Куралды жайылтпоо боюнча агартуу күнү. Кыргызстандын демилгесин БУУ колдоду

© AP Photo / MARY ALTAFFERБУУнун башкы ассамблеясы. Архив
БУУнун башкы ассамблеясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2022
Жазылуу
Учурда дүйнө геосаясий тирешүүнүн эң оор кризистеринин бирин башынан өткөрүп жатканда Кыргызстандын демилгеси абдан маанилүү жана актуалдуу экендиги белгиленген.
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы 5-мартты Куралсыздандыруу жана куралды жайылтпоо боюнча эл аралык агартуу күнү деп жарыялады. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"2022-жылдын 7-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясы Кыргызстандын демилгесин бир добуштан колдоп, резолюция кабыл алды. Ага ылайык, 5-март — Куралсыздануу жана куралды жайылтпоо жаатындагы эл аралык агартуу күнү деп жарыяланды", — деп билдирди маалымат кызматы.
Белгилей кетсек, эл аралык коомчулук массалык кыргын салуучу куралдын коркунучтарына өзгөчө көңүл буруп, алар тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу, айрыкча жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл деп эсептейт.
"Куралсыздануу жана куралдарды жайылтпоо жаатында агартуучулук – максатка жетишүүнүн, ошондой эле куралсыздандыруу жана жайылтпоо боюнча конкреттүү чараларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана ыкмаларды адамдарга түшүндүрүүнүн маанилүү куралы. Тынчтык, дипломатия, өзөктүк куралсыздануу жана массалык кыргын салуучу куралдын жайылышына жол бербөө саясатына өзүнүн берилгендигин ырастап, Кыргызстан эл аралык коомчулукка 5-мартты Куралсыздануу жана куралды жайылтпоо жаатындагы эл аралык агартуу күнү деп жарыялоону сунуштаган (бул жааттагы келишим 1970-жылы 5-мартта күчүнө кирген)", — деп айтылат таратылган маалыматта.
Учурда дүйнө геосаясий тирешүүнүн эң оор кризистеринин бирин башынан өткөрүп жатканда аталган демилге абдан маанилүү жана актуалдуу экендиги белгиленген.
Ушуга байланыштуу Кыргызстандын бул демилгеси дүйнөдөгү тынчтыкты, коопсуздукту чыңдоого, ошондой эле келечек муундардын өзөктүк куралсыз дүйнөдө жашоо мүмкүнчүлүгүн арттырууга болгон эл аралык коомчулуктун аракеттерине кошкон салымы болуп эсептелинери айтылды.
Белгилей кетсек, өзөктүк куралсыз дүйнө идеясынын жигердүү жактоочусу болгон Кыргызстан Борбордук Азияда өзөктүк куралсыз аймак жөнүндө келишимдин демилгечилеринин бири, ошондой эле келишимдин депозитарийи жана учурдагы төрагасы.
ТИМдин билдирүүсүндө мындан улам Кыргызстан БУУнун Башкы ассамблеясынын "Борбордук Азияда ядролук куралсыз аймак жөнүндө келишим" деп аталган жаңыланган резолюциясын бир добуштан кабыл алуу боюнча да ийгиликтүү иш алып барганы белгиленген.
БУУнун желеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2022
БУУ Кыргызстан демилгелеген Тоолор кеңешмесинин документин расмий тааныды
Жаңылыктар түрмөгү
0