Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинадагы британиялык Brimstone комплекси Россиянын бутасына айланды. Сереп

© Фото / Staff Sgt. Andrew SatranTornado GR4 учактын пилоту Brimstone ракета багыттоо системасын текшерип жатат. Архив
Tornado GR4 учактын пилоту Brimstone ракета багыттоо системасын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Жазылуу
Украиналык согуштук аракеттер театры эскилиги жеткен куралдардан арылуу жана сынамык куралдарын согуштук кырдаалда текшерүү үчүн НАТО өлкөлөрүнө ыңгайлуу полигон катары пайдаланылууда.
Жаңыланган Brimstone көп буталуу таамай ракетасы Украина Куралдуу күчтөрүнө россиялык ок өткөрбөс техника жана Кара деңиз флотунун кемелерин аткылоо үчүн берилди. Анткен менен алардын баары талкаланат деп боолголойт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Бул сапар автор аталган ракетанын мүмкүнчүлүктөрүнө токтолгон.
Улуу Британия Украина Куралдуу күчтөрүнө "аба – жер бети" тибиндеги чакан көлөмдөгү, тескелүүчү, анан да таамай Brimstone-2 ракеталарын берди. The Telegraph басылмасынын маалыматына таянсак, бул куралдар "россиялык жоокерлердин жашоосун тозокко айлантууга" жөндөмдүү имиш. Аны сүрөттөп, мүнөздөп көрөлү.
Brimstone тобундагы куралдардын Украиндагы ийгиликтери тууралуу эч кандай маалымат жок, бирок Запорожье облусунун территориясында май айында анчалык деле талкаланган эмес, бирок иштебей калган, бир каналдуу мээлөө тутуму бар британиялык ракета табылган.
Украиналык күчтөр Brimstone-1 авиациялык ракеталарын жер бетиндеги аянтчадан, тагыраак, коммерциялык жүк ташуучу унаадан атып көргөн. Мындай ыкма бутасын талкалоо аралыгын 12 чакырымга чейин чектейт.
Лондондун киевдик режимге берген аскердик жана экономикалык жардамы 2022-жылы 4,5 миллиард долларга жетти. Коргоо министри Бен Уоллес Улуу Британия Украинага Brimstone кемеге каршы жеңил ракеталарын берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын 25-апрелде эле билдирген. Бул куралдар "Одессаны деңизден кол алуудан коргонуу үчүн колдонулмак".
Министрдин парламенттик орун басары Жеймс Хиппи 27-апрелде Украинага "деңизден коргонууну күчөтүү үчүн жүз чакты Brimstone кемеге каршы ракетасын жөнөтүү жөнүндө" билдирген. Болду-болбоду аларды сыноо үчүн экени айкын эле.
Brimstone Sea Spear ракетасынын кемеге каршы модификациясы 2012-жылы иштелип чыгып, бирок согуштук шарттарда дегеле колдонулган эмес. Алар Brimstone-1 менен Brimstone-2 негизги үлгүлөрүнөн көлөмдүү келип, ок учу 100 килого чейин салмакта.
Brimstone Sea Spear ракетасынын эки каналдуу мээлөөчү, инерциялык жана спутниктик навигация колдонулган башкаруу тутуму менен жабдылган. Турбореактивдүү кыймылдаткычы кемеге каршы ракетага үндөн жай ылдамдыкты жана бутасын 100 чакырымга чейинки аралыктан жабыркатууну камсыздайт.
Украиналык согуштук аракеттер театры британиялык адистерге бардык типтеги жана модификациядагы тескелүүчү Brimstone ракеталарын болушунча катаал шарттарда сыноого (толуктап иштеп чыгуу жана жарактан чыгаруу үчүн) мүмкүндүк түзүп берет.
Британиялык Brimstone-1 үндөн ыкчам ракетасы (узундугу – 1,8 м, салмагы – 48 кг, ок учу – 6,4 кг) "аба – жер бети" тибиндеги мээлөөнүн жарым активдүү лазердик тутумуна ээ америкалык AGM-114 Hellfire-II ракетасынын негизинде иштелип чыккан.
Мурдагы жана жаңы кошулган мүнөздөмөлөрүнө жараша Brimstone-1 тактикалык авиациянын учактарынын арсеналдарына кирди. Тескелүүчү таамай ракета душмандын ок өткөрбөс объектилерин талкалоого багытталган. Буга дейре Ирак, Афганистан, Ливияда колдонулган.
Иракта британ аскерлерине куралдын мээлөө тутуму жаккан эмес, анткени башында бир киши туруп, согуш талаасына лазер менен бутаны жарыктандырып турууга тийиш болгон. Жаңы талаптардан улам 2008-жылы анын Brimstone Dual-Mode модификациясы иштелип чыккан. Ал кийин Афганистанда ийгиликтүү пайдаланылган.
