Токтогул каскады курулуп бактыбыз бар экен. Энергетик Алымкуловдун маеги

© Sputnik / Георгий ЗельмаТоктогул ГЭСинин курулушу. Архив
Токтогул ГЭСинин курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2022
Жазылуу
Союз маалында өлкө аймагында бир топ ири гидроэнергетикалык долбоорлор ишке ашып, республика өндүргөн электр жарыгын башка республикаларга сатканга жетишкен. Ал жылдары Нарын дарыясын бойлото эле 22 ГЭС куруу пландалганы айтылып келет.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы КМШнын эмгек сиңирген энергетиги, техника илимдеринин доктору Карыпбек Алымкулов менен өлкөнүн бул тармагынын тарыхы жөнүндө маек курду.
— Ата мекендик энергетиканын тарыхын карасак, Кыргызстанда алгач дизелдик, жылуулук электр станциялар иштеген экен. Элди толук электр энергиясы менен камсыз кылууга мүмкүн болгон беле?
— Азыркы борбор калаада 40-жылдары бир эле дизелдик электр станция болгон. Кубаттуулугу 3000 киловаттка жетип, кандайдыр бир деңгээлде шаарды электр жарыгы менен камсыздачу. Андан сырткары, Аламүдүн каскадында алты чакан ГЭС бар эле. Алар Фрунзе шаарын жана анын айланасындагы калктуу конуштарга электр энергиясын берчү. Ошондой эле Сокулукта согуш маалында кичинекей гидроэлектростанция, Чүйдөгү кант чыгарган ишканалардын өздөрүнүн жылуулук электр станциялары иштечү, бирок анын электр чубалгылары жок эле. Фрунзеде 60-жылдары жарык маал-маалы менен беш сааттан өчүрүлчү. Кийин азыркы Бишкек ЖЭБинин биринчи агрегаты ишке кирип электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабай, дизелдик электр станциялар жабылган. Аларды иштетүү да кымбат туруп калган эле.
© Sputnik / Мирбек СакеновКМШнын эмгек сиңирген энергетиги, техника илимдеринин доктору Карыпбек Алымкулов
Заслуженный энергетик СНГ, доктор технических наук Карыпбек Алымкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2022
КМШнын эмгек сиңирген энергетиги, техника илимдеринин доктору Карыпбек Алымкулов
— Кийин республикада ири гидроэнергетикалык долбоорлор ишке ашып, далай ГЭСтер салынды, көп каражат кетти. План боюнча Нарын дарыясына эле 22 гидроэлектростанция курулмак турбайбы?
— Ооба, жалпы 22 ГЭС салынмак. Союз тарап, акчанын жоктугунан көбү ишке ашпай калды. Ал жылдары республикадагы энергетикалык ишканалар союздук мекемелер деп саналып, СССРдин Энергетика министрлиги өзү көзөмөлдөп курдурган. 1967-жылга чейин ал министрлик Энергетика жана электр техникалык өнөр жай министрлиги деп аталчу, кийин экөөнү эки башка министрлик кылып бөлүшкөн. Электр техникалык өнөр жай министрлиги генератор, трансформатор сыяктуу жабдууларды чыгарган ишканаларды көзөмөлдөсө, электр станциялардын курулушун, электр жарыгын алууну Энергетика министрлиги карачу. Бирок өз ара өтө тыгыз иштечү. Анткени жаңы каскад курулса ага керектүү адистер, кабель, чубалгылар, жабдуулар зарыл эле да.
Кудайга шүгүр, ошол жылдары мактана турган Токтогул каскадыбыз курулуп калды. Бактыбыз бар экен, убагында курулуптур. Платинасынын бийиктиги эле 250 метр. Башка республикалардан бир топ адистер, жумушчулар тартылган. Куруучулар үчүн бардык шарттары менен атайын шаарча салынган. Алардын аткарган ишинин көлөмү эми укмуш, күнү-түнү коктунун ичинде кумурскадай иштешкен. Эгер ал салынбаганда азыр абалыбыз, жашоо шартыбыз кандай болмоктугун билбейм.
