Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Психолог: майып баланын төрөлүшүнө ата-эне өзүн күнөөлөбөшү керек

© Sputnik / Асел АкматПсихолог Жылдызай Кудайбердиева
Психолог Жылдызай Кудайбердиева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2022
Жазылуу
Психолог Жылдызай Кудайбердиева мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын коомго аралашуусунун маанилүүлүгүнө токтолду.
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар өздөрүнүн кемчиликтерин сезбей чоңоюшуна ата-энесинин таасири күчтүү экенин Жылдызай Кудайбердиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Психолог: майып баланын төрөлүшүнө ата-эне өзүн күнөөлөбөшү керек
Анын айтымында, баланы кандай болсо ошондой кабыл алып, эч кандай шарт-талабы жок эле жакшы көргөндө гана бала толук кандуу жетилет.
"Негизинен бардык эле адамдар үчүн коомго аралашуу абдан маанилүү. Анын ичинен мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн өзгөчө шарттар керек болот. Эл арасында эркин жүрүүгө жана коопсуздугу үчүн ыңгайлуулук жаратуу зарыл. Бул жерде өзгөчө ата-энелерге басым жасагым келет. Анткени алар баласы үчүн керектүү шарттарды түзүп берсе кемчиликтерин сезбей чоңоюшу мүмкүн. Сөзсүз түрдө атайын окуулардан өтүш керек. Инклюзивдүү атайын мектептер, класстар бар. Андан сырткары, кичинекей балдарды эгер ойной албаса да паркка алып барып, жөн гана ал жердеги атмосфера менен тааныштырып, көрсөтүү маанилүү. Ата-эне мүмкүнчүлүгү чектелген бала төрөлгөндө эч качан өзүн күнөөлөбөшү керек. Баланы кандай болсо ошондой шарт-талабы жок кабыл алганда гана саламаттуу бала өсөт. Жасай алган нерселерине көбүрөөк басым жасап, өнүгүүсү үчүн шарт түзүп берүү керек. Ата-энеден алган мээрим абдан маанилүү. Ар бир ата-эне ден соолугу жакшы бала күтөт жана тилеги орундалбай калганда абдан оор абалга тушугат. Психолог катары алардын адиске кайрылып, жардам алуусун сунуштайм. Бул мындай оор учурду жеңилирээк көтөрүүгө көмөк болот", — деди психолог.
Ал эгер мүмкүнчүлүгү чектелген бала кичине кезинен ата-энесинин жана айланасындагы адамдардын мээримине бөлөнүп өссө, жетилгенде адамдардын сын-пикири анча маанилүү болбой кала тургандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0