"Кыргыз кереметин" жараткан режиссерлор ошондо 22-23 жашта эле. Видеомаек

Жазылуу
Быйыл "Кыргызфильм" киностудиясына 81 жыл толду. Аталган маданий мекемеден убагында далай таланттар чыгып, мыкты фильмдер даярдалып дүйнөнү түрө кыдырган.
Азыркы Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясы 1941-жылы 17-ноябрда Фрунзе кинохроника студиясы деп өкмөттүн токтому менен уюшулган. Жаңы мекемеге жабдуу, техника Москвадан алып келинип, ишмердүүлүгү башталган. Алгач кыргыз, орус тилинде "Советтик Кыргызстан" киножурналын, башка студиялардын буюртмаларын аткарып, кийин толук метраждуу көркөм, даректүү, түстүү тасмаларды тарткан.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ал жылдарды кинорежиссер Төлөгөн Сыдыков менен эскерип маек курду. 18 жашында оператордун жардамчысы болуп киного келип, көп жыл экинчи режиссер болуп иштеген Сыдыков чоң кинону 22-23 жаштагы балдар көтөргөнүн айтат.

"Алп дүйнөнү 22-24 жаштагы балдар түптөп көтөрдү. Төлөмүш бир-эки даректүү тасма тартып "Бакайдын жайытына" киришкен. Биз ошол маалда Геннадий менен "Саманчынын жолун" тартып жатканбыз. Андрей Кончаловский да "Биринчи мугалимди" тартып, Наталья Аринбасарова жаңы эле кыргыз киносуна келген. Кыргыздар негизи таланттуу эл. Манасчы, төкмө акын, ырчылары эле кандай таланттар. Ата мекендик кинематографиянын жаралуусунун башында турган Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, төртөө тең кыргыздын этнографиясын, жомокторун, турмушун мыкты билчү. Белгилүү оператор Кадыржан Кыдыралиев эки фильм тарткандан кийин аны Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна (ВГИК) чакырышкан. Профессор наамын берип, оператордук курс өткөнгө устакана ачып беребиз дешкен. Бирок ал болбой койгон. Ушул сыяктуу сунуштар көп эле болгон. Кыргыздын киносу союз маалында мамлекетке бир топ киреше алып келди. Мисалы, "Буктурма", "Бөрү зындан", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кассалуу фильмдердин катарына кирген. Ал фильмдерди СССР чет мамлекеттерге алтынга сатчу же чет элдик прокаттагы кинокартиналарга алмашчу", — деди Сыдыков.

Союз маалында Кыргызстанда жыл сайын ар кыл жанрдагы 15-20 фильм көрүүчүлөргө сунушталчу. Ал кинокартиналарга катышкан актер, актрисаларга Кыргыз ССРинде эле эмес, чет жакта да суроо-талап пайда болгон.
Тема боюнча:
Усубалиев өзү текшерчү. Ири объектилердин архитектору Жумакалиев менен видеомаек
Сахна, сүйүү, жеңиш... Актриса Альбина Имашованын кызыктуу видеомаеги
Көзүндө муң катылып жаткандай... Азиз Мурадилаев менен баарлашуу видеодо
Жаңылыктар түрмөгү
0