Ташиев: тажик тарап менен мурдагыдай тирешпей, тил табыша баштадык

© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер АлиевУКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2022
Жазылуу
Бир аптанын ичинде Тажикстандын кеңири курамдагы делегациясы Бишкекке келери айтылды.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик чек араларды тактоо боюнча комиссиянын жетекчиси, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан менен сүйлөшүүлөр кандай жүрүп жатканы тууралуу айтты.
Ал "Регион" телеканалына маек берип, тараптар мурдагыдай тирешпей, бир мунасага келгенин билдирди.
"Үч-төрт күн болду Душанбеге комиссия менен барып келдим. Тажик тарап менен кайсы бир деңгээлде чечүүгө аракет кыла баштадык. Эгер мурда тирешип эле туруп алсак, азыр бир аз тил табыша баштадык. Чече турган жактарды бири-бирибизге көрсөтүп, мунасага келип жатабыз. "Силерге бул нерсе керекпи, макул жардам берели", "бирок биздин керек нерсебизге силер дагы жардам бергиле" деп сүйлөшүп жатабыз", — деген Ташиев маегинде.
Ошондой эле ал бир аптанын тегерегинде Тажикстандын чоң делегациясы Бишкекке келе турганын маалымдады.
Учурда протоколдорго кол коюлганын, эгер тараптар мамлекеттик макулдашууларга жетишсе аны парламентке алып келип ийне-жибине чейин талкуулашарын белгиледи.
Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2022
Жапаров: Тажикстан менен чек ара көйгөйүн жаңы жылга чейин чечебиз
Жаңылыктар түрмөгү
0