Коммерциялык фильмдерге батып кеттик. Режиссёр Акматовдун маеги

© Sputnik / Асель АкматКаскадёр-актёр жана режиссёр Адилет Акматов. Архив
Каскадёр-актёр жана режиссёр Адилет Акматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2022
Жазылуу
Кыргызстанда ар кыл кесиптин катарында кинодо түрдүү оор трюктарды аткаруучу каскадёрлук да өсүп барат. Буга таланттан сырткары жоопкерчилик керек.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто каскадёр-актёр жана режиссёр Адилет Акматов болду. Биз каскадёрлук кесип жана режиссёрдун алдыда тартылуучу долбоорлору тууралуу кеп кылдык.
— Сиз аткарган кинолордун ичинен эң кыйыны кайсы болду?
— Тартуу иштеринен тышкары машыгуу учурунда бир трюктун элементин жасайм деп мойнумду кокустатып алгам. Ошондон кийин ата-энем да каскадёр катары фильмге катышуума аябай каршы болуп жүрүштү. Кийин жакшы болуп кеткенде кайра эле тасма талаасына кайтып келдим. Ушундан кийин алар деле түңүлүп калды окшойт. Ал эми актёр катары акыркы 4-5 жылда эч бир киного тартылган жокмун. Негизи өзүмдү кино ичинен көрө албайм. Бул мага таандык өнөр эместей. Учурда кадр сыртында каскадёрлук топту жетектеп, балдарды өстүрүү менен алекмин. Казакстандын "Номад" каскадёрлор тобу менен көп иштешебиз. Алар менен чет өлкөлөргө байма-бай чыгабыз. Кыргыз кинолорунда да трюктарды негизинен биздин балдар аткарат. Учурда деле балдардын көбү Алматыда киного түшүп жүрүшөт.
— Актёр болууга сизге эмне тоскоол болду?
— Жараткан образдарымды өзүм кабылдай албай койдум. Комплекстерим бар. Кадрдан өзүмдү көргөндө уялып, ыңгайсыздык жарала берет.
— Ал эми режиссёрлук айдыңда иштериңиз кандай?
— Ушул тапта режиссёр катары өзүмдү сынап жатам. Жакында эле кыска метраждуу кино тартылып, ага көркөм жетекчи жана оператор болуп бердим. Өзүм режиссёр болгон фильмдер да бар. Ушул тапта режиссёр катары өзүмдү сынап жатам. Ак илбирс тууралуу кыска метраждуу кинофильм тарттык. Ал эми экинчиси андан да масштабдуу долбоор. Ага көп каражат кеткендиктен Кыргызстандан колдоо таппай турабыз. Пандемия маалында тизерин тартып, учурда аны чет мамлекетке жибердик. Анда адам укугу, сөз эркиндиги, социалдык көйгөйлөр тууралуу маселелер камтылган. Фильм негизи Кыргызстанда тартылат. Локациялары бизде эле болгону менен актёрлорду чет мамлекеттен чакырууга туура келет. Муну ишке ашыруу үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги продюсер керек болуп жатат.
Кыргыз кереметин жараткан режиссерлор ошондо 22-23 жашта эле. Видеомаек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2022
"Кыргыз кереметин" жараткан режиссерлор ошондо 22-23 жашта эле. Видеомаек
— Каскадёрлуктун арты менен бир катар жерлерге да барып жүрөсүз. Көптөгөн өлкөлөрдүн иштөө абалын көрдүңүз. Кандай таасир калтырды?
