Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Беш эле чакырым! Украинага берилчү америкалык Avenger комплексине сүрөттөмө

CC0 / U.S. Army historical website / Америкалык Avenger зениттик ракеталык комплекси. Архив
Америкалык Avenger зениттик ракеталык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2022
Жазылуу
"Эшелондоштурулган абадан коргонуу тутумун" түптөө үчүн америкалыктар Украина Куралдуу күчтөрүнө беш чакырымдык аралыкка ылайыкталган төрт Avenger зениттик ракеталык комплексин берүүдө.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленко анткен менен батыш өндүрүшүндөгү чакан жана орто аралыкка багытталган, анчейин майнаптуулугу жок зениттик каражаттар украиналык асманды "калкалай" албайт деген ойдо. Бул сапар Украинага көрсөтүлгөн көмөктөрдүн нагыз маңызына токтолгон.
Кошмо Штаттардын Украинага берилген аскерий жардамынын топтому улам "жукарып", ал эми Куралдуу күчтөрүнө берилген аскердик техника жана ок-дарылардын тизмеси барган сайын кыскарууда. Ошентсе да Пентагон 10-ноябрда (2021-жылдын августунан тарта) өз арсеналдарынан Киевге жыйырма бешинчи ирет алып берерин жар салды. Бул жолку "тартуунун" наркы 400 миллион долларга чыккан.
Украина Куралдуу күчтөрү Avenger зениттик ракеталык комплексин, ага ылайык келген Stinger ракеталарын, HAWK зениттик ракеталык комплекси жана HIMARS залптык октун реактивдүү тутумуна керектүү ок-дары, ошондой эле 155 мм. өлчөмдөгү артиллериялык снаряддар (21 миң), 120 мм. мина (10 миң), жүздөгөн HMMWV унаасы, ок атуучу курал-жарак жана алар үчүн 20 млн. патрон бар. Мурда пайдаланылган төрт Avenger комплексинен (1987-жылы Boeing иштеп чыккан) башкасы жаңылык деле эмес.
Апта аягындагы басма сөз жыйынында Пентагондун өкүлү Сабрина Сингх билдиргендей, АКШ тарабынан мурда Украинага Stinger ракеталары менен Avenger ракеталык комплекстери берилген эмес. Эми алардын HAWK ракеталары менен айкалышы россиялык канаттуу ракеталар жана учкучсуздардан коргонууга өбөлгө болорун белгилеген ал.
Avenger зениттик ракеталык комплекси ар кыл модификациядагы сегиз Stinger ракетасы салына турган HMMWV окшоп кетет. Буталарды аныктап, коштой турган оптикалык жана тепловизиондук каражаттар, аралыкты өлчөөчү лазердик жабдык, "өз-бөтөн" деп ажыратуучу тутум орнотулган. XXI кылымдын башындагы заманбапташтырылган Avenger зениттик ракеталык комплекси тышкы радиолокациялык станциянын, абадан коргонуучу командалык пункттардан бута көрсөткүчтөрдү кабыл алууга жөндөмдүү. Бирок максималдуу аралыгы – 5500 метр, багындыра ала турган бийиктиги – 3800 метрге чейин.
1991-жылдагы "Чөлдөгү бороон" операциясынан комплекстин согуш шартында майнапсыз экени белгилүү. Эл аралык курал рыногундагы суроо-талап да көп нерсени айгинелейт. АКШ Avenger зениттик ракеталык комплексин Тайвань (70 бирдик) менен Египетке (50 бирдик) эле саткан.
Украиналык аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыштын шыкагы, жалданма аскерлер, "грузиялык легион". Аскерий сереп
Ал эми Пентагондун өкүлү Сабрина Сингх айымдын анын "жогорку майнаптуулугу" жөнүндөгү маалыматы чындыкка коошпойт. Акча – кандай гана армия болбосун "булчуң кошот". Аскерий жабдууларды эсепке албаганда, 2022-жылы Украина Кошмо Штаттардан 19 млрд. доллардын тегерегинде алса, Европа биримдиги көрсөткөн көмөк 19 млрд. еврону түзгөн.
40 өлкөнүн катышуусундагы Украина боюнча байланыш тобунун жетинчи жыйыны ("Рамштайн – 7") 16-ноябрга пландалган. Европадагылар кырдаалдын кооптуулугун даана сезип турушат. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украинадагы жаңжалга Европа улам тартылып бара жатканына катуу тынчсызданды.
Бельгиялык сенатор Ален Детекс Causeur басылмасына берген маегинде Европа Россия менен согушту тутандырган Вашингтондун жетегинен чыгып, саясатын кайра карап чыгуу зарылдыгын билдирген.
Франциялык армиянын Башкы штабынын мурдагы жетекчиси Пьер де Вилье Le Figaro басылмасына курган баарлашуусунда Европа биримдигин дипломатиялык жол табууга үндөгөн. "Украинадагы жаңжал европалыктардын, анан калса француздардын кызыкчылыгына жатпастыгын" белгилеп, Америка менен мынчалык узак жана улам жакын алакада болгонуна кейиген.
АКШ конгрессинде 10-ноябрда Украинаны колдоону көктөмгө дейре толугу менен токтотууга чакырышты. New York Times гезитиндеги маалыматка таянсак, АКШ Армиясынын штаб жетекчиси Марк Милли да Ак үйдөгү жабык кеңешмелерде сүйлөшүү жолун жактап туру.
Украинанын экономика министринин орун басары Тарас Качканын Кошмо Штаттардын көмөгү жөнүндөгү көз карашын Washington Post басылмасы жарыялаган. Анда украиналык аткаминер: "Ушул жардам болбосо экономикабыз кыйрап, бул Россиянын заматта жеңишке жетерин туюндурат... Эгер андай болуп кетсе, украиналык куралдуу күчтөр согуша албай да калышат", — деп билдирген.
Киевге Батыштын, айрыкча АКШнын аскерий жана каржылык жардамы берилбесе, бул согуштук аракеттер театры бир нече сааттын же саналуу күндүн ичинде Россиянын жеңиши, атайын аскердик операциянын аякташы, тең ата, бөлүнгүс эл аралык коопсуздуктун чыңдалышы менен жыйынтыкталарын ой жүгүртө билгендердин баарына түшүнүктүү.
Бирок, тилекке каршы, Батыштын алды-артын ойлобогон "колдоосу" НАТО менен Россиянын түз аскердик кагылышына, альянстын (РФтин өзөктүк үчтүк менен) утулушуна карай алып баратканын, Батыш Европа жана Түндүк Америкага анын кесепети катуу тиерин баары эле сезип жатканы жок...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
РФтин АКШдагы элчиси Анатолий Антонов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Антонов: АКШ Киевге аскердик жардам берүү менен Россияны алсырата албайт
Жаңылыктар түрмөгү
0