Маданият министрлиги "фейктер" жөнүндөгү чуулгандуу мыйзамга түзөтүү киргизет

© Sputnik / Жоомарт УраимовМаданият министрлигин имараты. Архив
Маданият министрлигин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2022
Жазылуу
Бийлик азыркы мыйзамдан бир топ кемчиликтерди тапканын, аны аягына чейин тыкыр иштеп чыга турган жерлери бар экендигин айтты.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "фейктер" жөнүндөгү мыйзамга түзөтүү киргизмекчи.
Министрлер кабинети "Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматтын жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун долбоорун талкууга койду.
Маданият министрлигинен документтин бир катар пунктуларында кемчиликтер бар экендигин, мыйзамды аткарууда тоскоолдук жаратарын белгилешти.

Эмне сунуш кылынууда:

Блоктоо чечими кабыл алынгандыгын сайттын же баракчанын ээсине кабарлоо. Учурда аталган министрликтин чечими Санарипти өнүктүрүү министрлигине жөнөтүү менен чектелет.
Интернет-провайдер тууралуу норма киргизилет. Министрлик документте чечимди техникалык жактан кечигүү менен ишке ашырган хостинг-провайдер жөнүндө айтылып жаткандыгын белгиледи. Эми провайдерлерди да милдеттендиришет.
Маанилүү норма — арызданган тарап айтылган нерселердин так эместигин ташка тамга баскандай кылып, даана көрсөткөн маалыматы, материалы болушу керек.
Буга чейин даттанып жазган арызда сайттын аталышы, доогердин сайттын ээсине материалды алып салуу боюнча кайрылып, бирок анысы аткарылбаганын көрсөткөн маалымат же материалдардан турган бир топ документтер керек эле.
Мурдараак Жогорку Кеңештин жети депутаты бул мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча демилге көтөрүп чыккан. Тагыраагы, сайттын ээсине өз позициясын коргоо үчүн укук берүү сунушталган.
Авторлор учурдагы мыйзамда бардык укуктар арыз ээсине берилип калганын айтышкан. Мында маалыматты жарыялаган адам же уюм анын иш-аракетине болгон даттанууну кароого эч бир катышпай, өз укуктарын коргой албай калары белгиленген.

Чуулуу мыйзамдын тарыхы

"Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам 2021-жылдын августунда күчүнө кирген. Анын баштапкы версиясын Гүлшат Асылбаева 2020-жылы 14-майда талкууга алып чыккан. Бирок #ReАкция деп аталган бир нече митингдер жана коомчулуктун сынынан кийин ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков аны кайра иштеп чыгуу үчүн, кол койбой кайтарып берген. Андан кийин өткөн жылдын жай айында парламент кайрадан карап, президент Садыр Жапаров ага кол койгон.
Мыйзамга ылайык, ыйгарым укуктуу орган соттун чечимисиз эле маалыматка болгон жеткиликтүүлүктү чектеп койгонго укугу бар. Мурда мындай кадамдар соттун чечими менен жасалып келген.
Аталган мыйзамдын негизинде жакында эле "Азаттыктын" сайтынын ишин эки айга чектеп коюшту. Андан сырткары 24.kg маалымат агенттигинин сайтынын ишмердүүлүгүн токтотуу аракети да болгон. "Республика" басылмасынын сайты да чектелип турат.
Радио Азаттык студиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Министрлик "Азаттык Медиа" сайтын эки айга жаап, себебин түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0