— 2009-жылы Румынияда америкалык долбоордо иштедик. Голливуд режиссёру Мартин Кэмпбелл тарткан. Ага чейин орустардын, Болливуддун, Чыгыштын долбоорлору менен иштеп көргөнбүз. Биз Россия, Казакстан жана советтик системада иштейбиз. Бирок жеке кино тартуучу борборлордуку Батышка бир аз окшошот. Анткени иштөө системасын ошол жактан үйрөнүшөт. Мамлекеттик долбоорлор союздук системада калып кеткен. Негизинен айырма чоң. Ага чейин кино тартып жүргөм, бирок сырттагылардын иштегенин көрүп уялдым. Анан да тартылган кинолордун баары эле бизде коммерциялык максатты көздөгөндүктөн эл аралык деңгээлдеги сценарийлер жазылбайт. Биздин эл деле ошого көнүп калды. Актан Арым Кубат өңдүү режиссёрлордун автордук фильми көрүүчүнү бир аз ойлонууга аргасыз кылат. Автордук тасмаларда көп нерселер көмүскө берилет да. Бирок биздин көрүүчүлөр ойлонгусу келбейт. Алар жеңил-желпи кинолорго көнүп калган. Ошол себептен да коммерциялык кинолорду жактырышат. Кыргызстан автордук фильмдерди кабыл ала албай жатат. Ошондуктан ал кинолорду коомчулукка түшүндүрүп, жеткирип берүүчү подкасттарды даярдоо керекпи деп ойлойм. Бирок бул да убактылуу нерсе.
— Сизге, өзүңүзгө кандай жанрдагы фильмдер жагат?
— Мен комедиядан такыр алысмын. Эмнегедир күлө албайм. Илимий фантастика, детектив жанрларына жакынмын. Бизде эксперимент аз болуп жатат. Кинонун өнүгүшүндө эксперимент шаблонго кирбеши керек. Фильм тартуу мезгилинде ичтеги болуп жаткан нерсенин баарын чыгарганга аракет кылуу керек. Бизде, тескерисинче, салган акчадан ашык киреше табуу үчүн эрежеден чыкпай, баарын эсептеп иш кылышат. Бул экспериментке кирбейт, бирок экспериментсиз кинонун өсүшү болбойт. Режиссёр көп тажрыйба албайт.
— Каскадёрлукка жаңыдан кадам койгон балдарга кандай кеңеш бере аласыз?
— Биринчиден, өз ара тартип менен адамдын эрктүүлүгү керек. Экинчиден, кылган ишине жоопкерчиликтүү мамиле жана эң негизгиси, адамгерчиликтүү сапат. Кандай гана топто болбосун, андагы балдар менен иштешип кетүү маанилүү. Бизде көп эле учурлар болду. Чыныгы таланттуу балдар келет. Бирок тил табыша албай кайра кетүүгө аргасыз. Анткени бир-эки ийгилигинен соң жаштардын көбү дароо эле жылдыз оорусу менен ооруп калат. Бир аз ийгиликти көтөрө алышпайт. Сыртта жүрүп байкаганым боюнча, өнүккөн өлкөлөрдө чыныгы талант катары жоопкерчиликтүү адамды баалашат. Жоопкерчилиги жок адам команданын ишин артка тартып, чыгымга алып келет. Ошол себептен "бир пайыз талант, 99 пайыз жоопкерчилик" дешет.
— Кыргызстанда каскадёрлук тармактын абалы кандай?
— Бизде каскадёрлор катышкан фильмдер аз тартылганы белгилүү. Бул бюджетке да байланыштуу. Сыртка көбүнесе Казакстандын атынан чыгабыз. Келечектеги чоң долбоорлор менен өлкөнүн атынан чыгалы деп аракет кылуудабыз. Башка өлкөлөр менен салыштырганда Кыргызстанда жумуш дайыма боло бербейт, бирок жалпысынан жаман эмес. Ал эми казактарда акча бар жана алар чет өлкөлүк компаниялар менен көп иштешкендиктен долбоорлору арбын. Дайыма адистерди окутуп тургандыктан өсүү темпи бизге караганда алдыда. Ошондой эле кино базары да чоң. Көрүүчүлөрдүн саны жагынан да айырма бар.
Жер титирөөдөн улам жарака кеткен жер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2022
Кыргызстандагы ири шаарлардын баарында жер жаракасы бар. Сейсмологдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0