Атайын аскердик операциянын жүрүшүнөн. Батыштын шыкагы жана "жардамы"

© AFP / Anatolii StepanovУкраина аскерлери танкта. Архивдик сүрөт
Украина аскерлери танкта. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Жазылуу
Украинадагы атайын аскердик операция аймагындагы россиялык күчтөр ноябрдан тарта бир нече багытка чабуул коюуда. Мобилизациялангандардын эсебинен аскерлердин катары бекемделип, резервдер түзүлдү.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн бардык контрчабуулдарынын мизи РФтин Аскер күчтөрүнүн бириккен топтору тарабынан кайтарылууда. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко атайын аскердик операциянын жүрүшүнөн кеп салган.
Атайын аскердик операциянын аймагындагы оперативдик кырдаал жалпы жонунан туруктуу. Россиялык күчтөр дээрлик бардык багыттарда үстөмдүк кылып, Донбасста артиллериялык соккулар күчөтүлдү. Өзү жүрүүчү ар бир артиллериялык түзүлүш сутка сайын 90 чакты дүрмөт сарптайт.
Артемовск жана Марьинканы бошотуу аяктап барат, анын жүрүшүндө Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү чоң жоготууларга учуроодо.
Артемовск (киевдик режим тарабынан Бахмут болуп өзгөртүлгөн) Донбасстын орчундуу транспорттук түйүнү катары стратегиялык мааниге ээ. Мында айыгышкан кармаштардын башталганына бир топ болуп калды. Калаа ушул тапта жарым курчоодо, анын жака белиндеги бекемделген райондордо Украина Куралдуу күчтөрүнүн №58 мотопехоталык бригадасы баш калкалоодо.
Россиялык бөлүктөр чыгыштан чабуул коюп, Артемовскини түштүктөн бөгөттөшкөн. Ноябрдын башынан бери Бахмут дайрасынын оң жээгинде каршылаш тарабын катуу талкалаган. Артемовскинин четинде украиналык бөлүктөр ички курамынын жарымынан көбүнөн ажырап, ок өткөрбөс техникасынын 70 пайызын жоготкон.
№58 бригаданын эки мотопехоталык батальонунун алсыраган аскерлери башкы командачылыктан ыкчам жардам сурап кайрылган. Аларга Киевдин четиндеги территориялык коргонуунун сегиз батальону, ошондой эле Mozart Group командачылыгынын алдындагы, АКШнын деңиз пехотасынын отставкадагы полковниги Эндрю Милберндин "Моцарт" жеке аскер ишканасынын америкалык жалданма жоокерлер отряды да аларга келип кошулган.
Tornado GR4 учактын пилоту Brimstone ракета багыттоо системасын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадагы британиялык Brimstone комплекси Россиянын бутасына айланды. Сереп
Артемовскинин четинде америкалык "Моцарт" менен россиялык "Вагнер" бет келишип калышса, америкалык жоокерлерден үйүнө – АКШга кайта тургандары аз. "Салмак категориялары" тең эмес. Өткөн апталарда Донбасста (Северск менен Славянскиде) Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн таамай куралы менен "чет өлкөлүк легиондун" 100дөн ашуун жалданма жоокери, Харьков облусунда Украина Куралдуу күчтөрүндөгү 200 польшалык "ыктыярчы" жок кылынды.
Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү салгылаш менен Марьинканын борборун ээлеп, каршылашын батыштагы кварталдарга карай сүрүп чыгарды. Донецк багытында Марьинка – Украина Куралдуу күчтөрүнүн эң маанилүү райондорунун бири. Тактикалык ийгилигин өрчүтүп, россиялык күчтөр Константиновка аркылуу Угледарга карай умтулууда. Киевдик режимдин башчысы Владимир Зеленский Донбасстагы кырдаал Украина Куралдуу күчтөрү үчүн тозоктун отундай оор экенин моюнга алууга аргасыз.
Россия Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы өз пландарын стратегиялык форматта ишке ашырууда. Бул фронттун кандайдыр тар тилкесиндеги ыкчам кырдаалдан татаал. Сырттан атайын аскердик операциянын ийгиликтери жана аткарылган милдеттердин пайызын талкуулоо кыйын. Ошентсе да Россия армиясы ашыкпастан резервдерин топтоп, РФтин коргоо-өнөр жай комплекси да акырындап ыргагын тездетүүдө.
