Батыш Салиеванын кызы: апам жанды сабап иштөө керек деген принцип менен жашады
16:45 25.09.2022 (Жаңыртылды: 17:24 06.11.2022)
© Фото / из семейного архива СалиевыхЗалкар инсан, мамлекеттик ишмер Батыш Салиева үйбүлөсү менен
© Фото / из семейного архива Салиевых
Жазылуу
Батыш Салиева 31 жашында Кыргыз ССРинин социалдык камсыздоо министри болуп дайындалган. Анын 25 жыл министр, 7 жыл республикалык профсоюздар кеңешинин төрайымы болуп тургандагы жасаган эмгегин азыркылардын көбү биле бербейт.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына залкар инсан, мамлекеттик ишмер Батыш Салиеванын кызы Роза Салиева менен маектешүү мүмкүнчүлүгү жаралды. Ал энесинин өмүр баянынан айрым фактыларды айтып берди.
— Таенеңиз Анастасия Калугина орус кызы экен. Кыргыз жигитке кандайча турмушка чыгып калыптыр?
— Таенем Россиянын Тамбов губерниясынан болчу. Чоң атасы азыркы Каракол шаарына орус-кытай чек арасын кайтарууга жөнөтүлөт. Ошол учурда орус аскерлер кызмат өтөгөн жерине үй-бүлөсү менен көчүп барышчу. Биздин үй-бүлө Тамбовдон Караколго арабага түшүп келген деп таенем көп эскерчү. Айтымында, алар бара-бара кыргыз тилин үйрөнүп, жергиликтүүлөр менен камыр-жумур болуп, Россияга кетпей Караколдо кала беришиптир. Чоң таятам Дмитрий Караколдо тери иштеткен кичинекей ишкана ачып, кийин үй-бүлөсү менен Түп айылына көчүп кетет. Ишканага керектүү терини коңшу Талды-Суу айылынан Арбото уулу Салы деген жигит жеткирип турган. Ошентип таятам менен таенем бири-бирин жактырып калышат. Күйөө баласынын чынчыл, эмгекчил экенин байкаган чоң таятам да жаштарга батасын берип, тойго макул болгон. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу орус улутундагы кыз кыргыз жигитке күйөөгө чыкканы катталган. Экөө тең динин алмаштырган эмес. Алар расмий түрдө чиркөөдө никеге турушуп, Талды-Сууда жашап калышат. Бирок таятам Салынын өмүрү кыска болуп, ал рактан каза болуп калып, таенем жалгыз төрт баланы өстүрөт. Ага төркүнү абдан каралашчу экен. Таенем 75 жашында да абышкасын эскерип, аны абдан жакшы көргөнүн айтчу. Мен анда 16 жаштамын, ага таң калып карап койчу элем.
© Фото / из семейного архива СалиевыхБатыш Салиеванын апасы Анастасия орус кызы эле
Батыш Салиеванын апасы Анастасия орус кызы эле
© Фото / из семейного архива Салиевых
— Апаңыздын туулгандагы ысымы Надежда экен. Эмне үчүн кийин Батыш деп атап коюшкан?
— Ооба, Надежда эле. Кыргызча ысымы Батыш болчу. Кийин кыргызча ысымы менен документ алган. Эмнеге өзгөртүлгөнүн так билбейм.
— Атаңыз да абдан билимдүү киши болгону менен карьерасын улантып, партиялык кызматта иштеген эмес экен?
— Атам Муратбек Шергазиев Түп районунун Арал кыштагынын кулуну болчу. 18 жашында Фрунзедеги мугалимдер институтун бүтүрүп, Талды-Суу орто мектебинин директору болуп дайындалат. Ошол учурда апам менен таанышат. Энем да бул мектепте пионер отрядынын башчысы экен. Экөө баш кошот. 1938-жылы атам Өзгөнгө мектеп жетекчилигине которулат. Апам анын аркасынан кетет. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталганда атабыз да Кызыл армиянын катарына чакырылган. Батыш Салиевна кайра Ысык-Көлгө кайтып келип комсомол менен партиялык ишке өтөт. Ал эми атам ага сержант наамында миномёт расчётунун командири катары фронтто салгылашып, Кенисберг шаарына (азыркы Калининград) чейин жеткен. Андан кийин Кытай менен Кореяны япон баскынчылардан сүрүп чыгарууга салымын кошкон. Кан майданда көрсөткөн эрдиги үчүн Кызыл Жылдыз ордени, эки ирет "Эрдик үчүн" жана "Кенисбергди алганы үчүн" медалдары менен сыйланган. Атам согуштан жарадар болуп, 1950-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине өтүп, аны ийгиликтүү аяктаган. Кызыгы, апам кыргыздардын арасында өскөндүктөн орус тилинде ката кетирип жазчу. Докладдарындагы каталарды атам оңдочу. Кийин атамдын жардамы менен орусча жакшы жазганды үйрөндү.