© Sputnik / Георгий ЗельмаКарыпбек Алымкулов: Токтогул каскадынун курулушунда иштегендердин аткарган жумушунун көлөмү эми укмуш эле, күнү-түнү коктунун ичинде кумурскадай иштешкен. Эгер ал салынбаганда азыр абалыбыз, жашоо шартыбыз кандай болмоктугун билбейм.
Строительство Токтогульской гидроэлектростанции - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2022
Карыпбек Алымкулов: Токтогул каскадынун курулушунда иштегендердин аткарган жумушунун көлөмү эми укмуш эле, күнү-түнү коктунун ичинде кумурскадай иштешкен. Эгер ал салынбаганда азыр абалыбыз, жашоо шартыбыз кандай болмоктугун билбейм.
— Ошол ишкана, мекемелердин жардамы менен Кыргызстанда жапырт электрлештирүү жараяны жүрүп жатат да?
— Кыргызстанда "Тяжэлектромаш", "Кыргыз электродвигатель", "Электр вакуумдук машина куруу", "Элекроизолит", "Электр лампа" сыяктуу электр техникалык тогуз ишкана бар болчу. Анан Электр машина куруу илимий-изилдөө, долбоорлоо-конструкторлоо боюнча бир институт иштеген. Cоюз тарагандан кийин аны талап-тоноп кетишти. Мисалы, электр жабдыктарды изоляция кылган Майлуу-Суудагы "Элекроизолит" заводунун имаратын суу жеп отуруп кулап калды. Азыр ал түп орду менен жок. "Кыргыз электродвигатель" деген ишкананын ордунда азыр "Таатан" деген базар турат. "Тяжэлектромаш" 90-жылдары продукция чыгара албай жабылып калган. Кажы-Сай, Каракол, Кеминдеги чоң ишканалар эч нерсе чыгарбайт. Кайыңды "Электр кабель" заводунун өндүрүшү токтоп калды, кайра иштегенге азыр даяр эмес.
— Союзда жарыксыз бир да айыл, үй калбасын деген жараян жүргөндө электр чубалгылар менен кошо радио чубалгылары да алыскы калктуу конуштарга жеткирилгени айтылып жүрөт. Бул тууралуу кабарыңыз барбы?
— Бийлик 1968-жылы Кыргызстанда электр жарыгы жетпеген айыл жок деп маалымат тараткан. Анда тоодогу алыскы кашарларга чейин электр энергиясы жеткирилген. Союз тарагандан кийин өзүбүз эле алыскы айыл, сарайларга кеткен электр чубалгыларын чечип, бетон тирөөчтөрүн талкалап, ичиндеги арматураларын алып албадыкпы. Ал темир-тезектин баары Кытайга кетти. Жада калса, союзда Камбар-Ата 1 ГЭСин куруп баштаганда жумушчуларга чейин электр энергиясын алып барышкан. 90-жылдары анын баарын уурдап кетишти. Ал эми Кыргызстанда радио түйүндөр боюнча өзүнчө башкармалык бар болчу. Бишкектеги үйлөр салынып жатканда радиолордун чубалгыларын да киргизген. Айылдарга Байланыш министрлиги жеткирген.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков Карыпбек Алымкулов: бийлик 1968-жылы Кыргызстанда электр жарыгы жетпеген айыл жок деп маалымат тараткан. Анда тоодогу алыскы кашарларга чейин электр энергиясы жеткирилген.
Ветеран энергетики Кыргызстана Карыпбек Алымкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2022
Карыпбек Алымкулов: бийлик 1968-жылы Кыргызстанда электр жарыгы жетпеген айыл жок деп маалымат тараткан. Анда тоодогу алыскы кашарларга чейин электр энергиясы жеткирилген.
— Ошол электр ишканаларды кайра жандандырсак кантет. Азыр сырттан келген кабель, чубалгыларды колдонуп жатпайбызбы?