Америкалык Avenger зениттик ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Беш эле чакырым! Украинага берилчү америкалык Avenger комплексине сүрөттөмө
2011-жылы Ливиядагы абадан сокку (НАТО) урууда британиялык Tornado учактары тандемдик ок жана эки каналдуу мээлөөчү тутумдары орнотулган Brimstone-1 ракеталарынан 200 бирдикти сарпташкан. Ошол чабуулда жер үстүндөгү ондогон стационардык бутаны, суу бетиндеги франциялык La Combattante IIG үч ракеталык катерди жана 1159ТР долбоорундагы күзөтүүчү кемени талкалаган.
MBDA (Matra BAE Dynamics Alenia — ракеталык тутумдарды иштеп чыгып жана өндүрүүчү алдыңкы европалык компания) консорциуму 2013-жылы ок учунун кубаттуулугу жогорулатылган, кыймылдаткычы жаңыртылган Brimstone-2 модификациясын сынап көрүшкөн. Заманга бапташтырылган радиолокациялык мээлөөчү бөлүгү жер бетиндеги ыкчам маневр кылуучу, анын ичинде радиолокациялык байкалышы төмөндөтүлгөн буталарды да коштой алган. Учактан 60 чакырымга, тик учактан 40 чакырымга чейинки аралыктан бутасын жабырката алат. Brimstone-2 модификациясы менен Улуу Британиянын королдук Аскер-аба күчтөрү 2016-жылдан тарта куралдана баштаган.
Киевдик режим анын бардык модификацияларын алат. Бирок Brimstone-1, Brimstone Dual-Mode жана Brimstone-2 ракеталарын атуучу атайын түзүлүш аларды ташыган учактар үчүн гана ылайыкталып жасалган.
Eurofighter Typhoon бомбалоочу истребители 18 даана ракета менен октолгон алты түзүлүштү, ал эми Tornado GR4 тик учагы башка типтеги ок-дарылар менен айкалышкан алты чакты Brimstone ракетасын ташый алат.
Украина аба күчтөрүндө буларга туура келе турган сокку уруучу учактар жок. Украина Куралдуу күчтөрүнүн авиациясынын кескин тартыштыгы оор учкучсуз аппараттар менен гана чечилиши мүмкүн. Түркиялык Bayraktar TB2 мындай жүктү көтөрө албайт. Ошондуктан Киев Вашингтондон MQ-9 Reaper сокку уруучу учкучсуздарын көптөн бери сурап келет. Ок радиусу 1 900 чакырымга чейинки бул бирдиктер 2014-жылдан тарта Brimstone ракеталарынын штаттык ташуучулары экени белгилүү. Ошол себептен Россия америкалык "өнөктөштөрүнүн" аракеттерине кылдат көз салып келет. Украиналык согуштук аракеттер театры же башка кан күйгөн жерге аталган бирдиктер ташып келинсе, ага жооп кайтарууга дайым даярдыкта турат.
Бир даана Brimstone-1 ракетасынын наркы 150 миң доллардын тегерегинде, экинчи модификациядагы түрү 207 миң долларды түзөт. Албетте, деңизге ылайыкталган версиясы мындан да кымбатыраак. Brimstone тобундагы ракеталар Украина Куралдуу күчтөрүнүн тартыштыгын жое албайт. Себеби атайын аскердик операция зонасындагы россиялык артиллерия ар суткада 50 миң ок-дары сарптоодо.
Украиналык артиллеристтер эки апта аралыгында 30 миң дүрмөт жумшайт. Америкалык аскерий өнөр жай жалпы НАТОлук көлөмдүн 90 пайызга жакынын түзгөн АКШ аскер-өнөр жай комплекси 155 миллиметрлик ок-дарыдан жылына ушунча санда чыгарат.
Мурдараак Улуу Британия киевдик режимге танкага каршы 7000дей NLAW көчмө ракеталык комплексин, 100дөн ашуун ок өткөрбөс унаасын, Starstreak зениттик ракеталары менен октолгон Stormer өзү жүрүүчү түзүлүштөрдү берген. Булардан тышкары ондогон М109 жана L119 сүйрөлүүчү гаубицасын, M270 залптык октун реактивдүү тутумун, 16 миңден ашуун артиллериялык дүрмөт, ок-дары, желим жардыргычтан 4,5 тонна берген. Бул көппү же азбы?
РФтин Куралдуу күчтөрү атайын аскердик операциянын тогуз айында Украина Куралдуу күчтөрүнүн 510 учак, тик учагын, 2 549 учкучсузун, 390 мобилдик зениттик-ракеталык комплексин, 6 758 танк жана башка ок өткөрбөс унаасын, 3 611 артиллериялык курал жана минометун, залптык октун 900дөн ашуун реактивдүү системасын жок кылган. Айырмасын өзүңүздөр баамдап көрөрсүздөр...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Украиналык аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыштын шыкагы, жалданма аскерлер, "грузиялык легион". Аскерий сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0