11-сентябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Павел БедняковЖамгырдуу аба ырайы. Архивдик сүрөт
Жамгырдуу аба ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2022
Жазылуу
Кыргызстанда эртең эң жогорку температура 30 градуска жетери айтылды.
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Жекшембиде күндүз өрөөндөрдө жамгыр жаашы ыктымал. Абанын температурасы бийик тоолордо түнкүсүн 0... 5 градуска чейин түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
"11-12-сентябрда республика боюнча аба ырайы кескин өзгөрөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр, бийик тоолуу райондорго кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу ыктымал", — деди адис.
Күндүн табы Чүйдө +22...+27, Талас аймагында +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30, Ысык-Көл өрөөнүндө +19...+24, Нарын жергесинде +20...+25 градус болору айтылды.
Синоптиктер абанын температурасы борбор калаада +25...+27, Ош шаарында +28...+30 градуска чыгарын билдиришти.
Тумоологон аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2022
Адис сасык тумоо маалында сактап калчу табигый антибиотиктерди атады
Жаңылыктар түрмөгү
0