— Жок. Бизде жез, алюминий, изоляция кылчу материалдар чыкпайт. Союз маалында бизден чыккан электр продукциялар башка республикаларга салыштырмалуу өтө кымбат түшүп калчу. Чийки зат сырттан алып келинчү. Мамлекет ал ишканаларды элди иш менен камсыз кылуу үчүн гана ачкан. Ошол үчүн союздун ыдырашы менен алардын баары жок болду. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары СССРден калган материалдар менен жасалган продукцияларды деле сата албай койдук. Азыр андан көрө жаңы техника, технологияларды алып келип башкача өңүттө иш алып барышыбыз керек.
— Кезинде дүңгүрөгөн энергетика тармагы азыр карызга батып, ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн акчага муктаж болуп жатат. Убагында жарыкты экспорттоп келсек, азыр импорттоп жатабыз. Эмне кылуу керек?
— Токтогул суу сактагычындагы сууну коңшу республикаларга бекер берип жатканыбыз туура эмес болуп калып жатат. Анткени өзүбүздүн эле жарандар талаасын сугарыш үчүн тоодон агып келген сууга акчасын төлөп жатышат. Казактар менен өзбектер төлөбөйт. Жайкысын топтоп, кышкысын электр жарыгын өндүрүү үчүн агызып салсак деле болот. Акыркы жылдары электр энергиясын колдонуучулардын саны кескин өстү. Биз суунун кубатын пайдаланып дагы ири ГЭСтерди курууга мүмкүнчүлүгүбүз бар, бирок мунун баары акчага барып такалат. Демек, энергетика тармагын реформалоо керек. Мисалы, электр энергиясын 1,5 сомго кымбаттатуу зарыл. Учурда Кыргызстанда электр энергиясынын өздүк наркы 1 сом 30 тыйындын тегерегинде эсептелсе, өкмөт калкка 77 тыйындан сатууда. Энергетика — экономиканын негизги түркүгү. Баа саясаты туура чечилсе, туура башкаруу болсо тез эле жолго салынат. Болгону калкка бул саясаттын маанилүүлүгүн, зарылдыгын түшүндүрүү керек. Эгемендүүлүк жылдары "Датка-Кемин" көмөк чордонун салууга, Бишкек ЖЭБин оңдоого сырттан ири көлөмдө инвестиция тарттык. Анан министрлер кабинети электр энергиясын чектөөсүз пайдаланууну каалагандар үчүн жаңы тариф бекитип, анын наркы 5 сом 40 тыйынды түздү. Бирок бул эреже тиешелүү чектен өткөндөн кийин гана киргизилсе туура болмок.
© Sputnik / Георгий ЗельмаКарыпбек Алымкулов: Нарын дарыясына жалпы 22 ГЭС салынмак. Союз тарап, акчанын жоктугунан көбү ишке ашпай калды.
Строительство Токтогульской гидроэлектростанции - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2022
Карыпбек Алымкулов: Нарын дарыясына жалпы 22 ГЭС салынмак. Союз тарап, акчанын жоктугунан көбү ишке ашпай калды.
Ошондой энергетиканын кайра жаралуу булактарын өздөштүрүшүбүз керек. Коңшу Өзбекстан күндөн электр жарыгын алган көп станцияларды куруп жиберди. Ошону колго алып, андай күн, шамал станциялары орнотулчу жерлердин картасын түзүп чыгуу кажет.
Энергетик Болот Иманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2022
Токтогул ГЭСин курууга Айтматов каршы чыккан. Энергетик Болот Иманалиевдин маеги
Тема боюнча:
Совет убагында чалгынданган кендердин запасы 10-15 жылда түгөнүшү мүмкүн. Маек
Кыргыздар Якутияда ГЭС курганбыз. КР Баатыры Курманбек Арыков менен маек
Үнөмдөбөскө айла жок, энергия чексиз эмес. Энергетикадагы чыныгы абал кандай
Жаңылыктар түрмөгү
0