Кыргызстандык жаш аткаруучу "Детская новая волна" сынагынын финалына чыкты
© Фото / пресс-служба Русского дома в БишкекеКыргызстандык жаш аткаруучу Сафина Самиева
© Фото / пресс-служба Русского дома в Бишкеке
Жазылуу
Жаш аткаруучулардын эл аралык сынагынын финалы Сочи шаарында өтөт.
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызстандык жаш аткаруучу Сафина Самиева Москва шаарында "Детская новая волна" деп аталган жаш аткаруучулардын сынагында финалга чыкты. Бул тууралуу Бишкектеги "Русский дом" билдирди.
© Фото / пресс-служба Русского дома в Бишкеке
Кыргызстандык жаш аткаруучу Сафина Самиева Москва шаарында "Детская новая волна" деп аталган жаш аткаруучулардын сынагында финалга чыкты
1/2

Жарым финал Игорь Крутойдун популярдуу ырлар академиясында өткөн.
2/2

Калыстар тобунун курамына Россиянын эл артисти, композитор, продюсер Игорь Крутой, Академиянын башкы директору Стелла Хачанянц, сынактын режиссёру Александр Ревзин, сынактын музыкалык продюсери Анастасия Мухина, Академия педагогу, "Новая волна 2016" сынагынын жеңүүчүсү Константин Работов кирген.
Тандоо туруна 9 өлкөдөн 12 аткаруучу катышкан. Алардын ичинде кыргызстандык жаш аткаруучу Сафина Самиева да бар.
Сафина Самиева — Кара-Балта шаарында музыкалык мектептин окуучусу, Маданияттын эмгек сиңирген ишмери Тамара Рублинскаянын тарбиялануучусу. Жаш вокалист 2021-жылы өткөн "Среднеазиатская Романсиада" деп аталган орус романстарынын эл аралык конкурсунун 1-сыйлыгынын "Надежда Романсиады" номинациясынын лауреаты. 2021-жылдагы балдардын музыкалык фестивалынын жеңүүчүсү.
"Детская Новая волна" сынагынын финалга чыккан катышуучуларынын таймашы Сочи шаарында сентябрдын аягында өтмөкчү.