Кыргыздар Якутияда ГЭС курганбыз. КР Баатыры Курманбек Арыков менен маек
20:13 22.05.2022 (Жаңыртылды: 21:29 22.05.2022)
Жазылуу
72 жаштагы КРдин эмгек сиңирген куруучусу өлкөдөгү дээрлик бардык ГЭСтердин курулушуна катышып, өмүрүн ушул тармакка арнаган.
Кезинде Аскар Акаев ардагер энергетикке "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин да берип, КРдин Баатыры кылган. Бул сыйлыкка азырынча эки эле энергетик татыган. Алардын бири Курманбек Арыков менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ири курулуштар жөнүндө маек курду.
— Сиз мектепти бүтүп эле энергетика тармагында иштеген экенсиз. Гидроэлектростанциялардын курулушуна канча жашыңызда катыштыңыз?
— Ооба, 10-классты бүтүп эле курулушка келгем. Ал жылдары мектеп бүтүрүүчүлөрүнө комсомолдук жолдомо берилип, ошонун негизинде ишке орношчубуз. Алты айлык курстан өтүп ширеткенди үйрөнгөм. Кийин Кара-Көлдөгү институтка тапшырдым. Жумуш менен окуунун ортосунда чайналып жүрүп 1969-жылы институтту таштап койгом. Негизи үчүнчү разряддагы ширетүүчү болуп Кыргызстанда курулган көпчүлүк ГЭСтердин курулушуна катыштым. Бир бригадада 16-17 бала бар болчубуз. Жалпы тогуз улуттун өкүлү иштечүбүз. Азыр ойлосом ошол убакта улуттар ортосунда ынтымак күчтүү экен.
— Айрым ардагер энергетиктер "кыргыз жигиттер тоодон, талаадан келип эле тез өздөштүрүп ишке аралашып кетчү" деп калышат.
— ГЭСтер салына баштаганда негизинен башка республикадан келгендер басымдуулук кылып, курулуштун чоңдору, кыйындары орустар, еврейлер болчу. Жашырганда эмне, көбүнчө башкалар ширетүүчү, монтаждоочу, бетонщик болуп иштеп, кыргыздар күрөк көтөрүп кара жумушчу болчу. Бара-бара кыргыз балдар атайын курстардан окуп, айдоочу, кран айдоочусу, ширетүүчү, бетонщик адистиктерине ээ боло баштады. Мисалы, мен түшкү тамакты ичип келе калып башка ширетүүчүлөрдүн кылганын жанталашып карап, окшоштуруп ширетип өздөштүргөм.
© Фото / Бибимариям НурматоваКурманбек Арыков — "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси менен сыйланган эки энергетиктин бири
Курманбек Арыков — "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси менен сыйланган эки энергетиктин бири
© Фото / Бибимариям Нурматова
— Республикада гидроэнергетика болуп көрбөгөндөй өнүккөн жылдары энергетиктер үчүн азыр сиз жашап жаткан Кара-Көл шаары да салынганын билебиз. Ошол кезде жакшы көңүл бурушса керек?
— Азыр Кара-Көл шаары жайгашкан жер мурун чакан эле айыл болуптур. Чоң курулуштар башталганда автоунаа жол, дүкөндөн баштап жогорку окуу жайга чейин салынып, шаардан ГЭСке автобустар тынымсыз каттачу. Биздин шаарда башка советтик республикадан келген жаштар көп болчу. Россиянын шаарларынан практиканттар көп келчү. Түз Москвадан каржылангандыктан Кыргызстандын башка шаарында жок нерселерди бул жактагы дүкөндөрдүн текчесинен табуу мүмкүн эле. 250-300 сомго чейин айлык алчубуз, ал мезгилде мындай акча баарына жетчү. Анда бир килограмм эт 1 сом 40 тыйын турчу. Ал кезде "жарык барбаган айыл, кыштак калбасын, СССР бүт электрлештирилсин" деген ураан менен чоң долбоорлор ишке ашкан, каржылоо укмуш болчу. Анан бизге калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча мамлекет тарабынан тапшырмалар, пландар коюлган. Москва Нарын дарыясынын боюна эле "Үч-Коргондон" баштап "Ат-Башы" ГЭСине чейин 22 ГЭС курууну көздөгөн.
