Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинада НАТО жеңилип барат... Аскерий сереп

© AFP / GINTS IVUSKANSHIMARS согуштук куралы. Архив
HIMARS согуштук куралы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Жазылуу
Украина каатчылыгы Россия менен куралдуу түз кагылышка Батыштын, Пентагон менен НАТОнун технологиялык жактан даяр эмес экенин айгинелеп койду.
Батыш арсеналдарынын, курал-жарак, ок-дары өнөр жайынын мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, альянстын киевдик режимге аскердик көмөгү туңгуюкка кептелип калды. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко кезектеги макаласында да ушул жаатында кеп учугун улаган.
РФтин атайын аскердик операциясынын тогуз айында АКШ менен Европа биримдигинин аскердик техниканын кеңири түрлөрүнүн тартыштыгын жана өндүрүштүк-технологиялык таңсыктыгын даана ачыктап койду. Айрыкча Украина Куралдуу күчтөрүн НАТОлук стандарттагы артиллерия жана абадан коргонуу тутумдары менен жабдууда кырдаал начар.
155 миллиметрлик артиллериялык дүрмөт, заманга бап зениттик ракеталык комплекстеринин запасы түгөнүп, НАТО өлкөлөрүнүн өздөрүнө жетпей жатат. Россия Куралдуу күчтөрүнүн Европа жана украиналык согуштук аракеттер театрындагы стратегиялык үстөмдүгү айдан ачык. Россиянын канаттуу ракеталары кынтыксыз. Бул туурасында 25-ноябрда Ту-160 стратегиялык бомбалоочуларынын пландалган учушу эске салды. Алар МиГ-31 истребителдеринин коштоосунда НАТОнун түндүк чек араларына жакынкы аймактарда 13 саат учуп жүрдү. Ошондой эле АКШ жана анын союздаштары күнү-түнү, тынымсыз россиялык өзөктүк үчтүктүн мээлөөсүндө экени белгилүү.
Россиялык аскерлер 1000 чакырымдык фронт чийининде бир нече багытка чабуул коюуда. Украина Куралдуу күчтөрүнүн жана НАТОлук жалданма аскер топторунун эбегейсиз жоготууларын Батыш Европалагылар да, Түндүк Америкадагылар да тана алышпайт.
Аскерий эксперт, АКШ Армиясынын отставкадагы полковниги Дуглас Макгрегор Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоготуусу 100 миң аскер, ал эми жаракат алганы жүз миңдеп саналарын айтат. Украинадагы атайын аскердик операциянын тогуз айында альянстын башка мамлекеттеринен келгенин кошпогондо да 1200дөй польшалык жалданма жоокер набыт болду.
Батыштагылар украиналык согуштук аракеттер театрында Россия үстөмдүк кылып, киевдик режимдин аскер башкармалыгын, ага байланышкан энергетика жана логистика объектилерин таамай канаттуу ракеталары менен талкалап жатканын Батыштагылар жакшы билишет.
Украинанын Аба күчтөрү тогуз ай ичинде андай соккулары 4000ден ашканын санашкан. Бирок ал статистикага Х-59, С-300 ракеталары, сокку уруучу дрон, залптык октун реактивдүү тутумдары кошулган эмес. Украина бийлиги жарандарын ракеталык соккулардын жаңы толкуну жөнүндө жана миллиондогон тургундарды белгисиз жайга көчүрүү ыктымалдыгын күн сайын эскертет. Батыштын версияларындагыдай Россиянын таамай тийген куралдары түгөнүп калбасы айдан ачык.
Альянстын стратегдери Украина Куралдуу күчтөрүнүн энергетикалык инфраструктурасы кайра калыптанбай тургандай толук талкаланып каларын жоромолдошууда. НАТОнун украинада "күчтүү абадан коргонуу тутумун" жаратуу демилгесинин ишке ашары арсар. Батыштын мындай комплекстери сан жагынан да, сапат (технологиялык) жактан да альянска мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Кошмо Штаттардын да маанилүү объектилерин канаттуу ракеталардан ынанымдуу коргой албайт.
