баш тартканын белгиледи. 16.01.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-01-16T10:04+0600
2023-01-16T10:04+0600
2023-01-16T10:04+0600
дүйнөдө
түркия
швеция
режеп тайип эрдоган
мамиле
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/11/1050809696_0:0:2845:1600_1920x0_80_0_0_949208db4bb0999d6cec8f63df8dcf9c.jpg
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Эгер Стокгольм Күрдстан жумушчулар партиясына (КЖП) каршы чараларды көрбөсө, Түркия менен Швециянын ортосундагы мамилеге доо кетиши мүмкүн. Бул тууралуу түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган Мугла шаарында жаштар менен жолугушуу учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.Анын айтымында, КЖПнын акциялары Швеция менен Финляндиядан башка жерлерде да өтүп жатат.Ошондой эле ал Стокгольм менен Хельсинки 130га чукул террорчуну берүүдөн баш тартканын белгиледи. Бул Анкаранын аталган өлкөлөрдүн НАТОго киришине макулдук берүүсүнө коюлган шарттардын бири эле.12-январда Түркия президентинин өкүлү Ибрагим Калын өз өлкөсүндөгү террорчулукка чекит коймоюн Швецияны альянска кошуу мүмкүн эместигин билдирген.Өткөн жумада Швециянын борборунда Күрдстан жумушчулар партиясынын тарапташтары акция өткөрүп, ар кандай аракеттери менен Эрдоганды мазактаган. Мындан улам Түркия Швециянын элчисин чакырып нааразычылык нотасын тапшырган.Финляндия менен Швеция Украинадагы окуялардын фонунда былтыр 18-майда НАТОнун башкы катчысына альянска кошулуу үчүн арыз берген. Учурда аларды 30 өлкөнүн экөө гана ратификациялай элек, алар — Венгрия менен Түркия.
https://sputnik.kg/20230106/turkiya-ukrainadagy-kyrdaal-kurchuyt-1071805911.html
түркия
швеция
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/11/1050809696_0:0:2699:2024_1920x0_80_0_0_d7cfb0347c94f30fbba2b63b7957624b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, түркия, швеция, режеп тайип эрдоган, мамиле
дүйнөдө, түркия, швеция, режеп тайип эрдоган, мамиле
Эрдоган Түркия менен Швециянын мамилесине доо кетерин айтып тиш кайрады
Эрдоган Стокгольм менен Хельсинки 130га чукул террорчуну берүүдөн баш тартканын белгиледи.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Эгер Стокгольм Күрдстан жумушчулар партиясына (КЖП) каршы чараларды көрбөсө, Түркия менен Швециянын ортосундагы мамилеге доо кетиши мүмкүн. Бул тууралуу түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган Мугла шаарында жаштар менен жолугушуу учурунда билдиргенин
РИА Новости жазды.
Анын айтымында, КЖПнын акциялары Швеция менен Финляндиядан башка жерлерде да өтүп жатат.
"Германияда жокпу? Францияда жокпу? Англияда жокпу? Тилекке каршы, бул террордук уюмдар алардын баарында фигурант болуп жатканы токтой элек. Албетте, биз мамлекет катары аларга карата мамилебизди тиешелүү нормада аныктайбыз", — деди Эрдоган.
Ошондой эле ал Стокгольм менен Хельсинки 130га чукул террорчуну берүүдөн баш тартканын белгиледи. Бул Анкаранын аталган өлкөлөрдүн НАТОго киришине макулдук берүүсүнө коюлган шарттардын бири эле.
12-январда Түркия президентинин өкүлү Ибрагим Калын өз өлкөсүндөгү террорчулукка чекит коймоюн Швецияны альянска кошуу мүмкүн эместигин билдирген.
Өткөн жумада Швециянын борборунда Күрдстан жумушчулар партиясынын тарапташтары акция өткөрүп, ар кандай аракеттери менен Эрдоганды мазактаган. Мындан улам Түркия Швециянын элчисин чакырып нааразычылык нотасын тапшырган.
Финляндия менен Швеция Украинадагы окуялардын фонунда былтыр 18-майда НАТОнун башкы катчысына альянска кошулуу үчүн арыз берген. Учурда аларды 30 өлкөнүн экөө гана ратификациялай элек, алар — Венгрия менен Түркия.