Кыргызстан эт, буудай, кумшекердин экспортуна коюлган тыюуну алып салды

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүЭт. Архив
Эт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2022
Жазылуу
Министрлер кабинети 17-мартта экспортко алты айлык чектөө киргизген болчу.
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстан айыл чарба азыктарынын айрым түрлөрүн чет өлкөгө сатууга коюлган тыюуну алып салды. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрлер кабинети үстүбүздөгү жылдын 17-мартында токтом чыгарып, алты айлык чектөө киргизген болчу. Ал документ 24-сентябрда күчүн жоготту.
Натыйжада төмөнкү продукцияларды экспорттоого жол ачылды:
Буудай жана меслин;
Буудай уну;
Өсүмдүк майы;
Күн карама уругу;
Кумшекер;
Инкубациялоо үчүн уруктандырылган жумурткалар;
Тоок жумурткасы;
Малдын эти;
Тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин тоюту);
Арпа;
Сулу.
Жашылча жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2022
Кыргызстан жарым жылда 279 миң тонна айыл чарба азыктарын экспорттоду
Жаңылыктар түрмөгү
0