Атайын аскердик операция: Беларустан сокку урулушу мүмкүнбү?

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүАскер кызматкери Россия менен Беларустун биргелешкен машыгууларында. Архивдик сүрөт
Аскер кызматкери Россия менен Беларустун биргелешкен машыгууларында. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2022
Жазылуу
Киевдик режим кабылган кырдаалдан Варшава сабак албаган көрүнөт. Россиялык атайын аскердик операциянын зонасында аталган мамлекет 1200дөн ашуун "ыктыярчысынан" ажырады.
Андан сырткары, Батыш Украинаны басып алууга, башкача айтканда, Москва жана Минск менен түз куралдуу кагылышка камданууда. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул жолу аталган мамлекеттин бул жаңжалдагы аракеттерине сереп салган.
Польшалык журт башчылары менен стратегдер эмнеге үмүт артып жатканы белгисиз, бирок Түндүк атлантикалык альянстын уставынын бешинчи беренесинин "тумарчасы" польшалык интервенцияга таркалбайт.
РФ Тышкы чалгындоо кызматынын директору Сергей Нарышкин 30-ноябрда Варшава Львов, Иван-Франков жана Тернопольск облустарын басып алууга даярдыкты күчөтүп жатканын маалымдады.
Польша президенти Анжей Дуда Батыш Украинанын аймагында референдумдар, ошондой эле 1943-жылдагы Волындагы кыргын жетиштүү негиз деп эсептейт. Нарышкиндин маалыматына таянсак, жаңы дүйнө тартибинде Вашингтон Москва менен тил табышып ала электе үлгүрүү үчүн Варшава украиндердин да, поляктардын да улуттук кызыкчылыктарын эсепке албастан аракет этүүнү көздөйт.
Польша жетекчилигинин ниеттерии киевдик режимдин НАТОну Россия менен түз салгылашууга тартуу, Украина Куралдуу күчтөрүн толук талкалануудан сактап калуу жөнүндөгү пландарына шайкеш келет.
Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко 1-декабрда Түндүк атлантикалык альянска мүчө-мамлекеттердин аскер күчтөрүн жаңжалга аралаштырууга тырышкан Украина менен мамлекеттик чек арага жакын жерде чагымчыл аракеттердин күч алганын билдирди. Ошондуктан дайым көз салып, агрессияга түздөн-түз даярдыктан кабар берген белгилерди байкап туруу зарыл".
Patriot зениттик-ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ менен НАТОнун тартуусу. Украинанын абадан коргонуу тутуму бекемделдиби?
Россия союздаш Беларусь мамлекети менен аскердик курулуштар планы жагдайдын оордугун, киевдик режимдин чагымдарын эске алат. Мисалга, Украина менен чек арада, Мокраны өткөрмө жайынын өйдө жагына кечээ украиналык территориядан Беларуска багыт алган эч кандай белгилери жок чалгындоочу квадрокоптеру кирип баратканы байкалган.
РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров 1-декабрда батыш журналисттерин АКШ менен НАТО украиналык жаңжалдын түзмө-түз катышуучулары экенине көңүл бурууга чакырды. Киев бийлигин курал жана жалданма жоокерлер менен тынымсыз жабдып келет. Мындан сырткары, азыркы НАТОлук аскерлер Украина Куралдуу күчтөрүнүн адистерин даярдашат.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 1-декабрда түндүк багыттан сокку уруу үчүн кийинчерээк россиялык аскерлерге Беларусь армиясы кошулуп, "россиялык агрессияга катышууну" улантарын болжоду. Ал эми Украинанын Польшадагы мурдагы элчиси Андрей Дещица Варшава Беларусь Республикасы тараптан россиялык чабуул болсо украиналык жоокерлерди күчтөндүрө алмак деп боолголойт.
Беларусь менен Россия Батыш багытында кырдаал кандай нук алса да даяр. Украина Куралдуу күчтөрүнө түндүктөн сокку урулушу мүмкүнбү? Бул үчүн Москва менен Минскинин аскерий-саясий негиздери, күч жана каражаттары бар. Сергей Лавровдун айтымында, союздаш мамлекетте "ар кыл варианттарга даярдыкты тийиштүү деңгээлде кармап турууга бардык тийиштүү чаралар көрүлгөн".