Экинчи жагынан Украина Куралдуу күчтөрүндө контрчабуул үчүн стратегиялык резерв жок. Жүз миңдеген резервчилери болсо да, аларга артиллерия, ок өткөрбөс техника, ок-дары жетишсиз. Учак, кеме жөнүндө айтпай эле коёлу. Эгер мурда украиналык контрчабуулдар танктар менен эки же үч батальон (3000ге чейин кишиден турган) тактикалык топ менен жасалса, бүгүнкү күндө андай аракеттерде ок өткөрбөс техникасыз 200дөй кишиден турган бир-эки ротанын күчү гана байкалууда.
Киевдик режим азырынча 155 мм калибрдеги НАТОлук он миңдеген артиллериялык дүрмөттөрдү алууда, бирок АКШ менен альянстын арсеналдары дээрлик бош экенин да эстен чыгарбоо зарыл.
Америкалык коргоо өнөр жай комплекси жылына 155 мм дүрмөттөн 30 миң бирдик өндүрөт. Ал эми украиналык артиллеристтер мындай көлөмдөгү ок-дарыны эки аптада жок кылат. Себеби россиялык күчтөр ар суткада 50 миң дүрмөткө чейин чыгымдашат.
НАТОнун желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Кытайда АКШ Европаны чүлүктөө үчүн НАТОну капкан катары пайдаланганы айтылды
Бул көрсөткүчтөр реалдуу октун күчү жана айныгыс стратегиялык үстөмдүк кайда экенин айгинелейт. Украина Куралдуу күчтөрү – НАТОнун жана Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн аскерий дараметтеринин айырмасы кыйла чоң.
Батышта Украинага бериле турган курал жана ок-дары түгөнүп, маселен Улуу Британия жарактан чыгарылган Sea King тик учактарын жана мурдагы кылымдын ортосундагы зениттик куралдарын жөнөтүүдө. Франция эски Crotale зениттик ракеталык комплексин, Германия курал мүмкүнчүлүктөрү чегине жеткенин ачык билдирип, ал эми Кошмо Штаттар коргоо өнөр жай комплексинин ишканаларына пенсионерлерди кайрадан ишке алууда.
Al Binaa басылмасы Европа украиналык жаңжалды создуктурууну көздөбөйт, анткени рецессия жана газдын таңсыктыгына кабылганын белгилейт. Ал эми Россия энергетикалык ресурстарынын, курал жана азык-түлүктүн чоң запасына ээлик кылгандыктан, Батыштын кысымдарына дагы бир топ мезгил туруштук бере алат.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн аскердик башкармалыгы жана энергетикалык логистика объектилерине россиялык топтоштурулган ракеталык соккулардан соң өлкө караңгылыкка сүңгүдү. Ушундан улам Вашингтон менен Брюссель киевдик режимге "туруктуу колдоону" убада кылып, ал эми британиялык коргоо министри Бен Уоллес Украина Куралдуу күчтөрүн кышкы чабуулга үндөөдө. Себеби Украина "эл аралык коомчулуктан" жардам иретинде 300 миң бирдик арктикалык курал дүрмөтүн алган.
Генерал Сергей Суровикиндин маалыматында, украиналык күчтөр август-октябрь аралыгында Херсон багытындагы чабуул коюуда 9500дөн ашуун жоокерин жоготкон. Андан сырткары, 200 танк, 500 ок өткөрбөс машина, 50 артиллериялык курал жана миномёт, 600 автомобилинен куру калган.
Россиянын жоготуулары сегиз эсе аз. Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко 24-ноябрда Украинаны жаңжалды токтотууга тегин жерден чакырганы жок, антпесе "толук талкаланып калуу" коркунучу бар. Ошентип, Россиянын ынанымдуу союздашы жамааттык Батыш менен ортомчу катары сүйлөшүүнү жүргүзүп жаткандай.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Америкалык Avenger зениттик ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Беш эле чакырым! Украинага берилчү америкалык Avenger комплексине сүрөттөмө
Жаңылыктар түрмөгү
0