© Фото / из семейного архива СалиевыхБатыш Салиева 31 жашында социалдык жактан камсыздоо министри болуп дайындалып, бул кызматты чейрек кылым аркалаган
Батыш Салиева 31 жашында социалдык жактан камсыздоо министри болуп дайындалып, бул кызматты чейрек кылым аркалаган
© Фото / из семейного архива Салиевых
— Батыш Салиевнанын карьерасынын өсүшүнө Исхак Раззаков түрткү болгонун билебиз. Катуу ишеним көрсөтчү экен.
— 1944-жылы апам Талды-Суу райкомунда кыз-келиндер менен иштөө боюнча бөлүмдүн жетекчиси болуп иштейт. Калктын көйгөйүн чечип жүрүп эл менен тил табышканды өздөштүрөт. Жетекчилик аны Фрунзедеги партиялык мектепке эки жылдык окууга жиберет. 1952-жылы апам Москвадагы СССРдин партиялык уюмдары боюнча бөлүмдүн инструктору болуп дайындалып, комсомолдук, партиялык жана профсоюздук уюмдарды көзөмөлдөйт. Кадр саясатын көзөмөлдөгөндүктөн бөлүм абдан маанилүү болчу. Ал эми улуттук кадрларды даярдоого умтулган Исхак Раззаков апамдын шыгын байкап зээндүүлүгүн, эл менен бат тил табышканын жактырган. Апамды Москвадагы СССРдин Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин жогорку мектебине жиберүүгө сунуштаган да Раззаков болгон. Энем кыргыздардан эң биринчи болуп бул мектепке өтүп, беш жыл сырттан окуган. Ошол убакта атам "Известия" басылмасында иштеген. Согуштан кийин карьера курууну каалаган эмес өңдөнөт.
© Фото / из семейного архива СалиевыхБатыш Салиеваны Кыргыз Республикасынын профсоюз катчылыгына дайындоо буйругу
Батыш Салиеваны Кыргыз Республикасынын профсоюз катчылыгына дайындоо буйругу
© Фото / из семейного архива Салиевых
— Батыш Салиевна 31 жашында социалдык жактан камсыздоо министри болуп дайындалганы өзү үчүн күтүүсүз болуптур. Ушул окуянын таржымалын айтып берсеңиз?
— 1953-жылы апрелде биз Москвадан Фрунзеге кайттык. Апам республиканын социалдык жактан камсыздоо министринин орун басары болот. Ошол учурда Ата Мекендик согуштан кийин эл психологиялык жактан катуу жабыркаган . Анын үстүнө фронттон кайткандар да тайманбастан талаптарын койгон. Мурдагы министр иштей албай өз арызы менен иштен бошонуп, Раззаков бул кызматка 31 жаштагы апамды дайындайт. Бул чөйрөдө апам чейрек кылым иштеди.
Ал эми атам Кыргыз ССРинин МККсында (КГБ) кыргыз тилинде араб арибинде жазылган документтерди которчу. Андан тышкары, сталиндик репрессиянын курмандыктарын актоого катышкан. Кыргызстанга депортация болгон чечен менен ингуштардын ортосундагы жаңжалды жөнгө салган учуру эсимде. Ошол жаңжалда жараат алган чечен аксакал бир ай үйүбүздө жашаган. Андан кийин атам кесиптик билим берүү тармагында адистиги боюнча иштеди. Энемдин да репрессияга кабылгандардын үй-бүлөсүнө жардам берген учурлары болгон.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРЯпон профсоюз ишмерлери Кыргызстанга келген учуру (2-катарда оң жактан биринчи Батыш Салиева). Фрунзе. 1970-жыл
Япон профсоюз ишмерлери Кыргызстанга келген учуру (2-катарда оң жактан биринчи Батыш Салиева). Фрунзе. 1970-жыл
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
— Апаңыз Борбордук Азияда биринчи жолу Кыргызстанда ортопедиялык жана протездик завод ачкан экен. Муну кантип ишке ашырган?
— 1943-жылы Россиядан ортопедиялык протез жасаган чакан ишкана Фрунзеге көчүрүлгөн. Ошол эле жылы өлкөнүн Коргоо комитети тарабынан биринчи жолу Орто Азия боюнча ортопедиялык-протездик ишкана тууралуу токтом чыгып, ал Фрунзеде ачылат. Азыркы Шопоков көчөсүнүн аягында болчу. Апам өнөркананын муктаждыктарын көрүп, ушул багыттагы завод ачуу тууралуу Москвага кат жазат. Ошол каттын негизинде Кыргызстанда протездик завод негизделип, Москвадан бардык заманбап шаймандар келе баштайт, жумушчулардын айлыгы да абдан өскөн.
