00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Женщина, меняющая мир»: Галина Кетова о вдохновляющих историях силы и ответственности
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Назарова: Россия өлкө мектептеринин ысык тамак программасына жардам берүүдө

© Sputnik / Гульнур ЧолпонбаеваКыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасы иштеп чыккан "Мектептеги тамак-ашты оптималдаштыруу" программасынын адиси Мира Назарова
Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасы иштеп чыккан Мектептеги тамак-ашты оптималдаштыруу программасынын адиси Мира Назарова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2022
Жазылуу
Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасы иштеп чыккан "Мектептеги тамак-ашты оптималдаштыруу" программасынын адиси Мира Назарова Кыргызстандын мектептеринде ысык тамак уюштуруу маселеси боюнча тажрыйба алмашуу иш-чарасы биринчи ирет өтүп жатканын айтты.
19-сентябрдан 23-сентябрга чейин Ош облусунун эки мектебинде БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Россиянын тармактык тамактануу институту (SIFI) менен биргеликте мектепте ысык тамак уюштуруу маселелери боюнча "Мектептерди өз ара окутуу" кампаниясы өтүүдө. Бул тууралуу Мира Назарова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Назарова: Россия өлкө мектептеринин ысык тамак программасына жардам берүүдө
Анын айтымында, тажрыйба алмашуу өнөктүгү Кыргызстандын жети облусунун мектептеринде өтөт.
"Россия Федерациясынын каржылоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу жана Россиянын тармактык тамактануу институтунун техникалык жардамы менен ишке ашырылып жаткан мектеп тамагын оптималдаштыруу программасынын артынан 850 мектеп ысык тамакка өттү. Алардын көпчүлүгү башка мектептерди ысык тамакка өткөрүүгө жана туура уюштурууга түрткү берип, үлгү болууда. Тажрыйба алмашуу иш сапары өсүп келе жаткан башталгыч класстын окуучуларына сапаттуу ысык тамак уюштурууга жардам берет. Кампаниянын алкагында мектептер ысык тамакка өтүү маселелеринде мыкты, натыйжалуу уюштуруу жана башкаруу тажрыйбалары менен алмашат. Иш сапар Араван районундагы Сайдахматова атындагы орто мектептен башталды. Бул мектепте ар бир облустун делегациялары: мектеп директорлору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ата-энелер комитетинин же мектептердин камкорчулук кеңешинин өкүлдөрү, ошондой эле райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн мектеп тамагы боюнча адистери ысык тамак уюштуруу тажрыйбасы менен таанышып, күнөскананы жана мектептин ашканасын көрүштү. Ошондой эле мектеп тамагы үчүн жашылча-жемиш өстүрүү жана кошумча киреше алуу үчүн мектеп алдындагы участогун пайдалануу жаатында агротренингге катышышты. Ал эми Кара-Суу районундагы Парпиев атындагы окуу жайдын ысык тамакка өтүү жана мектеп алдындагы күнөскананы пайдалануу тажрыйбасы менен таанышуудан тышкары, катышуучулар өз мектептеринде тамак-аштын сапатын жакшыртуу үчүн эксперттердин жетекчилиги менен ар түрдүү жана пайдалуу меню түзүштү", — деди Назарова.
Ал тажрыйба алмашуу иш сапарынын жыйынтыгында ар бир мектеп Ош облусундагы ийгиликтүү тажрыйбаны үйрөнүп, алган маалыматтарына ылайык мектеп тамагын жакшыртуу боюнча өз иш планын түзөрүн жана келечекте мектептерге иштелип чыккан долбоорлорду ишке ашырууда консультациялык колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0