— Кыргызстандын шартында ири ГЭСтерди курууда кыйынчылыктар көп эле болгондур. Кайсы курулуш өтө оор болду?
— Мен бир гана "Үч-Коргон" гидроэлектростанциясына катышкан жокмун. Калган "Ат-Башы", "Күрп-Сай", "Таш-Көмүр", "Шамалды-Сай", "Токтогул", "Камбар-Ата" ГЭСтерин курууга катыштым. Ал жылдары жаш болчумун. Эң ириси, иши көбү Токтогул болду. Шамалды-Сай чакан болгону менен кыйынчылыктар көп болду. Анткени платина курула турган тоо-таш эмес, топурак болгондуктан бетон иштерин жүргүзүү кыйын болгон. Биз бетон куюла турчу жерди кадимкидей суу менен жууп, чаңын үйлөтчүбүз. Андан кийин комиссия ак чүпүрөк менен келип сүрүп текшерип бетон куйганга уруксат берчү. Эгер колундагы чүпүрөк кирдеп калса, кайра тазалагыла дечү.
© Фото / Бибимариям НурматоваКурманбек Арыков: "Үч-Коргондон" башка "Ат-Башы", "Күрп-Сай", "Таш-Көмүр", "Шамалды-Сай", "Токтогул", "Камбар-Ата" ГЭСтерин курууга катыштым. Эң ириси, иши көбү "Токтогул" болду. "Шамалды-Сай" чакан болгону менен кыйынчылык көп эле.
Курманбек Арыков: "Үч-Коргондон" башка "Ат-Башы", "Күрп-Сай", "Таш-Көмүр", "Шамалды-Сай", "Токтогул", "Камбар-Ата" ГЭСтерин курууга катыштым. Эң ириси, иши көбү "Токтогул" болду. "Шамалды-Сай" чакан болгону менен кыйынчылык көп эле.
© Фото / Бибимариям Нурматова
Үч смен сегиз сааттан 24 саат иштечүбүз. Жумуш платинанын айланасындагы коктунун ичинде күнү-түнү жаанга, карга карабай жүрчү. Тоодогу бир аскадан экинчи тоонун кырына тросс тартып, анын үстүнө бышык кездемени тарттырып коюшкан. Платинада жайы-кышы бетон иштери жүргөндүктөн анын алды жылуу болчу. Орнотулган чоң прожектрлердин жарыгынан жоголгон ийнени да таап алууга мүмкүн эле.
— Курулуш бийик толуу жерде, аска-зоодо өткөндүктөн энергетиктерге альпинисттер да жардам бергени айтылат. Бирок өзүңүздөр деле альпинисттерден кем калышпай калсаңыздар керек?
— Биз деле дем алыш күндөрү альпинисттерге кошулуп иш болуп жаткан тоолордун жаракаларга маяк койчубуз. Анын жардамы менен жараканын чоңоюп-чоңойбогонун билчүбүз. Күнүнө 15 сомдон чегерилер эле. Андан сырткары, түтүктөр менен тоонун башына суу чыгарып, жар, аскаларды жууп, тазалачубуз. Мындайча айтканда, заңкайган тоолорду жалтырата жуучубуз. Тоонун башындагы шагылды түрттүрүш үчүн керектүү оор техникаларды калың тросс орнотуп тартып чыгарганбыз.
© Фото / Бибимариям НурматоваКурманбек Арыков: түтүктөр менен тоонун башына суу чыгарып, жар, аскаларды жууп, тазалачубуз. Мындайча айтканда, заңкайган тоолорду жалтырата жуучубуз.
Курманбек Арыков: түтүктөр менен тоонун башына суу чыгарып, жар, аскаларды жууп, тазалачубуз. Мындайча айтканда, заңкайган тоолорду жалтырата жуучубуз.
