НАТОнун Steadfast Noon машыгуулары "чоң казатка" соңку камылгабы? Ой толгоо

© Фото / U.S. Marine Corps / Cpl. Yvonna GuyetteНАТОнун аскер деңиз флотунун машыгуулары. Архив
НАТОнун аскер деңиз флотунун машыгуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2022
Жазылуу
Россиянын чек арасына өзөктүк "кылычын" булгалап жакындоого акылдан тайгандар гана барат. 75 жылдан берки аскерий иш-чаралардын майнапсыздыгы, анан калса уятка калып келгени Пентагон менен НАТОнун стратегдерине сабак болбогон өңдүү...
Түндүк атлантикалык альянс өзүнүн агрессивдүү марафонун дале улантууда. НАТОнун 14 өлкөсүнүн Аскер-аба күчтөрүнүн катышуусунда 17-30-октябрь аралыгында Steadfast Noon өзөктүк машыгуусу өтүүдө. Бул иш-чара, анын көздөгөн ниети туурасында аскерий баяндамачы Александр Хроленко кеп козгогон.
Бельгия Аскер-аба күчтөрүнүн Лимбург провинциясындагы базасы – бул аскерий окуунун борбору. Ал жакта Кошмо Штаттардын B61 термоөзөктүк авиабомбалары сакталат. Иш-чаранын максаты –– түндүк-батыш Европанын, Түндүк деңиздин үстүндө, Бельгия менен Британиянын аба мейкиндигиндеги өзөктүк соккуларды ооздуктоого машыгуу.
Негизги ролду АКШнын 60 даана B-52 бомбалоочу жана F-16 истребители аткарат. Мүнөздөмөлөрү боюнча термоөзөктүк авиабомба жана ракеталарды ташый алары маалым. Ал эми бортуна алардын жүктөлбөгөнүн жар салганы анчейин ынандырарлык эмес, анткени анда өзөктүк окуулардын маңызы эмнеде?
Бельгия, Германия, Италия, Нидерланд жана Түркияда В61-12 тибиндеги америкалык өзөктүк бомбанын 150 – 200 бирдиги дайым сакталып турарын эскерте кетейин. Аталган бомбанын бир даанасы эки Хиросимага тете залал келтирет.
Кошмо Штаттардан B-52H эмне жүктөп келгени белгисиз, бирок Stratofortress тактикалык өзөктүк куралды ташыбастыгы анык. Ар бир "стратегдин" аскер жүгү 31 тоннадан ашат. Арсеналында 2 400 чакырымга чейинки аралыкка ылайыкталган AGM-86 CALCM (термо-өзөктүк) жана 980 чакырымды багындыра турган AGM-158A/B JASSM-ER канаттуу ракеталарынын бир нече модификациясы бар. Тагыраак, машыгуу Россиядан коопсуз (1000 км) эмес, Москва жана РФтин батыш бөлүгүнүн ири калааларына карай дал стратегиялык өзөктүк куралды колдонуу чеги көрсөтүлгөн аралыкта өтүүдө.
Буга чейин Түндүк атлантикалык альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг Steadfast Noon окуулары маанилүү экенин белгилеген. "НАТОнун бекем, күтүлгөндөй аракеттери, аскердик күчүбүз – кырдаалдын ырбап кетишине жол бербөөнүн мыкты ыкмасы" - деген ал.
Украинадагы (ошондой эле Ирак, Афганистан, Сирия, Ливия, Югославиядагы) окуялар НАТО абалды ырбатуунун инструменти экенин, андан башкага жарабастыгын тастыктаган. Steadfast Noon окуулары Россияга, Европага жана дүйнөгө коркунуч туудурары талашсыз.
Вашингтондогу Капитолий имаратынын алдында АКШнын Улуттук гвардиясынын жоокери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2022
Америкалык тарыхчы: АКШ Россия, Кытай жана Иранга бир учурда каршы тура албайт
Европада америкалык союздаштардын "кош багыттагы" учактары ого эле арбын. Алар РФке каршы өзөктүк сокку урууга дайым машыгуудан өтүп турушат. Дал ошол себептен НАТО өлкөлөрү ар убак россиялык өзөктүк үчилтиктик мээлөөсүндө.
Европа өлкөлөрүндө Steadfast Noon окуулары жыл сайын өткөрүлөт. Ага катышкан 14 өлкөнүн аскер-аба күчтөрүнүн пайдаланышынын чоо-жайы ачык айтылбайт, бирок ошентсе да өзөктүк курал колдонуу менен чабуулдук аба операциясынын жалпы ниетин жашырып коюу мүмкүн эмес. Жарытарлык зениттик-ракеталык комплекси жана абадан коргонуу тутумунун интеграцияланган системасынын жоктугу "коргонуп жаткан альянстын" агрессивдүү чабуулдук доктринасын айгинелейт.