© Фото / из семейного архива СалиевыхСоветтер Союзундагы биринчи онкологиялык борбор да Батыш Салиеванын демилгеси менен курулган
Советтер Союзундагы биринчи онкологиялык борбор да Батыш Салиеванын демилгеси менен курулган
© Фото / из семейного архива Салиевых
— Советтер Союзундагы биринчи онкологиялык борбор да Батыш Салиеванын демилгеси менен курулганы айтылат.
— Апам СССРдин Жогорку Кеңешинин депутаты болуп турганда Борбордук Азияда улуттар аралык социалдык камсыздоо жана саламаттык сактоо комиссиясынын төрайымы болгон. Ал эми онкологиялык ооруларды изилдеген илимий институттун директору, академик Николай Блохин социалдык камсыздоо союзунун төрагасынын орун басары эле. Согуш учурунда атамдын ичине тийген октун кесепети аны рак илдетине чалдыктырат. Москвадагы онкологиялык ооруканага алып барсак, дарыгерлер "кеч болуп калыптыр" дешкен. Ошондон кийин энем Блохин менен жакын таанышат.
Бир ирет Николай Николаевич апама кайрылып: "Онкологиялык оорулар кескин көбөйүп кетти. Буга Семипалатинск менен Капустин Ярдагы өзөктүк сыноолор, урандын казылышы себеп. Менин институтума бүт өлкөдөн бейтаптар келип, баарын дарылоого мүмкүн болбой калды. Экөөбүз ушул институтту онкологиялык борборго айлантууга жана ага башка имараттарды куруу жана каржылоо маселесин көбөйтүү тууралуу жетекчиликке кайрылалы", - деп өтүнөт. Ошондон кийин энем экөө СССРдеги бүт керектүү кызматтык мекемелердин баарына кат жолдоп, апам маселени кыска убакытта чечет. Онкологиялык борбор салына баштаганда Блохин ага жолугуп "Батыш Салиевна, ушундай назик аял жигиттер жасай албаган ишти жасаарын такыр ойлобоптурмун" деп таң калып айткан экен. Тилекке каршы, атам 1971-жылы узак оорудан каза болду.
© Фото / из семейного архива СалиевыхБатыш Салиеванын кызы Роза Салиева: Энем дайыма жаныңды сабап иштеш керек деген принципти карманчу
Батыш Салиеванын кызы Роза Салиева: Энем дайыма жаныңды сабап иштеш керек деген принципти карманчу
© Фото / из семейного архива Салиевых
— Батыш Салиева пансионаттарды кандайча курдурган?
— Буга чейин Ысык-Көл районунда Кыргыз ССРинин жетекчилигине гана тийиштүү пансионат болгон. Апам өкмөткө кирип "Фрунзеде бир нече ири завод бар, бирок жумушчулары үчүн эс алуучу пансионат жок. Келгиле, "Көгүлтүр Ысык-Көл" аттуу санаторий салалы" деген сунуш берет. Бирок жетекчилик анын сунушуна макул болбой коёт. Апам Москвага барып бул маселе боюнча профсоюздардын бүткүл союздук борбордук кеңешинин катчысы Виктор Гришин менен акылдашат. Андан кийин ССРдин өкмөт башчысы Алексей Косыгин менен жолугат. Косыгин энемдин сунушун жактырып, СССРдин министрлер советинин мамлекеттик план боюнча комитетинин башчысы Василий Гарбузов жана финансы министри Николай Байбаковго тапшырма берет. Натыйжада бул ведомостволор жогорудагы эс алуу жайларды курууну каржылайт.
Ошентип апам "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийин, "Ала-Тоо" пансионатын салдырат. Бирок комиссия аларды эксплуатацияга берүүгө тыюу салат. "Ысык-Көл" санаторийинин техникалык-экономикалык долбоорун чийгендер санаторий көлгө жакын салынарын эске албай, ичине тазалоочу жай курууну ойлонушкан эмес. Энем ушул көйгөй боюнча СССРдин коргоо министри, маршал Андрей Гречкого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылат. Ал курулуш боюнча бир топ кесипкөй генералдарын жиберип, имарат толук кандуу шартка жооп бергидей салынат. Андан кийин апам "Жыргалаң" курортун салдырды.
Энем дайыма жаныңды сабап иштеш керек деген принципти карманчу. Апам менен Кыргызстандын социалдык камсыздоо жана миграция боюнча министри Кудайберген Базарбаев абдан көп кеңешчү. Быйыл апамдын 100 жылдыгын белгилөө анын жеке демилгеси менен ишке ашты. Үй-бүлөбүз менен ага терең ыраазычылык билдиребиз.