Үнөмдөбөскө айла жок, энергия чексиз эмес. Энергетикадагы чыныгы абал кандай

© Sputnik / Табылды КадырбековЭнергетика министринин орун басары Тилек Айталиев
Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2021
Жазылуу
Энергетиктер дээрлик жыл башынан бери элден электр энергиясын үнөмдөөнү өтүнүп келет. Калк арасында бул сунушту түшүнүү менен кабыл алгандар дагы, кыжырланып, каршы чыккандар дагы бар.
Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев Sputnik Кыргызстан уюштурган брифингге катышып, энергетика тармагындагы азыркы абалды толугу менен түшүндүрүп берди.
— Калктан энергияны үнөмдөөнү өтүнүп жатасыздар, министрлик өзү кандай аракеттерди көрүүдө?
— Алгач элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Айрымдар муну терс кабыл алууда. Айтаарым, биз акырындан электр энергиясын үнөмдөөнү үйрөнүшүбүз керек. Бир гана электр энергиясын эмес, энергиянын бардык түрүн үнөмдөөнү өздөштүрүшүбүз зарыл. Мисалы, кышында жылуулук энергиясын жакшы сактаганды үйрөнсөк, балким жылуулукка азыраак акча төлөмөкпүз. Биз үйгө келген энергияны сактаганга эмес, дагы көбүрөөк алганга аракет кылабыз.
Министрлик бул нерсени мыйзам деңгээлинде иштеп чыгууга аракет кылып жатат. Балким курулуш нормаларын өзгөртүү маселеси каралышы мүмкүн. Тагыраагы, имаратты куруп жатканда эле кийин анын ичинде энергияны сактоо үчүн аракеттер көрүлөт. Негизгиси жакшылап жылууланып, жылуулук сыртка чыгып кетпегидей болушу шарт.
Мисалы, биздин байкоолорубузга караганда, жаңы курулган үйлөрдө жылуулук берилгенден кийин айнекти ачып койгон учурлар болот. Себеби үйдүн ичи ысып кетет. Ал эми калктын басымдуу бөлүгү жашаган, Советтер Союзу учурунда курулган үйлөрдө жылуулукту сактоо системасы жакшы каралган эмес.
— Кышта жарык маал-маалы менен өчүрүлбөйт деп айтып жатасыздар, бирок буга толук кепилдик жок да, туурабы? 
— Министрлик элге электр энергиясын тегиз жеткирип, үзгүлтүксүз берип турууга болгон аракетти көрүп жатат. Бирок үнөмдүү колдонгон күндө гана муну ишке ашыра алабыз. Биз электр энергиясы үзгүлтүксүз чыга бере турган нерсе эмес экенин түшүнүшүбүз зарыл.
Быйыл былтыркыга салыштырмалуу Бишкек жылуулук борборунда электр энергиясын өндүрүү 1 миллиард киловаттка көбөйдү. Андан тышкары, импорт кылып жатабыз. Бирок электр энергиясын үнөмдөө боюнча жакшы жыйынтык боло элек. Жарыкты ырааттуу колдонбосок, канча энергия болсо дагы жетпейт.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭнергетика министринин орун басары Тилек Айталиев: жарыкты ырааттуу колдонбосок, канча энергия болсо дагы жетпейт
Заместитель министра энергетики КР Тилек Айталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев: жарыкты ырааттуу колдонбосок, канча энергия болсо дагы жетпейт
— Айрымдарда үнөмдөөгө шарт болбой жатпайбы. Көмүр кымбат, буга чейин таптакыр жок болгон учурлар болду.
— Ооба, бул жерде ар кандай факторлор роль ойнойт. Биз баарын түшүнөбүз. Чындап эле айрымдарда көмүр алууга мүмкүнчүлүк болбой калат. Бирок айрымдар жөн гана үнөмсүз пайдаланат. Үй-бүлө мүчөлөрү бир бөлмөдө отурса, башка бөлмөлөрдө жарык күйүп, эч ким көрбөгөн телевизор иштеп тура берет. 
— Андай адамдар "биз тоолуу өлкөдө жашайбыз, суу толтура" деген ой менен жашайт. Аларга кантип жеткиресиздер?
— Мен өз балдарымды кичине кезинен бери үнөмдүү болууга үйрөткөм. Бөлмөдөн беш мүнөткө чыксаң деле жарыкты өчүрө чык деп айтам. Албетте, беш мүнөттө эмне үнөмдөлмөк эле деген ой болот, бирок баарыбыз өчүрүп турсак, бир топ эле энергия сакталып калат.
Электр эсептегич жана шам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Холдинг: Кыргызстанда электр кубаты бир шарт аткарылганда гана өчпөйт
Ал эми тоо койнунда, суу көп жерде жашасак эле электр энергиясы эч түгөнбөс болуп өндүрүлө берет деген туура эмес түшүнүк. Ооба, потенциал чоң, суунун баарын пайдалансак, жылына 140 миллиард киловатт-сааттан ашык энергия чыгарууга мүмкүн болмок. Бирок суу болсо эле электр энергиясы боло бербейт. Ал үчүн электр станциялары иштеп, суу аны иштетүү үчүн ресурс гана болуп эсептелет. Жабдуу өзүнүн кубатынан ашык энергия иштеп чыга албайт. Энергияны элге жеткирген зымдардын дагы ченелүү мүмкүнчүлүгү бар.