© Фото / Бибимариям Нурматова
— Союз маалында курулуш тармагы гүлдөп, энергетиктерге чоң көңүл бурулду. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары өлкөнүн бүт тармагы каралбай калган. "Нарынгидрокурулуш" ишканасындагылар эмне иш кылып, кантип күн көрдүңүздөр?
— Чындыгында союз ыдыраганда эки-үч жыл эле иш жүрүп, эптеп Шамалды-Сай ГЭСинин 3-агрегатын ишке киргиздик. Андан кийин жумуш такыр эле токтоп калды. Акча жок, сырттан тетик келбей калганда "Нарынгидрокурулуштагылардын" кылбаган иши калган жок. Айлабыз кеткенде Таш-Көмүр менен Кара-Көлдүн ортосундагы автоунаа жолду, Базар-Коргон районунда ирригациялык каналды, Аксы районунда көпүрө салып, Жалал-Абад шаарындагы мунай базасында бүт иштерди аткардык. 1995-жылы Якутиядагы Вилюйский ГЭСин курушканы барганбыз. Ал жакта бизге чейин барган украиналык жумушчулар да бар болчу. Бир бригада болуп барган бизди алгач жаман көрүп, булар эмне кыла алышмак эле дешкен. Кийин биздин ынтымакташып жумуш кылганыбызды көрүп таң калышты. Башкаларга окшоп бир ишти кылып коюп башка адисти күтүп калчу эмеспиз. Баарыбыз жапа тырмак бүт баарын эле жасай берчүбүз. Бетонун куюп, арматура токуп, монтаж кылып, кранды да башкарып жиберчүбүз. Ошентип россиялыктардын чакыруусу менен эки-үч жыл барып иштеп бердик. Айрымдары ошол жакта калып азыркыга чейин түрдүү кызматтарды аркалап келет.
— 2002-жылы президент Аскар Акаевдин колунан КРдин эң жогорку сыйлыгын алдыңыз. Ошол жылдарда сиздер кылган эрдиктерди азыркыга чейин айрым кесиптештериңиз айтып келет. Өз оозуңуздан да уксак...
— Алар жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын түркүктөрүн ремонттогонубузду айтып жаткандыр. Бийик жерлерде жайгашкан түркүктөргө чыгып ширетүү иштерин аткарчубуз. Кээде ага оор салмактагы керектүү жабдуу, темир-тезектерди көтөрүп чыкчубуз. Мисалы, 90 килограммдык кислород баллонун экөөлөп алып чыгып оңдоо иштерин жасачубуз.
© Фото / Бибимариям НурматоваКурманбек Арыков: 2002-жылы "Ак Шумкар" сыйлыгын алганда 3700 сом менен пенсияга чыккам. Талап боюнча аны алган адамдын пенсиясы 120 пайыз жогорулайт экен. Ошентип КРдин Баатыры болуп 7000-8000 сомдун айланасында пенсия алам.
Курманбек Арыков: 2002-жылы "Ак Шумкар" сыйлыгын алганда 3700 сом менен пенсияга чыккам. Талап боюнча аны алган адамдын пенсиясы 120 пайыз жогорулайт экен. Ошентип КРдин Баатыры болуп 7000-8000 сомдун айланасында пенсия алам.
© Фото / Бибимариям Нурматова
— Энергетикада 40 жылдан ашык иштеп, 2009-жылы пенсияга чыккан экенсиз. Эмгегиңиз жакшы эле бааландыбы?
— Жаш кезде далыга чаап койсо эле баарын унутуп, жумалап үйгө келбей иштеп жүрчү экенбиз. Тоо-таш, талаа-түздө ден соолукту да талкалап коюптурбуз. Азыр анын азабын тартып жүрөм. 2002-жылы "Ак Шумкар" жогорку сыйлыгын алганда 3700 сом менен пенсияга чыккам. Талап боюнча аны алган адамдын пенсиясы 120 пайыз жогорулайт экен. Ошентип КРдин Баатыры болуп 7000-8000 сомдун айланасында пенсия алам. Азыр ошол акчага эптеп тиричилик өтүүдө. Мага караганда өмүрү кеңседе өткөн офицерлер көп пенсия алышат.
Тема боюнча: