Кыргызстандагы ири шаарлардын баарында жер жаракасы бар. Сейсмологдун маеги

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЖер титирөөдөн улам жарака кеткен жер. Архив
Жер титирөөдөн улам жарака кеткен жер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2022
Жазылуу
Адистер Кыргызстан сейсмологиялык кооптуу аймакта жайгашканын айтышат. Өлкөдө жылына 12 миңден ашуун ар кандай жер титирөө катталат.
Sputnik агенттигинде Сейсмология институтунун директору, профессор Канат Абдрахматов мейманда болуп, жер жаракалары жана алардын борбордогу курулуштарга тийгизген таасири тууралуу сүйлөштүк.
— Буга чейин бизде 100 метрден ашык турак жай куруу тажрыйбасы болгон эмес. Сейсмикалык жагынан бул канчалык туура?
— Жаратылыш кырсыктары көп катталган Японияда асман мелжиген үйлөр курулуп жатат. Бул технология менен байланышкан маселе. Эгер сиз айткан имаратты япон технологиясы менен курса, 104 эмес 200 метрди деле салууга болот. Бирок анда бетондун, арматуранын маркасы миллиметрине чейин япон технологиясына жараша так колдонулушу керек. Экинчиден, сейсмикалык карта боюнча Бишкектин чок ортосунда 8 баллдан ашпаган силкинүү болушу мүмкүн. Бул курулушка анча деле коркунучтуу эмес. Ошол себептен, менин жеке пикиримде, Бишкекте бийик имараттарды курууга болот. Муну жер титирөөгө туруктуу Курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту карап чыгышы керек.
— Кыргызстан сейсмикалык жактан кооптуу өлкө аталганынын себеби эмнеде? Тектоникалык коркунучтуу аймакта жайгашканбызбы же жер титирөө миграциясынын таасири күчтүүбү?
— Биздин Кыргызстанда жыл сайын орто эсеп менен алганда 12-15 миң жер титирөө катталат. Бул жөнөкөй элге сезилбейт. Атайын аппараттар гана каттап калат. Бирок жылына 10-15 ирет катуу жер титирөө (5-6 баллга жеткен) болуп турат. Себеби Кыргызстан эки чоң тектоникалык плитанын ортосунда жайгашкан. Түндүк жагынан алганда стабилдүү казак платформасы, ал эми түштүк жагынан Индостан активдүү платформасынын кысылышкан жеринен орун алганбыз. Экинчиден, аймагынын 92 пайызын тоо ээлеген тоолуу өлкө.
— Эң чоң жер титирөө 1911-жылы Кеминде катталыптыр. Тарыхты карап ушундай кырсыктар канча жылда бир кайталанарын же эми кайсы жылы болорун анализдөөгө мүмкүнбү?
— Кээ бирлер "100 жылда бир катуу жер титирөө болот экен" дей беришет. Чындыгында изилдөөлөрдө жердин катуу силкинүүсү 3000-5000 жылда кайталанат деген маалымат бар. Ошондуктан Бишкектин түштүгүндө жайгашкан Ысык-Ата жаракасына жасалган иликтөөдөн улам акыркы катуу зилзала 700 миң жыл мурда болгону аныкталды. Ал эми андан мурункусу 4500 жыл мурда катталган. Кыргызстанда 60-70 жылда бир жолу 6дан 11 баллга чейин жер титирөө болуп турат.
© Sputnik / Асель СыдыковаКанат Абдрахматов: Жаратылыш кырсыктары көп катталган Японияда асман мелжиген үйлөр курулуп жатат. Бул технология менен байланышкан маселе. Эгер сиз айткан имаратты япон технологиясы менен курса, 104 эмес 200 метрди деле салууга болот
Директор Института сейсмологии, профессор Канат Абдрахматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2022
Канат Абдрахматов: Жаратылыш кырсыктары көп катталган Японияда асман мелжиген үйлөр курулуп жатат. Бул технология менен байланышкан маселе. Эгер сиз айткан имаратты япон технологиясы менен курса, 104 эмес 200 метрди деле салууга болот
— Климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири барбы?
