00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цифровая накладная вместо бумаги: как ЕАЭС меняет правила грузоперевозок
08:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
09:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Аарычылыкты өнүктүрүү билимсиз жана илимий изилдөөлөрсүз мүмкүн эмес». Тармактын жетишкендиктери жана келечеги кандай?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Снести нельзя оставить: по каким правилам в Бишкеке убирают самовольные постройки
12:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?
13:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
15:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Декларация до 1 мая: кому сдавать, что писать и как не нарваться на штраф
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Ушактын таасири: мамилеге дарыбы же коркунучпу?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Ата мурасы — элге кызмат: Жаманбаев тууралуу кызынын баяны
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Фрунзе думал о розе ветров, Бишкек - о прибыли: разговор об агломерации и земле
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
21:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жети депутат фейктер жөнүндө мыйзамды өзгөртүүнү сунуштады. Эмне камтылган?

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин жыйыны. Архив
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2022
Жазылуу
Долбоордо интернет-сайттын жана социалдык баракчанын ээлеринин укуктарын коргоого басым жасалган.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Фейк маалыматтарга даттануу тартибин жөнгө салган "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам долбоорун өзгөртүү сунушталды.
Демилгечилер Жогорку Кеңештин депутаттары: Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев, Чыңгыз Айдарбеков.
Авторлор учурдагы мыйзамда бардык укуктар арыз ээсине берилип калганын айтууда. Мында маалыматты жарыялаган адам же уюм анын иш-аракетине болгон даттанууну кароого эч бир катышпай, өз укуктарын коргой албай калары белгиленген.
"Маалыматты жарыялаган жак кызматтын чечимдерин аткарууга же ага сот тартибинде даттанууга милдеттүү. Мындайда бүтүндөй сайтты бөгөттөө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чечим чыгарары менен жүргүзүлөт. Андан тышкары, мамлекеттик органдын мыйзамсыз чечими үчүн эч кандай жоопкерчилик жок. Ушуга байланыштуу сайтты жоюу тууралуу чечимге даттануунун тартиби, мөөнөттөрү, арыз ээсинин жана сайттын жетекчилигинин укуктары, чечимге даттануу мүмкүнчүлүгү сыяктуу негизги принциптер мыйзамда белгиленүүгө тийиш", — деп жазылат маалыматтык негиздемеде.
Демилгечилер "Интернет тармагындагы сайттын же баракчанын ээсинин аракеттерине даттануунун тартиби" деген өзүнчө берене иштеп чыккан. Ал төмөндөгүдөй:
Анык эмес маалымат таратылса жабыр тарткан тарап интернет сайттын же социалдык баракчанын ээсине ал маалыматты өчүрүү же төгүндөө тууралуу арыз менен кайрылууга укуктуу;
Маалыматты алып салуу жөнүндө арыз жалган экенин негиздеген фактыларды камтууга тийиш;
Интернет-сайттын же социалдык баракчанын ээси арызды үч күндүн ичинде карап чыгууга милдеттүү (учурда 24 сааттын ичинде);
Анык эмес маалыматты өчүрүү жана төгүндөөдөн баш тарткан учурда жабырлануучу министрлер кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу же электрондук түрдө арыз менен кайрылат;
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган анык эмес маалыматты өчүрүүдөн мурун милдеттүү түрдө арыз ээсин жана сайттын же баракчанын ээлерин чакырышы керек. Анын чечими административдик иштер жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн же сот тартибинде каралат;
Сотко даттанылган учурда мамлекеттик органдын чечимин аткаруу токтотулат;
Анык эмес маалыматты өчүрүү тууралуу арызды кароонун тартиби жана арызга тиркелүүсү зарыл болгон документтердин тизмеги министрлер кабинети тарабынан аныкталат.
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2022
Каржы пирамидасын жарнамалаган атактуулар 5 жылга чейин камалат. Мыйзам долбоору
Жаңылыктар түрмөгү
0