Бикулов: чакан жана орто бизнеске инвестиция тартууга маани берилүүдө
Жазылуу
Президентке караштуу Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин уюштуруу жана протокол бөлүмүнүн башчысы Дамирбек Бикулов чакан жана орто бизнес туруктуу экономиканын негизин түзөрүн айтты.
Кыргыз өкмөтү тарабынан чакан жана орто бизнеске инвестиция тартууда жардам көрсөтүлүп, бардык шарттар түзүлүүдө. Бул тууралуу Дамирбек Бикулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Бикулов: чакан жана орто бизнеске инвестиция тартууга маани берилүүдө
Анын айтымында, ишкерлик бизнести жүргүзүү жана инвесторлорду тейлөө санариптик формага өтүп жатат.
"Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү инвестициялык абалды жакшыртуу, ишкерлерге жеңилдетилген эрежелерди кароо, инвестицияны коргоо, сот процесстерин айкын кылуу боюнча бир катар чечимдерди кабыл алып, жарлыктарды чыгарды. Быйыл Кыргызстанга чет өлкөдөн түшкөн инвестициянын агымы эки эсе көбөйдү. Инвестициялардын негизги көлөмү өндүрүш ишканаларына, пайдалуу кендерди казууга, финансылык ортомчулукка, камсыздандыруу чөйрөсүнө, дүң жана чекене соодага, ошондой эле маалымат, байланыштарга багытталган. Бирок чакан жана орто бизнес туруктуу экономиканын негизин түзөт. Бул багытта өкмөт тарабынан инвестиция тартууда жардам көрсөтүлүп, бардык шарттар түзүлүүдө. Мисалы, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду, Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду түзүлүп, учурда алар да чакан бизнести колдоо боюнча программаларын сунуштап, иштеп жатат", — деди Бикулов.
Ошондой эле адис Инвестиция боюнча улуттук агенттиги аймактардагы ишкерлер менен тыгыз иштешип, кеңеш берүү кызматтарын да аткарып жатканын кошумчалады.