— Бир чети болот. Мисалы, Гренландияда муздардын эриши миллиондогон гектар жерди алат. Андай деңгээлдеги климаттык өзгөрүүнүн жер титирөөгө түз тиешеси бар. Ал эми биздеги мөңгүлөрдүн эриши таасир этпейт.
Мен Сейсмология институтуна жаңы келгенде "Индиядагы жер титирөөлөр Кыргызстанга таасирин берет экен" деген пикирлер айтылып, бир нече изилдөө өткөргөнбүз. Натыйжада ал далилденген эмес.
Биздин институт бир нече багытта иштейт. Биринчиси — сейсмикалык райондоштуруу. Азыр Баткен облусун райондоштурууну аяктап калдык. Учурда бул иштер эл аралык деңгээлде уюштурулуп, биздин адистер башка ыкма менен жаңы карта түзүүгө даяр. Бул үчүн өкмөттөн каражат күтүп жатабыз. Мурда адистер кол менен түзчү. Азыр атайын программанын жардамы менен компьютер түзөт. Ал так болот. Бул картаны түзүүгө үч жылдык убакыт сарпталат.
— Ысык-Ата жаракасы эмнеден улам пайда болгон?
— Кандидаттык, доктордук диссертациямды ушул темада жактагам. Кыргыз Ала-Тоосу Чүй өрөөнүн басып турат. Ошол себептен тоонун астында бөксө тоолор пайда болгон, аны Ысык-Ата жаракасы чектеп турат. Узундугу 150 чакырым, тереңдиги 20 чакырымга чейин жетет. Илгери ушул жараканын айынан бир нече жер титирөө болуптур. Бишкектин түштүк жагында жайгашкан бул жаракага көп жылдар көңүл бурулбай жүрүп эми гана маани берилүүдө. 2006-жылдан бери жараканын туурасы 1,5 чакырым дегенге макул болбой, кайрылбаган жерим калбай аябай изилдедим. АКШдагы эң узун Сан-Андреас жер жаракасынын узундугу беш миң чакырым, ал эми туурасы 15 метр. Эгер ошол ченемди алсак, эмнеге Ысык-Ата жаракасынын узун-туурасында мынчалык айырма чыгып жатат деген суроо туулат. Москвага да бардым. Эч ким жооп бере алган жок. Мындай ченемдик зона Кыргызстанда эле бар экен. Ошол себептен иликтеп аталган жараканын жаңы ченемдерин чыгарып, анын туурасы 500 метрге кыскартылды. Калган зонага тогуз кабаттуу имараттарды курууга болот. Ошого карап, азыр немец, француз, италия кварталы деп үйлөр түшүп жатат.
Бирок, тилекке каршы, азыр ошол жараканын так үстүнө Орто-Сай айылында VIP шаарча курулуп жатат. Буларга ким уруксат бергенин билбейм. Биз илимий институт болгондуктан барып "туура эмес куруп жатасыңар" деп айтууга укугубуз жок. Жанындагы Орок, Жал, Төмөнкү Орок, Жогорку Орок айылдары да ушул жаракага кирип калат.
Ошол аймакка чакан стадион, сейил бак курууга болот. Ал эми жаракадан 20 метр алыстыкта бир-эки кабат үйлөрдү тийиштүү агенттиктин уруксаты менен гана салууга мүмкүн. Калган курулушка тыюу салыныш керек.
— Ысык-Ата жаракасынын жаралуу тарыхы кандай? Кайсы жылдары аныкташкан?
