Жапаров Санкт-Петербургга учуп кетти. Коштоочулардын тизмеси

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2022
Жазылуу
Иш-чарага Беларусь, Азербайжан, Армения, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан лидерлеринин катышуусу күтүлүүдө.
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бүгүн, 26-декабрда, президент Садыр Жапаров КМШ өлкө башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербургга учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Делегациянын курамында президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.
Эске салсак, КМШ мамлекет жетекчилеринин бейформал жолугушуусу 26-27-декабрда Санкт-Петербург калаасында болот. Бул КМШ лидерлеринин узап бара жаткан жыл ичиндеги экинчи жолугушуусу болуп калмакчы.
Санкт-Петербургдагы КМШнын бейформал саммити. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2022
Жапаров Санкт-Петербургда өтө турган КМШнын бейформал саммитине катышат
Жаңылыктар түрмөгү
0