Соцфонд: ишсиз калгандарга мындан ары үч айга чейин акча төлөнөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча карамп турган адам. Архив
Акча карамп турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2022
Жазылуу
Социалдык фонддун төрагасы жаран өзүнүн топтомо фондундагы акчасын жүрөк же онкологиялык оорудан жапа чексе чыгарып алууга болорун айтты.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Социалдык фонд июнь айынан тарта жумушсуз калгандарга алардын топтомо фондундагы эсептен 400 миң сом төлөп берди. Бул тууралуу аталган ведомствонун башчысы Бактияр Алиев "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын жана "Мекенчил" депутаттык тобунун кошмо жыйынында билдирди.
"Быйыл июнь айынан тарта топтомо фондунун жобосуна өзгөртүүлөрдү киргиздик. Мисалы, ипотека жаатында алсак, мурда күйөөсү ипотека алып жаткан учурда анын эле топтомо фонду эске алынчу, азыр күйөөсү менен аялынын топтомо фондун кошуп эсептөөгө болот. Андан тышкары, эгерде киши жумушсуз калса, ага үч айлык мөөнөттө жети миң сомдон төлөп беребиз", — деди Алиев.
Топтомо фондудагы акчаны жаран пенсияга чыкканда, башка мамлекетке туруктуу жашоого кетип жаткан учурда, жүрөк же онкологиялык ооруга чалдыгып калганда алса болору айтылды.
Алиев быйыл июнь айынан бери ипотекалык насыяга топтомо фондунан 250 млн. сом төлөнгөндүгүн кошумчалады.
Кепилдик фонду желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2022
"Кепилдик фонду" кыргызстандыктарга ипотекага үй алууга жардам берет. Мыйзам
Жаңылыктар түрмөгү
0