https://sputnik.kg/20221021/uluttuk-sport-tuuraluu-ehnciklopediya-zhazylat-1069212233.html
Жапар уулу: улуттук спорттун түрлөрү тууралуу көлөмдүү энциклопедия жазылат
Жапар уулу: улуттук спорттун түрлөрү тууралуу көлөмдүү энциклопедия жазылат
Sputnik Кыргызстан
Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчисинин орун басары Орозалы Жапар уулу пандемиянын айынан бул жааттагы өтпөй калган ири мелдештер эми кайрадан... 21.10.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-10-21T15:37+0600
2022-10-21T15:37+0600
2022-10-21T15:37+0600
радио
кыргызстан
спорт
көк бөрү
орозалы жапар уулу
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/15/1069211662_0:111:3067:1836_1920x0_80_0_0_e9da875eb36ec9248058ea3fc0e66f57.jpg
Жапар уулу: улуттук спорттун түрлөрү тууралуу көлөмдүү энциклопедия жазылат
Sputnik Кыргызстан
Жапар уулу: улуттук спорттун түрлөрү тууралуу көлөмдүү энциклопедия жазылат
2023-жылы улуттук спорттун түрлөрү тууралуу көлөмдүү энциклопедия жазылып, тарыхый эмгек окурмандарга тартууланат. Бул тууралуу Орозалы Жапар уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Учурда спорттун улуттук түрлөрү боюнча өлкөдө 11 федерация иштеп, кийинки жылга карата календарлык план бекитилген.Ошондой эле адис быйыл Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын түзүлгөнүнө 10 жыл толуп, бардык көрсөткүчтөргө баа берилип, маараке белгиленерин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/15/1069211662_338:0:3067:2047_1920x0_80_0_0_dc03992dea4365f9166b6126b8e0b95e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, спорт, көк бөрү, орозалы жапар уулу, аудио
кыргызстан, спорт, көк бөрү, орозалы жапар уулу, аудио
Жапар уулу: улуттук спорттун түрлөрү тууралуу көлөмдүү энциклопедия жазылат
Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчисинин орун басары Орозалы Жапар уулу пандемиянын айынан бул жааттагы өтпөй калган ири мелдештер эми кайрадан жанданарын айтты.
2023-жылы улуттук спорттун түрлөрү тууралуу көлөмдүү энциклопедия жазылып, тарыхый эмгек окурмандарга тартууланат. Бул тууралуу Орозалы Жапар уулу
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Учурда спорттун улуттук түрлөрү боюнча өлкөдө 11 федерация иштеп, кийинки жылга карата календарлык план бекитилген.
"Кыргызстанда улуттук спорттун орду абдан маанилүү. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу бизде улуттук спорттун түрлөрүнүн саны абдан эле көп. Албетте, өлкөнүн экономикалык, социалдык абалын эске алганда мамлекеттик колдоо жетишпейт. Буга карабастан аны өнүктүрүүдө, жайылтууда мамлекеттик саясат түзүлүп, иштер жүрүп жатат. Учурда өлкөдө 11 федерация ишмердүүлүк жүргүзүп келет. Быйыл Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын негизделгенине 10 жыл толду. Буга чейин жакшы кадамдар жасалган. Тилекке каршы, пандемияга байланыштуу республикалык ири мелдештер өтпөй калган. Эми "Манас оюндары" спартакиадасы, Улуттук көчмөндөр оюндары сыяктуу иш-чаралар жанданышы зарыл. 2023-жылы улуттук спорттун түрлөрү жөнүндө көлөмдүү энциклопедия жазылып, тарыхый эмгек окурмандарга берилет. Азыр редакциялык коллегия түзүлүп, материалдарды чогултуу, даярдоо иштери башталат", — деди Жапар уулу.
Ошондой эле адис быйыл Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын түзүлгөнүнө 10 жыл толуп, бардык көрсөткүчтөргө баа берилип, маараке белгиленерин кошумчалады.