Украина аскерлери танкта. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2022
Атайын аскердик операциянын жүрүшүнөн. Батыштын шыкагы жана "жардамы"
АКШ менен НАТО киевдик режимди кайра куралдандырып, өз арсеналдарын толуктоого тырышууда. Бирок натыйжада Батышта киевдик режимге берилчү курал жана ок-дары түгөнүп, ал эми тартууланганы бат эле жарактан чыгып калууда. Польшанын НАТОдогу өкүлү Томаш Шатковский Украинанын айынан өлкөнүн көптөгөн аскердик кампалары бош калып жатканын билдирди. Мындайда Украина Куралдуу күчтөрүнүн кайдагы ийгилиги жана согуштук дарамети жөнүндө кеп жүрөт?
Пентагон менен Британиянын коргоо министрлиги Украина Куралдуу күчтөрүн дале Excalibur дүрмөттөрүн, Brimstone-2 ракеталары менен жабдууда. Келерки жылдын жазында америкалык Boeing компаниясы киевдик режимге GLSDB ок-дарыларын берүүнү пландоодо. Ошентсе да Россия менен күрөштө Украинанын дайым Батыштан үмүт этишине бекем негиз жок. Киев Европа биримдиги менен Россиянын экономикалык байланыштарын Вашингтондун пайдасына бузуудагы өз ролун аткарды. Эми Пентагондун горизонтунда – Тайвандагы жаңы аскердик жаңжал жана Киевден баатырдык менен чыгып кетүү вазийпасы турат.
Британиялык тарыхчы Орландо Фижес германиялык Die Welt гезитиндеги маегинде: "Украинадагы согуштук аракеттер дагы узакка созуларын, Россиянын жеңиши менен аяктаарын" жоромолдогон. Себеби, "канча зарыл болсо, ошончо узартууга Кремлдин чечкиндүүлүгү, каражаты жана союздаштары жетиштүү" деп түшүндүрүлөт ошол материалда.
Guardian британ басылмасы Европаны "аябай чоң гуманитардык жана миграциялык каатчылык" каптап келе жатканы, ошондон улам Украина АКШ менен Европа биримдигинин колдоосунан ажырап калышы ыктымал экенин боолголойт.
The Hill басылмасы 25-ноябрда Американын абдан таасирдүү өкүлдөрүнүн бири, жазуучу, АКШ президенти Рональд Рейгандын тушундагы башкы прокурордун кеңешчиси, юрист Брюс Фейндин: "Конгресс Украинадагы согушту токтотуп, тынчтык үчүн Нобель сыйлыгына татып, Россияны тынчсыздандырган күчтүү уюмду арзыбаган нерсеге айлантуу менен Кошмо Штаттардын НАТОнун курамынан чыгуу тууралуу мыйзам кабыл алып коё аларын" айтканын чыгарды. Фейндин баамында АКШсыз НАТО Россияга коркунуч туудура албайт. РФ да НАТОнун европалык мүчөлөрүнө аскердик кооптуулук жаратпайт, ошондуктан АКШнын альянстан чыгышы союздаштарын кыйын күнгө калтырбайт. Антпесе, "Украинадагы согуштун аягы көрүнбөй, Кошмо Штаттарды жылына 100 миллиард долларга чыгым кылат". Мындай макалалар Батышта, айрыкча америкалык басма сөздө тегин жерден чыкпайт.
Германиянын солчул партиясынын түптөөчүсү Оскар Лафонтен 270-ноябрда Deutsche Wirtschafts Nachrichten басылмасына берген маегинде европалыктар "Вашингтондогу акылдан ажыраган каймактардын жогорку державалык дымагы" үчүн жана европалык мамлекеттердин жетекчилеринин коркоктугунун айынан жабыр тартып жатканын белгилеген.
Европада да акыл калчаган адамдар бар экени айкын, демек, айрым бир саясий күчтөр үстөмдүк кылган державалардан кол үзүүгө умтулбай койбойт...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Tornado GR4 учактын пилоту Brimstone ракета багыттоо системасын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадагы британиялык Brimstone комплекси Россиянын бутасына айланды. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0