Үнөмдөөнүн эң жакшы жолу — бул экономикалык рычагдар. Муну ар ким ар кандай түшүнүшү мүмкүн. Мисалы, бизде эң арзан баада калк категориясы алат. Жыл ичиндеги калк электр энергиясынын 62 пайызын колдонот. Демек, биз бул жаатта энергияны үнөмдөө боюнча ишти күчөтүшүбүз керек. Сакталып калган энергияны бир топ пайдалуу тариф менен башка категориядагы кардарларга сатууга мүмкүн. Бул акчаны жабдууларды модернизациялоого, кубаттуулукту көбөйтүүгө жумшасак болот. Биз бул маселелерди абоненттердин жардамы менен, биргеликте чечишибиз керек.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭнергетика министринин орун басары Тилек Айталиев: беш мүнөттө эмне үнөмдөлмөк эле деген ой болот, бирок баарыбыз өчүрүп турсак, бир топ эле энергия сакталып калат
Заместитель министра энергетики КР Тилек Айталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев: беш мүнөттө эмне үнөмдөлмөк эле деген ой болот, бирок баарыбыз өчүрүп турсак, бир топ эле энергия сакталып калат
— Энергетиктер бир топ жылдан бери энергия пайдасыз тарифте сатылат деп айтып жүрөт?
— Тариф маселеси өтө "оорулуу" тема. 15-октябрдан тарта "КР 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтом күчүнө кирди. Ал жакта дагы калк категориясы мурунку тариф менен калтырылды. Бул баа 2015-жылдан бери келе жатат. Ошол эле учурда башка нерселердин баарынын баасы өсүп кетти. Бирок биз пандемиядагы абалды эске алуу менен элге тарифти ошол бойдон калтырганбыз.
Электр сайгычтары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Үнөмдөгүлө! Быйыл электр энергиясы көбүрөөк пайдаланылууда
Антейин десең калк башка кызмат үчүн унчукпай эле акчаны төлөп жатышат. Адатта интернет түнкү саат 00.00дөн кийин өчөт эмеспи. Байланышта болуу үчүн анын акчасын түн ортосунда болсо дагы барып төлөп келебиз, болгондо дагы алдыга төлөп коёбуз. Ошол эле мобилдик байланыш үчүн эч качан акча аябайбыз. Анан электр энергиясына келгенде эле негативдүү мамиле кылабыз. Болбосо азыр электр энергиясы жок жашоону элестетүү мүмкүн эмес, ал болбосо, бардык кыймылыбыз токтойт.
— Учурда коңшу өлкөлөрдүн ЖМКлары Токтогул суу сактагычындагы кырдаал жалпы региондогу сугат иштерине терс таасирин тийгизерин болжолдоп, тынчсызданып жатышат. Негиз барбы?
— Быйыл кургакчылык болуп жатканы баарыбызга белгилүү. Бул Кыргызстандын энергетиктери менен айыл чарба тармагынан тышкары, жалпы региондун көйгөйү экени чын. Биздин суулар каскаддан иштелип чыккандан кийин сугат үчүн коңшу өлкөлөргө кетет. Ошол себептүү кошуналар тынчсызданып жатышы мүмкүн.
© Sputnik / Жоомарт УраимовЭнергетика министринин орун басары Тилек Айталиев: адатта интернет түнкү саат 00.00дөн кийин өчөт эмеспи. Байланышта болуу үчүн анын акчасын түн ортосунда болсо дагы барып төлөп келебиз, болгондо дагы алдыга төлөп коёбуз. Ошол эле мобилдик байланыш үчүн эч качан акча аябайбыз. Анан электр энергиясына келгенде эле негативдүү мамиле кылабыз
Заместитель министра энергетики Тилек Айталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев: адатта интернет түнкү саат 00.00дөн кийин өчөт эмеспи. Байланышта болуу үчүн анын акчасын түн ортосунда болсо дагы барып төлөп келебиз, болгондо дагы алдыга төлөп коёбуз. Ошол эле мобилдик байланыш үчүн эч качан акча аябайбыз. Анан электр энергиясына келгенде эле негативдүү мамиле кылабыз
— Быйылкы кышта кайсы мамлекеттерден электр энергиясын импорттойбуз?
— Азыр Түркмөнстан менен келишим бар, жылдын аягына чейин 501 миллион киловатт бериши керек. Коңшу өлкөлөр жана башка импортёрлор менен сүйлөшүп жатабыз.
— Кырдаал мындай болуп турганда Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы ТЭЦ-2ни ишке киргизүү максаттуу эмеспи? 
— Объект "Электр станциялары" ишканасынын балансында. Мекеме ал объект боюнча алдын ала техника-экономикалык негиздеме даярдоонун жыйынтыктоочу этабына келип калды. Бул документ ТЭЦ-2нин аймагына газ жабдууларын коюуга мүмкүнбү же жокпу дегенге жооп берет. Бул маселени чечүүгө биз дагы кызыкдарбыз. Анткени Бишкектин батыш тарабында үйлөр көп курулуп жатат. Электр энергиясы жана жылуулук маселесин чечүү керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0