— 1982-жылы кыргыз окумуштуусу Илияс Садыбакасов жараканын баяндамасын жасап, диссертациясын коомчулукка алып чыккан. Бир нече макалаларды жазган. Андан кийин башкалар да аны тастыктап, жарака бар экенин айтышты. Мен жаңы илимге келип, ошол аксакалга жолукканда "эгер ушуну изилдесең сонун материал чыкчудай" деп шык берди. Сейсмология институтуна иштегениме 43 жыл болду, ошондон бери жумасына бир жолу ошол жараканы талкуулайбыз.
© Sputnik / Асель СыдыковаКанат Абдрахматов: Гренландияда муздардын эриши миллиондогон гектар жерди алат. Андай деңгээлдеги климаттык өзгөрүүнүн жер титирөөгө түз тиешеси бар. Ал эми биздеги мөңгүлөрдүн эриши таасир этпейт
Директор Института сейсмологии, профессор Канат Абдрахматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2022
Канат Абдрахматов: Гренландияда муздардын эриши миллиондогон гектар жерди алат. Андай деңгээлдеги климаттык өзгөрүүнүн жер титирөөгө түз тиешеси бар. Ал эми биздеги мөңгүлөрдүн эриши таасир этпейт
— Башка жер жаракаларын да изилдесеңиз керек. Кыргызстанда көппү?
— Көп. Кыргызстандагы чоң шаарлардан Таласта эле жарака жок экен. Калгандарынын баарында бар. Мисалы, Ошто Мады, Нарында Орто Нарын жана Караколдо Тескей активдүү жаракасы бар. Иши кылып чоң шаарлардын баары эмнегедир жараканын жанында же үстүндө жайгашкан. Убагында шаарлар курулуп жатканда булар каралган эмес. Ал кезде илим деле анчалык күчтүү эмес болчу. Азыр Google Earth программасынын жардамы менен космостон деле үйүн көрүп текшерип алууга болот.
— Коңшу өлкөлөрдө бул маселе кандай?
— Борбордук Азияда биз биринчилерден ушул маселени коюп, иштеп жатабыз. Учурда активдүү жаракалар боюнча иштеп жаткан жалгыз адис менмин. Тилекке каршы, коңшуларда жок. Ошол себептен алар көп көңүл бурбайт. Мындан бир-эки жыл мурда Алматы шаарынын дал ортосунан өткөн активдүү жарака катталды. Алардын адистерине бир-эки лекция окугам. Бирок ошол жараканын үстүнө көп кабаттуу үйлөр курулуп калгандыктан көп маани беришкен жок.
— Ушул багытта жалгыз адис экенсиз. Келечек үчүн жер жаракасын изилдөөнүн, аныктоонун методологиясын, механизмдерин баяндап жаздыңызбы?
— Үч монография жаздым. Активдүү жаракалар боюнча чоң монографиям англис тилинде чыкты. Макалалар да жазылган. Эми чоң китеп жазуу оюм бар. Материалдарды чогултуп жатабыз. Мындан тышкары, алты кандидаттык, эки доктордук диссертация жакталган. Сегиз аспирантым бар. Ал эми Казакстандан үч аспирант даярдадым. Мэрия жана чет өлкөлүк илимий фонддор менен да иштешебиз. Өткөн он жыл ичинде биздин Сейсмология институту өлкөгө 3,5 миллион доллар киреше алып келиптир. Буга илимий жабдыктарды алып, станцияларды курдук. Жакында эле Нарын, Ош шаардык мэриясына жаракалар боюнча электрондук карта түзүп бердик.
— Институттун техникалык базасынын кандай кемчиликтери жана жетишкендиктери бар?
— Техникалык базабыз жакшы эле. Чет өлкөлүк фонддон акча бөлүнүп, бир топ жакшы жабдыктарды алдык. Бирок жер титирөөнү алдын алуучу жабдыктар абдан эскирген. Ошолорду жаңыртуу мүмкүнчүлүгү болбой жатат.
Суу сактагыч. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2022
Суу сактагычтарды жаңы техника менен тазалоо каралууда. Сугат суу боюнча маек
Жаңылыктар түрмөгү
0