Ошентсе да Украинаны НАТО блогунун эң жакынкы коңшусу менен бөлүштүрүү – сезилерлик геосаясий реалдуулук. Мисалга, Польша Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы "окуу борборуна" жана киевдик режимди чет өлкөлүк курал менен жабдуунун негизги логистикалык түйүнүнө айланды.
Атайын аскердик операция зонасында Россияга каршы миңдеген польшалык "ыктыярчылар" согушууда. Украина өкмөтү польшалык жарандарга дээрлик украиналыктарга тең укуктарды берген.
Польшалык ишкерлер Украинанын агрардык тармактагы арзандатууларына кызыгууда. Ошентип мамлекеттин суверендүүлүгүнүн калдыктары да акырындап жоголууда.
HIMARS согуштук куралы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада НАТО жеңилип барат... Аскерий сереп
Варшавалык идеологдордун Киев менен "аскерий тууганчылыгы" айдан ачык жана оңтойлуу. "Реституция Кресов" уюмунун президенти Конрад Рэнкас мурда: "Поляктар америкалыктар менен англичандардан жашыл жарыкты гана күтүүдө… Бул расмий түрдө басып алуу эмес, киевдик өкмөткө "туугандык жардам" болмокчу. Качан гана польшалык армия Львовго барганда формалдуу негиздердин мааниси деле калбайт. Биз 14-кылымдан бери Польшага таандык жерлерге кайтабыз", - дейт. Бул Киевге аркадан канжар урууну пландоо эмей эмне?!
Эгер Польша Волынь менен Галицияны кошуп алса, Венгрия менен Румыния Батыш Украинанын башка облустарын тартып алып, жергиликтүү тургундардын бандерчи ураандарын тез эле унуттуруп коет.
Беларусь менен Россиянын улуттук коопсуздугунун стратегиялык кызыкчылыктары Украина менен Польшага, башкача айтканда НАТОнун Чыгышка карай кеңейишине жана жамааттык Батыштын агрессияларынын кайталанышына каршы чыгууну кескин талап кылары айкын. Украинанын чек араларына жакын жайгашкан польшалык эки жаңы дивизиянын Чыгышка карай жылышына Беларусь Республикасынын аймагына октябрь айында жайгаштырылган биргелешкен күчтөрдүн тобу гана бөгөт боло алат.
Беларусь Республикасынын Коргоо министрлиги күчтөрүнүн аскердик жана мобилизациялык даярдыгын күтүүсүз комплекстүү текшерүүлөрүн тынымсыз жүргүзүп келет. Учурдагы куралдуу жаңжалдардын тажрыйбаларын эске алуу менен ички курамды окутуунун жаңы ыкмаларын киргизүүдө.
Россия армиясы атайын аскердик операциянын милдеттерин ырааттуу аткарып келет. Европа "ири масштабдуу согушту тутантуу тобокелдигине барып адамдарды жакырчылыкка карай сүйрөп жаткандай".
Кошмо Штаттар Россия менен согушууну көздөбөйт деген билдирүүлөр Ак үйдөн кайра-кайра жаңырганы менен булардын баары түз жаңжалдашуунун ыктымалдыгын жогорулатат.
АКШнын Аба-десанттык дивизиясынын №101 бригадасы октябрда Румынияга машыгуу эмес, "жайгашуу үчүн" жеткирилген. Эске салсак, Европада ушул тапта АКШ армиясынын 100 миңдин тегерегиндеги жоокери кызмат өтөйт. Украинадагы жергиликтүү жаңжал НАТО өлкөлөрүнүн гибриддик катышуусундагы түз глобалдык салгылашка айланып кетиши да ажеп эмес.
Украина аскерлери танкта. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Атайын аскердик операциянын жүрүшүнөн. Батыштын шыкагы жана "жардамы"
Жаңылыктар түрмөгү
0