Америкалык термоөзөктүк бомбаларды алуу, ташуу, пайдаланууга даярдоо (программалоо) жана учактын атайын бөлүмүнө жүктөө иш жүзүндө жүргүзүлөт. Алар өзөктүк ок-дарысыз учуруларын айтышат. Бирок россиялык радарларга B-52H же F-16 РФтин чек араларына жакын кандай бомбаларды ташып баратканы көрүнбөйт. Мындан тышкары, Steadfast Noon машыгуусунун жүрүшүндө техногендик кырсыктарды, чагылган, өрт, ал тургай НАТОну Россия менен түз согуштук жаңжалга да тартуу үчүн украиналык атайын кызматтардын терактыларын да унуткарбоого тийишпиз.
НАТОнун өзөктүк саясатына ылайык, союздаш өлкөлөр өзгөчө кырдаалда АКШнын Европа аймагында жайгаштырылган В61-12 авиабомбаларын пайдаланышы ыктымал. Анткен менен мында чукул кырдаалдын так критерийлери деле жок. Украинадагы согуштук аракеттерге активдүү тартылганына караганда альянстын айрым өлкөлөрүнүн (Польшанын гана эмес) жетекчилиги жоопкерчиликсиз жана акылга сыйбаган кадамдарга, каалагандай авантюрага даярбы деген ойго келесиң.
Аскердик блоктун ичиндеги тирештер Steadfast Noon аскердик оюндарынын технологиялык коопсуздугунан шек саноону ого бетер күчөтөт. Кырдаалдын капыстан ырбап кетишине да кеңири шарттарды жаратат. Ал ортодо Кошмо Штаттар учу өзөктүк орточо аралыктагы мобилдик ракеталык системаны (атайын европалыктар үчүн) иштеп чыгууда. Эске салсак, АКШ Чакан жана орто аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндөгү келишимден бир тараптуу түрдө чыккан.
Крым көпүрөсүндөгү өрттү тик учак өчүрүүдө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Россияга каршы террордук согушка өтүп жатабы? Ой толгоо
Балтика өлкөлөрүндөгү машыгууларда америкалык бомбалоочулар адатта Калининград облусу жана Санкт-Петербургга өзөктүк сокку урууну өздөштүрүшөт. Москва геосаясий каршылаштарынынын жоруктарына катуу жооп кайтарат. Батыш азыр демин катып, россиялык "Гром" машыгууларын жана РФ Стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн (Аба-космостук күчтөрү, Аскер-деңиз флоту жана Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрү) жооп иретиндеги иш-чараларын күтүп турат.
Норвегиялык Faktisk басылмасындагы маалыматтар боюнча, Россия "Норвегиядан 20 миль аралыкта" Ту-160 жана Ту-95 стратегиялык бомбалоочу-ракета ташуучуларынан 11 бирдикти жайгаштырган. Алар "АКШ жана бүтүндөй Европадагы буталарына өзөктүк курал менен чабуул кое алат". Кола жарым аралында стратегиялык бомбалоочулар узакка турарын жана масштабы да кеңейгени айтылат. Басылма талапкерлер Финляндия менен Швециянын эсебинен НАТОнун Европанын түндүк-батышына карай кеңейишинин түз байланышын элес албаганы кызык.
Мурдараак Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жөнүндөгү келишимдин алкагында Россия менен АКШ алардын саны тууралуу маалыматтар менен алмашкан. Жалпы жонунан алар 5 720дан ашат. Мындай көрсөткүчтөгү курал жер жүзүн жети ирет жексен кылган күндө да артып калчудай.
Ошол эле учурда РФ Тышкы иштер министрлиги АКШдагы өзөктүк кубаттуулуктагы 41 В-52Н оор бомбалоочусу жана суу түбүндөгү кайыктардын 56 Trident-2 баллистикалык ракетасы саналбай калганын белгилеген. Америкалык тарап алар "кайра жабдылганын" жар салган.
Өзөктүк эки үлкөн державанын чыңалган тиреши уланууда. Ал эми Steadfast Noon Үчүнчү дүйнөлүк согуштун соңку репетициясы болуп калбагай эле...
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
АКШнын Patriot ракетадан коргонуу системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун "жабык асманы" Украинага пайда келтире албайт. Аскерий сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0